ЮРИЙ ШАТУНОВДУ КИМ, КАНТИП АЛДАГАН?

Шылуун заман

Өткөн жылы “Юрий Шатунов Бишкекте концерт берет” деген каңшаар угулган. Айрымдар бул сөзгө ишенсе, айрымдар ишенбей, Шатуновдун келген-келбегени билинбеген боюнча бүдөмүк калган. Бизге Динара аттуу эже келип, бул окуяга байланыштуу кандай укмуштар болгонун баяндап берди. Кызыгы да, кейиштүүсү да бар.

– Эже, окуя кандай башталып, кандай өнүккөнүн айтып берсеңиз...
– Өзүм Спорт Сарайында билет сатам. Чынында, бул окуяга түздөн-түз катыштыгым жок. Ошентсе да түшүнүктүү кылып айтып бергенге аракет кылайын.
Билишимче, Назгүл Кемелова, Бактыгүл, Аида деген кыздар акча табуу үчүн Юрий Шатуновду Кыргызстанга алып келмей болушат. Демилгечи Назгүл Москвага барат. Ар бир ырчынын бош убактысы, талап кылар акчасы, кайсы өлкөгө гастролго бара турганы белгилүү боло турган атайын уюм бар да. Менимче, ошолор менен келишим түзүшкөн. Бирок бул жакка келгенде кыздардын арасында чыр чыгып, уюштуруу жагы начарлайт. Назгүл тиги эки кыздан жарнамага деп акча алып, жоготуп коёт. Натыйжада концертке жарнама берилбей эле калат. Ал эми Назгүлдүн “беш өрдөгү” гезиттерге жарыяланып турат. “Мен Шатунов менен дуэт жаздырдым” деген калпка ким ишенмек эле? Өзүңөр деле күбө болсоңор керек. Назгүл менен Шатуновдун сүрөттөрү шаарда илинип турбадыбы. Бул деле элге ишенбөөчүлүк туудурду окшойт. Эгер орус тилдүү калкка Шатуновдун келери белгилүү болсо, билеттерди тытып кетишмек. Ошолорго маалымат жетпей калат. Ошентип, Назгүлгө ишенип жүрө берген тигил кыздар концертке бир күн калганда жан талаша башташат.
– Шатунов ал ортодо Бишкекке келүүгө даярданып алат...
– Ооба да. Концертке бир күн калганда баягы акча берип чакырткан Бактыгүл буту күйгөн тооктой чуркай баштайт. Уюштурайын десе, эч нерсени билбейт. Айласы кеткенде “Экспресс сервиз” деп аталган фирманын башчысы Батмага “ушундай ит болуп жатабыз, жардам бериңиз” деп барат. Батма болсо мага келип “кандай кылабыз?” деп калды. Баш-аягыбызды жыйганча, аэропортко Шатуновдор келип калышканын уктук. Же аларды тоскон киши же Спорт Ордосунда эл жок. Аппаратурадан да дайын жок. Сахнанын артында “келе, акчамды!” деп эле Назгүлдү кууп жүргөн кишилер. Ал жерден Аида деген немеси Назгүлдү милицияга салып бере коюптур. Алар сурак алып жүрүшөт. Айтор, хаос болуп кетти. Мындайды көрбөгөн Шатунов менен менеджери Аркадий ооздорун ачып эле калышты. “Ушунча жерден эл экен деп келип отурса, бир аферисттин айынан кыргыз жаманатты болобу? Эми мынча болду, эптеп өткөрөлү” деп тияктан, бияктан киши чогулта баштадык. Алтургай желдеттерди да алып келдик. “Эми болуптур, ырдап берейин” деп Шатунов деле макул болду. Анан “аппаратуранын акчасы төлөнгөн эмес” дешип, биздин музыканттар тырышат десең. Акыры Шатунов бир жарым саат ырдап берди.
– Анан алданган ырчыны кантип узаттыңыздар?
– Ал жагы андан да кызык. Алар токтогон “Урмат ордо” мейманканасында алардын номери, тамактарына да акча төлөнбөгөн экен. «Деги кеткенге билетибиз барбы?» деп сурашса, ого бетер уялдык.
Кассадан 17 гана билет сатылган экен. Эптеп тигил жактан, бул жактан топтоп жатып миң доллар кылып, Шатуновдун чөнтөгүнө салдык. «Биздин элибиз тууралуу жаман ойдо кайтпагыла. Бир аферисттин айынан эле ушундай иш болуп кетти. Кийин жакшылап кайра чакыралы, келесиңби, Юра?» десек, айласыз “макул” деп жатпайбы. Ошентип узаттык. Арадан бир жыл өткөн соң бул окуяны айтпай эле койсом болмок. Бирок сыйлуу ырчыны алдап, жалпы кыргызды жаманатты кылган адамдардын кылыгы башкаларга да сабак болсун дедим.
– А баарын алдап кеткен Назгүлдөн азыр кабар барбы?
– Угушума караганда, камалбай эле милициядан чыгыптыр.
– Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Tendik
2010-11-05 18:26:08
жапайылык!!
0
Akjol
2010-11-05 19:14:21
Ушинтип Кыргызды жаман корсотуп атасынарда оферисттер.Юра Шатунов эми келбей калды го,тонна акча берем десенер да.
0
Akjol
2010-11-05 19:14:55
Ушинтип Кыргызды жаман корсотуп атасынарда оферисттер.Юра Шатунов эми келбей калды го,тонна акча берем десенер да.
0
Адам
2010-11-05 20:43:41
Уят, уят. Ий бетим! Бүт кыргызга кара болгон го
0
Barika
2010-11-06 00:28:19
охо! кыргызым жакшы нерсе кылган турбайбы, Орусиянын ырчысы Юра Шатунов аа,,,негизи бул жазылган нерсе чынбы калпбы?
0
happykyz
2010-11-06 01:00:09
tobooooo, kyrgyzdar kaida baratabyz degi? biz uwundai kalk belek ya????????????
0
Alaika
2010-11-06 01:57:36
Бир кумалак бир карын майды чиритет болгон турбайбы...
0
milli
2010-11-06 19:53:56
tuy ata jaman ele boluptur, Shatunovgo este kalaarlyk okuya...
0
zarya
2010-11-07 01:14:50
koshmar,okuup jatgip jaman kaigirip aliptirmin. birok shatunovdu chakirgan son dayrdanish kerek da.
0
aminali
2010-11-08 02:11:39
Orustar ele bilet ekenbi basmarlagandi,kan4a kirgizdi sizga oturguzup jatiwat, bir jolu uwintip koiso e4 nerse dele bolboit,ken peiil bolup jatip ozbekterden 4oon RAXMAT uktukpu.
0
Shurik
2010-11-09 13:45:38
Азаматсыңар өзүбүздүн элди алдаган аздык кылыптыр силерге.
0
lider-kg
2010-11-12 06:03:53
Назгул Назгул шатуновту алдаса охооо там бердим
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан