ЖЫЛДЫН СУПЕР КОНЦЕРТИ 29-30-НОЯБРДА, СПОРТ ОРДОСУНДА!

«СУПЕРдин» тандоосу-2010

Урматтуу окурман, “Супер-Инфо” ийгилигин да, жакшы кабарын да, жакшы иш-чараларын да дайыма сиздер менен бөлүшүп келет. Эми деле ошол адатыбызды таштабай, сизди 29-30-ноябрда Спорт Ордосуна, жылдын суперлерин жана “Супер сулуу-2010” сынагынын жеңүүчүсүн бирге аныктоого чакырабыз!

Концертке келген конокторду абдан жагымдуу сюрприздер күтөт. Алсак, 2009-жылдын супер ырчы мырзасы менен айымы – Мирбек Атабеков жана Кенже Дүйшееванын дуэтине күбө болосуздар. Жок, ырдап эле эмес, сүйлөп да дуэт аткарышат. Ачыгын айтканда, концерттин эки тизгин бир чылбыры булардын колунда болмокчу. Кенже эжекебиздин абройлуу концерттерди алып барып жүргөнүнө күбө болгонбуз. Ал эми Мирбек үчүн бул кесип жаңылык. “Концерт учурунда көңүлүм башка ишке алагды болбосун” деп өтүнгөнүнөн, Мирбекти талапкерлердин катарынан алдык. Бул жигиттин ырын күткөндөр чочулабай эле коюшса болот. Анткени Мирбек бизди ыры менен да кубантат.
Алып баруучулардын тобу жогоруда саналган экөө менен гана чектелбейт. Бул күнү сиз сахнада “Супер сулуу-2010” сынагынын жеңүүчүлөрү –Жамиля менен Бегайымды супер алып баруучу Эрмек Нурбаев, супер ди-джей Чыңгыз Мырзаев же курсак бийин катыра аткарчу сексуалдуу Бакыт Байсариев менен бирге көрөсүз. Чыныгы сюрприздер дагы алдыда. Алар менен келерки санда тааныштырабыз.


“ЖЫЛДЫН АДАМЫ” ДЕП АТАЛУУГА КИМ ТАТЫКТУУ?

Кечээ эле эски жылды узатып, жакшы үмүт-тилек менен жаңы жылды тосконбуз. Көп өтпөй баш калаабызды сур булут менен кошо ок-дарынын түтүнү каптап, өзүмчүл бийликке каршы көтөрүлгөн ондогон азаматтар өмүр менен кош айтышты. Көз жаштар кургай электе өлкөбүздүн башына дагы оор сыноо түшүп, түштүктө кандуу окуялар башталды. Андан соң шайлоо, митинг... Ошентип отуруп көк шибер жаз эмес, аптаптуу жайдын, күрдөлдүү күздүн кандай өтүп кеткенин да байкабай калдык. Оңдуу ойлонгонго чаманы келтирбей өтүп бараткан жылда кимдер эмне кылышты, кимдер өзгөчө эсте калышты? «Супердин» тандоосундагы каармандар кандайча тандалып алынды? Бүгүн биз наамдардын арасынан “Жылдын адамы” тууралуу кеп кылабыз. “Жылдын адамы” деп аталууга татыктуулар бул жылы аз эмес.

Курсан Асанов – Оштогу кандуу окуяларда өкмөттөн үмүтүн үзө үрөйү учкан шаардын тургундарына дем-күч берип, ынтымакка чакырган саналуу гана адамдар болду. Алардын сап башында окту, отту аралай өз милдетин аткарып, тартип орнотууга жан үрөгөн Ош шаарынын ошол кездеги коменданты Курсан Асанов жүрдү. Анын “Жылдын адамы” деп аталууга толук акысы бар.

Алиясбек Алымкулов – Апрель окуялары тууралуу кеп кылганда, көз алдыга азыр Жаштар министрлигин жетектеп турган ушул мырза тартылат. Кыргыздын карапайым жигити 7-апрелде баш-көзсүз бийликке каршы көтөрүлүп чыккан топту баштагандардын бири болду. Ал аз келгенсип, Ак үйдүн төбөсүндө туруп элге ок аткан мергендердин огунан жаракат алып, өмүрү кыл учунан кайтты.

Камчыбек Ташиев – Көмүскөдө “бригадачы” атагы, желкесинде ЖК депутаты, ӨКМнын жетекчиси тажрыйбасы бар бул мырзанын жылдызы акыркы айларда өзгөчө жанды. Досу Келдибек Акматбеков менен түзгөн “Ата Журтун” парламенттин төрүнө сүйрөп чыгып, көпчүлүктүн оозун Ошту каратты. Эми чекисттердин чоңу менен кырчылдашууда. Айтор, Камчыбек мырзага бали дебеске арга жок.

Атай Өмүрзаков – Бул жигит тууралуу көп сөз айтуунун деле кажети жок. Орусиянын 1-каналынын “Минута славы” телесынагында жараткан ийгилиги Атайга эле эмес, Кыргызстанга да жакшы аброй алып келди. Бул жылы Бүткүл дүйнөлүк бий Олимпиадасында “Европа чемпиону” наамына татыды. Учурда бийге шыктуу кыргыздын жаштары Атайдын роботчо баскан кыймылдарын үйрөнүү аракетинде.

Бахадыр Кочкаров – Мундиалда Кыргызстандын командасы чемпиондук үчүн качан ат салышарын бир Кудай билет. Бул жагынан алганда калыстар футболчулардан бир топ алдыда. Алсак, быйыл Түштүк Африкада өткөн мундиалга Кыргызстандын атынан эл аралык категориядагы калыс Бахадыр Кочкаров чакырылды. Аргентина, Англия, Голландия өңдүү футболдун “падышаларынын” оюндарына калыстык кылды. Демек, “Жылдын адамы” аталууга бул мырзанын да толук укугу бар.

Акылбек Сариев – БШКнын өгүз өлтүрөр жүгүн моюнга алып, тирешкен партиялардын таймашында башкы калыс катары казатка аттанган бул адамды элес албай коюу мүмкүн эмес. Азыр жеңилүү ызасын тарткандар, парламенттен көп орунга ээ боло албай калгандар аны сөгүп, каарып жатышкан чагы. Ошентсе да анын мүмкүн болушунча калыс, көз карандысыз иштөөгө болгон аракети бааланбай койбойт.

Болот Шер – Мурун Болот Шерниязов болсо, төңкөрүштөн соң Болот Шер деп атын өзгөрттү. Эгер Таласта 6-апрель күнү бул мырзаны бийликтин «желдеттери» кармабаса, балким, төңкөрүш болбой калмак. Ошентип, апрель төңкөрүшүнүн «кыймылдаткычы» катары аты бир дүң болду. Андан соң ден соолугунун өтө чабалдыгына карабай, өлкөдө абал курч учурда эсеңгирей түшкөн милицияны башкарып, керекке жарады.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Akjol
2010-11-05 19:07:57
Оо,менин баргым келиватат,концерт аябай сонун болсо керек.
0
Адам
2010-11-05 20:34:23
Концерттен кийин видеосун биякка илип коюуну унутпагылаа.
0
aminali
2010-11-08 03:10:00
Kutobuz konsertinerdi 4idamsizdik menen.
0
Kana
2010-11-08 16:14:00
Menin oyumcha jildin adami dep Kursan Asanovdu koldomokmun. Meeneti aiabai kop bul adamdin.
0
TolonturCN
2010-11-08 19:14:57
Дсиктери бизге да жетип келип калаар.
0
muhammed
2010-11-08 20:18:29
Мен Таласстан болом, албетте биздин жерде баары Курсан Асановду абдан сыйлайт, бул киши элибиздин башкача айтканда туштукто болгон улут арасындагы кагылышында (озбек менен кыргыздардын) элибиздин чыныгы Патриоту экендигин далилдеди.
0
myrzabishkek
2010-11-08 20:55:51
"Жоону чапты Алманбет, аты калды Манастын"-демекчи Ош окуясын мен токтоттум дегендер жамгырдан кийинки козу карындай кобойду. Чындыгында Курсан Асанов Июнь айындагы Ош окуясында чыныгы элдик Баатыр экенин коргозду. Ошондой эле анын кыргыз озбек элдеринин ортосундагы отт
0
Kana kyrgyz
2010-11-11 13:21:47
Камчыбек байке сиз "Ата Журт" партиясын Кыргызстандын туштук элинин партиясы кылайын деген оюнуз болсо ачык айтыныз. Кыргызстанды экиге болушунун кереги жок. К.Бакиевди алып келем деп соз бергенинизди билесиз! Айтар созунузго жооп бербейзсби?!! От менен ойноп жатасыз!
0
Aisalkinaisash
2010-11-16 14:37:26
суперлер ошко да келгиле суранабыз фк2-09группасы кутот.
0
Aisalkinaisash
2010-11-16 14:38:44
Ошто келсенер соонун болот.ош тынч эч ким тийбейт тийсе мен отвичаю пышылдатып коюууга кучум жетет.
0
Aisalkinaisash
2010-11-16 14:40:38
Атай татыктуу ал эрдик кылды талантын бир эле орусия эмес америкада кызыгып жатыптыр. так что балбызды колдон чыгарбай колдоо керек.
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан