16 ЖАШАР БАЛА 12 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ МУУЗДАП ӨЛТҮРГӨНБҮ?

Араванда 12 жашар бала мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Кылмышка шектүү катары анын 16 жаштагы жээни кармалды. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн каза тапкан баланын жакындары менен байланыштык.

“БАЛА КИШИ КОЛДУУ БОЛУП ӨЛТҮРҮЛГӨН”

Ош ОИИБинин маалымат кызматы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди:

– 25-июнда райондук ооруканадан милицияга асынып каза болгон баланын жансыз денеси түшкөнү туурасында билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери каза болгон бала Араван районунун Ак-Сарай айылынын 12 жаштагы А.О. аттуу тургуну экендигин аныкташкан. Маркумду ооруканага саат 10:20 чамасында таякеси (50 жаштагы Х.Х.) алып келгендиги белгилүү болду. Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле райондук соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жансыз денеге кароо жүргүзүлүп, бала киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 27-июнь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 16 жаштагы Ю.А. аттуу бала кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө, маркум жашап жаткан үйдөн 900 миң сомго жакын накталай акча каражаты жоголгондугу аныкталган. Юсупова айыл аймагындагы бактардын арасынан далил катары уурдалган акчалардын 783 500 сому табылып алынган.

Ошондой эле 16 жаштагы шектүүгө социалдык кызматкердин жана таятасынын катышуусунда сурак жүргүзүү учурунда ал 25-июнь күнү Юсупова айыл аймагындагы тууганынын үйүнөн акчасын уурдап жатканда жээни көрүп калгандыгын, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен моюнуна алган. Ошол себептүү 16 жаштагы бала 29-июнь күнү 2 айга камакка алынды. Ал Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан Жалал-Абад шаарындагы СИЗОго которулду.

“АКЧА УУРДАП БАРАТКАНДА УУЛУМ КӨРҮП КАЛГАН”

12 жашар баланын атасы Улукбек Абдуманап "уулум чоң ата-чоң энесинин колунда эле" дейт:

– Мен келинчегим менен Бишкекте иштеп жаткам. Уулум менен кызым Араван айылында ата-энемдин колунда болчу. Окуядан 3 күн мурун апам кызымды алып Бишкекке келген. 25-июнда атам эртең менен жумуштап үйдөн чыгып кетип, балам үйдө жалгыз калат. Угушума караганда, уулум короодо ойноп жаткан учурда карындашымдын 16 жаштагы уулу келип, үйдөгү акчаларды уурдап баратканын көрүп калган экен. Аялым экөөбүз ал акчаларды үй салуу үчүн 3 жылдан бери чогултуп жатканбыз. Жээним үйгө келип-кетип тургандыктан акчадан кабары бар эле. Шектүүнүн берген көрсөтмөсү боюнча, "фокус көрсөтөм" деп баламдын 2 колун таңып, мууздап салган. Баламды айтып коёт деп коркуп өлтүрүп койду окшойт. Андан башка эч бир себеп жок эле. Өз бир тууганымдын баласы өзүбүзгө жамандык кылды. Бул баланын тарбиясына көңүл буруш керек болчу. Карындашым менен күйөө баламдын абалы биздикинен кем эмес. Бирок тууганым эле деп жан тартпайм. Күнөөлүү жазасын алышы керек.

“ДАРЫГЕРЛЕР КЕЧИГИП КАЛДЫҢАР ДЕШТИ”

Окуяга күбө болгон таякеси Хашымжан Халипов шектүү үйдө эч ким жок деп ойлогон дейт:

– Мен каза тапкан баланын таякеси (чоң энесинин иниси) болом. Бир көчөдө кошуна болуп жашайбыз. Кырсыктан бир күн мурун 12 жашар иним А.О. үйдөн телефондун кубаттагычын алып кеткен. Эртеси, тактап айтканда, жума күнү мага кубаттагыч керек болуп, саат 10дон өткөндө жездемдин үйүнө бардым. Дарбазага жакын калганда көчөдө ойноп жүргөн балдар “байке, биз А.Ону чакырдык. Бирок эч ким чыкпай койду, уктап жатышат окшойт” дешти. Мен уктап жатса ойготом деп дарбазаны ачып короого кирдим. “Жезде” деп кыйкырсам эч ким чыккан жок. Кичинекей инимди атынан чакырсам үн деген жок. Карасам бала тапчанда жамбаштап жаткан экен. Жанына барып муздалган абалда жатканын көрдүм. Шок болгондуктан кыйкырып көчөгө чыгып, кошуна-колоңдорду, аялымды, чакырдым. Балким, тирүү деп ойлоп кошунабыздын унаасы менен баланы дароо ооруканага алып жөнөдүк. Дарыгерлер баланы реанимацияга алып кирип, кайра эле чыгып “кечигип калыпсыңар” дешти. Биз баланын сөөгүн өлүкканага алып бардык. Ошол учурда бул окуя жарыяланып кеткен экен. Тергөөчүлөр мени окуя болгон жерге алып барышты. Болгонун болгондой айтып бердим. Андан соң мени РИИБге алып кетишти. Ал жерде 2 сутка сурак бердим. Кийин шектүү аныкталгандан кийин мени бошотушту. Жездем окуя болгон учурда алма бакка кетиптир, ал каза тапкан небересин да ала кетмек экен. Бирок бала белгилүү бир себептер менен барбай калыптыр. Шектүү үйдө эч ким жок деп ойлоп уурулукка кирген окшойт.

“БАЛА АЁОСУЗ МУУЗДАЛГАН”

Араван райондук оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Абазалы уулу Мамагияр маркум ооруканага жансыз абалда түшкөн дейт:

–25-июнда 12 жашар бала биздин ооруканага жансыз абалда түштү. Ал окуя болгон жерден жан берген. Биз реанимация бөлүмүнө алып кирип, денесине бир сыйра кароо жүргүздүк. Баланын моюнунда чоң жаракаты бар экен. Аёосуз мууздалыптыр. Андан сырткары олуттуу жаракат алганы байкалган жок. Биз эксперттерди чакырдык, алар баланын сөөгүн өлүкканага алып кетишти. Аны менен катар милиция кызматкерлерине кабар бергенбиз. Жыйынтыкты соттук-медициналык экспертиза чыгарат.

Экинчи тарап менен байланышууга мүмкүн болгон жок. “Супер-Инфо” гезити ал тараптын да үнүн угууга даяр.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Jamalym
2021-07-06 03:16:57
16 жаштагы балада кайдан мынчалык мыкаачылык.Тообо кылдым.Интернеттеги оюндарды азайтуу керек.Ата энелер балдар менен коп коп суйлошолу,конул буралы.Тообо кылдым бир уй булону экиге болуптур.Чон ата мн чон эне же кызына тарта албай же олгон баланын атасы уулу болот экен же уулуна тарта албай чайналып атышса керек.
+3
Mubarak
2021-07-06 22:48:43
Пабжи фри файр дегендерди жок кш кк ошолордон уйронушот балдар мындай мыкачылыкты
+4
Erlan_95
2021-07-07 13:46:21
Мыкаачылык адамдын табиятында болот. Бирок биз ошону контролдогонду уйронушубуз кк
+4
Бектурган
2021-07-10 18:06:51
Жеендерго...
0
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан