ЯПОН АШКАНАСЫ

Япон ашканасы түрдүү, даамдуу, пайдалуу тамактардын жыйындысы деп эсептелет. Андыктан Япониянын көптөгөн тамактары популярдуулукка ээ жана дүйнөдөгү түркүн өлкөлөрдүн ресторан, кафелеринде жасалат. Бүгүн сиздерге күн чыгыш өлкөсүнүн даамдарынын рецепттерин сунуштайбыз.

ОЯКОДОН

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти (филе) – 300 грамм

Пияз – 1 баш

Күрүч – 70 грамм

Жумуртка – 3 даана

Соя соусу – 6 аш кашык

Кумшекер – 2 аш кашык

Көк пияз – 3 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз жарым шакекче, эт узун ичке, көк пияз каалагандай тууралат. Күрүч сууга бышырылат.

2. Орточо отко көмөч казанды ысытып, ага соя соусун куябыз. Соустун үстүнө пиязды салып, жарым кызартып кууруп алабыз да, үстүнө кумшекерди кошуп тынбай 2-3 мүнөт аралаштырабыз. Анан тоок этин салып, 4 мүнөттөй кармасак эт бышат.

3. Эт бышып жаткан кезде идишке жумуртканы чагып, бир өңчөй болгуча чалабыз.

4. Эттин үстүнө жумуртканы тегиз куюп, көмөч казандын капкагын жабабыз. 3-4 мүнөттө омлет бышат.

5. Идишке бышкан күрүчтү салып, үстүнө эттүү омлетти салып, көк пиязды себелейбиз. Тамак даяр.

КОРОККЭ

Керектелүүчү азыктар:

Картошка – 300 грамм

Фарш (уйдуку) – 150 грамм

Капуста – 50 грамм

Соя соусу – 2 аш кашык

Көк пияз – 3 даана

Сарымсак – 1 тишче

Жумуртка – 1 даана

Ун – 2-3 аш кашык

Упаланган нан күкүмү – 2-3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 60 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошканын кабыгын аарчып, туздуу сууга бышыргандан кийин эзип, пюреге айландырабыз. Сарымсакты жанчып, капуста жана көк пиязды майдалап туурайбыз. Жумуртканы бир идишке чагып, чалып даярдайбыз.

2. Көмөч казанга майды куюп, сарымсакты салып 5-7 секунд кармасак жыты чыгат. Үстүнө фаршты салып, 2 мүнөттөй кууруйбуз. Майдаланган капуста менен көк пиязды үстүнө кошуп 2 мүнөттөй кууруйбуз да, анан соя соусун кошуп, 5 мүнөттөй демдейбиз.

3. Капусталуу фаршка эзилген картошканы кошуп аралаштырып, муздатып, андан сүйрү котлеталарды жасайбыз.

4. Котлеталар алгач унга, анан жумурткага, акырында упаланган нан күкүмүнө оонатылат. Анан бышырылат.

5. Бышкан котлеталарды кагаз сүлгүнүн үстүнө чыгарып, ашыкча майларынан арылтабыз. Идиштерге салып, дасторконго бере берсеңиз болот. Кааласаңыз аны гарнир менен бериңиз.

ТЕМПУРА

Керектелүүчү азыктар

Баклажан – 2 даана

Цукини – 2 даана

Кызыл болгар калемпири – 2 даана

Өсүмдүк майы – 200 миллилитр

Ун – 120 грамм

Жүгөрү крахмалы – 1 аш кашык

Муздак суу – 150 миллилитр

Соусу үчүн:

Шарап же күрүч уксусу – 2 аш кашык

Соя соусу – 2 аш кашык

Зайтун майы (же өсүмдүк майы) – 1 аш кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Сарымсак – 1 тишче

Чили калемпири (жаңы үзүлгөн) – 2 даана

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Соус даярдоо. Уксус, соя соусу, зайтун майы, кумшекерди кошуп аралаштырабыз. Үстүнө сарымсакты жанчып, чили калемпирин майда туурап кошобуз. Туз, мурчту да кошууну унутпаңыз.

2. Баклажан тегерек, ал эми цукини жана болгар калемпири узун ичке тууралат.

3. Кляр даярдоо. Бул үчүн өтө муздак сууга крахмал, унду кошуп, чалып аласыз.

4. Көмөч казанга майды куюп ысытабыз. Клярга жашылчаларды бирден малып, ашыкчасын силкип, майга бышырабыз. Сырты кызарып, кыртылдак болушу керек.

5. Темпураны даяр соус менен дасторконго коё бересиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан