Абды Кадырматов, актёр, куудул: “КАНЫКЕЙ ЭРАЛИЕВА МЕНЕН АТАЙБЕК БӨДӨШОВДУ “КИДАТЬ” ЭТИП КЕТКЕМ”

Катя деген атты Катыя деп, орусча жакшы сүйлөй албай “я газета тебе телефон номер знакомсатво. Как тебе лошадь? ” деген сатирасы менен таанылган куудул, актёр Абды Кадырматовду көпчүлүк билет. Ал кино тармагында “Эркектер” тасмасы аркылуу таанылган. Абды мырза менен анын балачагынан баштап Казакстандагы популярдуулугу, жылдыз болуп кеткендиги, азыркы кыялдарына чейин кеп курдук. Каарманым мастын ролун чындыгында катыра аткарат экен. Бирок жашоосунда ага мындай роль туш келбептир. Кыскасы, маегибиз кызыктуу болду.

– Абды мырза, саламатсызбы? Маекти балачагыңыздан баштасак...

– Саламатчылык. Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кой-Таш айылында 1962-жылы туулгам. Үйдө 9 бир тууганбыз. Атам чачтарач болуп иштеди. Апам үй кожойкеси. Кичине кезимде эле музыкалык аспаптарда ойноого кызыкчумун. Кайсы музыкалык аспапты көрсөм эле баса калып үйрөнгүм келчү. Мектептен “кайсы кесиптин ээси болосуңар?” десе, мен дайыма “артист, музыкант” дечүмүн. Айылга артисттер келет экен десе уктабай күтчү элем. Мектептен кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ал жактан комуз үйрөндүм. Окуум ортолоп калганда аскерге кеттим. Кайра кайтканда аны уланткан жокмун. Армиядан келгенден кийин Кара-Көл шаарындагы “Чымчыкей” деген сатиралык коллективде иштедим. Ал учурда бирде куудулдукка, бирде алпаруучулукка, бирде обончулукка кызыга бердим. Ошентип жүргөндө айылга барсам, Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшовдор гастролдоп келип калышты. Атайбек байке менен таяке-жээнбиз. Анын чоң энеси менен чоң атам бир тууган. Алар үйгө конок болуп калышты. Алардын шоопуру ичип алып, унаа айдай албай концерттерине тоскоолдук жаратканынан Атайбек байке аны урушуп кетирип салды да, мени шоопур кылып алды. “Жакшы айдайт экенсиң” деп мактап коюшса жүрө бердим. Булар менен жүргөн өзүмө да кызык болду. Бир жолу алпаруучу ооруп калып, ордуна мени чыгарып коюшту. Куудулдугум ошол жерде ойгонду. Мактаган сайын улам жаңы нерсе жараткым келет. Каныкей жеңем “Абды, сенден бир нерсе чыгат” деп коёт. Ансайын изденем. Ал кезде артисттер кийимдерди дүкөндөрдүн кампасынан алышчу. Мага да жакшы кийим алып беришти. Бала кезде жакшы кийим кийген эмеспиз да. Бул да жага баштады. Анан алар мени өздөрүнө кошуп борборго алып келишти.

– Айдоочулуктан көтөрүлдүңүзбү?

– Кийин айдоочу алышты. Менин статусум бийиктеп, артист болдум. Аккордеонду үйрөнүп калгам. Атай байке концертке катыша албай калганда аккордеон ойноп берчүмүн. Ойногон сайын Каныкей жеңем күлө берчү. Көрсө, ойноп жатканда кайрыктарды издеп жатып оозум кыйшайып, шилекейим да агып кетчү экен. Ошентип жүрүп чыныгы артист болуп калдым да, буларды тоготпой, жаштар менен иштегим келип калды. Каныкей жеңелерди “кидать” этип, Аламүдүн райондук Маданият үйүнө жумушка кирип алдым. Ал жакта жаштар иштейт. Жылдыз болгон ушундай экен да, эл деле мени тааныган жок, бирок сахнанын чебери болуп калдым. Менсиз концерт өтпөй тургандай сезиле баштады. Азыр аларга ыраазычылык билдирем. Бирок ал убакта алардын эмгегин билген жокмун. Ошондо Бек Борбиев менен таанышып, аны биринчи жолу гастролго мен алып чыккам.

– "Катыя" деген тамашаңыз менен таанылдыңыз окшойт?

– Ооба. Бул тамаша мени Казакстанга чейин таанытып койду.

– Кантип жаралган?

– Бир ирет концерттен чыксак, филармониянын астында кыздар отурушуптур. “Каякка барасыңар, бирге такси кармап кетпейлиби?” десек, алар орусча сүйлөштү. Ошондо “давай, четыре человек один такси” деп орусчалап тамашаласам кыздар аябай каткырышты. “Концертте да мынчалык күлгөн жок элек” дешти. Ошондон идея пайда болуп, ушул сатираны жаздым. Сатирам сахнага биринчи жолу алып чыкканда эле жакшы кабыл алынды. Кассеталар Казакстанга чейин тарап, ал жактан чакыруулар келди. Казакстанга фестивалга бардык. Мени тааныштырып сахнага чакырганда эч ким кол чапкан жок. Сахнасы чоң экен. Басып баратам же микрофонго жетпейм. Ортодон чуркап коём. Залда 3 миң адам отурат. Сатирам өтпөй калат деп корктум. Бирок мен сүйлөп баштаганда эле эл дуу болуп күлдү. Эл күлгөн сайын бутум калчылдайт, үнүм дирилдейт. Шумдук кол чабышты. Сахнанын капталдарынан чоң артисттер “эмне кылып күлдүрүп жатат?” деп карашат. Андан кийин “Күлкү кербени” деген сатиралык театрдын жетекчиси “конок болуп кеткиле” деп үйүнө алып барды. Ошол жактан “келип бизге иште” деп сунушташты. Фестивалдан да, артисттер да акча беришти. Анча акча көргөн эмесмин. Чөнтөгүм "ысып" калды. 7-8 миң сомдой болчу. Кийин дагы концертке чакырышты. Ошентип Казакстанга таанылып кеттим.

– Анан эле Казакстанга иштеп кетип калдыңызбы?

– 2018-жылы Казакстанда “Өнөр ортолугу” деген эл аралык чоң театр ачылды. Каракалпакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстандан артисттерди ишке кабыл алды. Директору таанышым эле, мени да чакырды. Жатакана берди, 27 миң сом айлык чектеп беришти. Бул жакта театрдагылар 4-7 миң айлык алышат. Алар “Кааласаң, пенсияга чыгасың, жарандык да алып беребиз” дешти. Ошентип 2,5 жылдык келишим менен ошол жакта иштеп келдим. Келишимди узартып калып калсам болмок, бирок ал жакка көнө алган жокмун. Тоолорду сагынам. Баары бир бөтөн жерде эркин жүрө албайсың. Келген сайын кетким келбей араң кетчүмүн, бутум тартпайт. Өмүр өтө берет экен, калган өмүрүм тоого жакын, бир тууган, досторумдун жанында өтсүн деп келе бердим.

– Кино жаатына аралашып калганыңызды айтсаңыз.

– Биринчи жолу Рустам Аташов деген режиссёр “Министрдин кызынын махабатына” тартты. Бандит Хасандын ролун аткаргам. Бирок куудулдар бандит боло албайт экен. Окшошкон жок. Менден эч ким коркпойт экен. Өзүм көрсөм күлкүм келет. Андан кийин “21-декабрь”, “Эркектерге” тартылдым.

– “Эркектер” тасмасы элге эмне бере алды?

– Турмуш-тиричилик тууралуу тартылган жеңил кино. Аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы бүтпөгөн уруштарды комедия кылып тартканбыз. Мага дагы тасманын кээ бир жерлери жакпайт. Эч кандай тарбиялык мааниси жок. Бирок ушундай кинолор элге бат жетет. Коммерцияны көздөгөн фильм. Мунун артынан акча таап алдык.

– Кандай тасмага тартылгыңыз келет?

– Тарыхта кала турган, фестивалдарга жибере турган кинолорго тартылгым келет. Олуттуу драмада образ жараткым келет. Элди ыйлатып, ролумду жеткире аткаруу колумдан келет. Ошондой кыялым бар. Бирок комедияга аралашып кеткенден кийин эл кабыл албайт экен. Анан да мен мастын ролун майын чыгара аткара алам. Бирок мага андай роль туш келген жок. Турмушта мастын образына кирип алып жакындарымды, кесиптештеримди тамашага салып калам. Ушинткен мага жагат.

– Кыялыңыз орундалсын! Жеке жашооңуз тууралуу эки ооз сөз айта кетиңизчи.

– Жубайым, 2 кызым, 2 уулум бар. Таята болуп калдым.

– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Куудул Абды Кадырматов: “Дедовщинанын” айынан окуумду таштагам“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Real98
2021-07-05 14:39:32
Бул Брат жарат да,өзүн көрүп эле күлөсүң.
0
munduz2016
2021-07-09 20:39:08
Бар болуңуз брат!
0
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан