“БАЛДАР КУСУП, ИЧИ ӨТҮП КЕЛҮҮДӨ. ООРУКАНАДА ОРУН ЖОК”

“Ичеги инфекциясынын вирустук түрү менен балдар кыштан баштап тынбай келип жатышса, күн жылыгандан бери ага бактериалдык түрү кошулуп, ооругандар көбөйдү. Учурда ооруканага күнүгө 80дей баланы алып келишсе, анын жарымы жаткызылууда. Ооруканада орун жок калып жатат. Жылда бул кезде вирустук түрү менен ооругандар азайчу, быйыл андай болгон жок”,- дейт Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын орун басары Жамийла Анакеева.

ЭМНЕ ҮЧҮН БАЛДАР КӨП ООРУШАТ?

– Ичеги инфекциясы – бул ичеги-карынды жабыркатып (ичти оорутуп жана өткөрүп), дене табын көтөрүп, кустура турган инфекциялык оорулардын жалпы аталышы. Жайылышы боюнча ОРВИден кийин 2-орунда турат. Анткени бала бала бакчада, мектепте көп балдар менен байланышта болот. Балалык кылып көп учурда гигиенаны сактабайт. Ооруган баланы ажырата албайт, алар менен сүйлөшөт, ойнойт, оюнчугун колдонот. Аталган инфекциянын 2 түрү бар: вирустук жана бактериалдык.

Вирустук түрү кыш, жазда, ал эми бактериалдык түрү жай, күздө жайылат. Ичеги инфекциясы менен чоңдорго караганда балдар көп ооруйт.

Балдардын көп ооруй тургандыгынын дагы башка себептери:

  • Балдардын иммунитети толук калыптанып бүтө элек;
  • Ашказанында туз кычкылы чоңдордукуна салыштырмалуу өтө аз-аздан бөлүнүп чыгат;
  • Оозунда бактерияларга каршы заттар өтө аз болот;
  • Вирус, бактерияларды чыпкалап өлтүрүүчү боор балдарда өсүү, чоңоюу этабында болот;

Жогорудагы себептерден улам баланын организми вирус, бактериялар менен күрөшүүдө алсыздык кылат.

Чоңдордун оозу аркылуу кирген микроб, вирустардын канча бир бөлүгү ооздо, ашказанда, калганы боордо өлөт. Вирус, бактериялар өтө көп санда кирип кетсе гана чоңдор ооруйт. Ал эми балдарда, тескерисинче, ич өткөк 3-4 саатта эле күчөп кетет.

ИЧЕГИ ИНФЕКЦИЯСЫНЫН ТҮРЛӨРҮ

Бактериалдык түрү

Бул түрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Стафилококктук инфекция
  • Сальмонеллёздук инфекция
  • Шигелла инфекциясы. Аталган бактерия дизентерияны жаратат.
  • Эшерихиоздук инфекция жана башка.

Оорунун белгилери

Бактерия ичке кирген жашыруун көбөйүү мезгили 1-7 сутка.

  • Дене тап кескин көтөрүлөт (39-40 градуска чейин)
  • Тамакка табит жоголот
  • Дене, булчуңдар жанчылгансып ооруйт, бала алсырайт
  • Ич толгоп оорутат
  • Көңүл айлануу, бат-баттан кусуу
  • Ич өтүү. 1 суткада 4-6 жолудан 15-20 жолуга чейин. Заң суюлуп, жашыл тартып, көбүктөнүп, ачуу жыттанат. Заңы ириң же кан аралаш өтүшү да мүмкүн.
  • Чыйрыгуу, калтыроо, баштын оорушу
  • Артериалдык басымдын төмөндөшү
  • Заара кылуунун санынын кескин азайышы
  • Шилекейдин коюуланышы
  • Дененин кургай башташы
  • Жөөлүү, эс-учун жоготушу да мүмкүн.
  • Өтө оор учурда ичегиден кан кетет.

Вирустук түрү

Бул түрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Энтеровирустук инфекция
  • Ротавирустук инфекция
  • Аденовирустук инфекция

Оорунун белгилери

Дене табынын көтөрүлүшү

  • Ич өтүү. Заңында былжыр кошо чыгышы мүмкүн.
  • Ичке кирген вирустар көбөйүп, денени уулантат. Андыктан бала алсырап, шалдырайт.
  • Көңүл айлануу, кусуу
  • Чыйрыгуу, баш оору, тамакка табиттин жоголушу, дененин кургай башташы
  • Тамак ичпей калуу
  • Булчуңдардын оорушу

Бул белгилерден тышкары мурун бүтүү, тамактын оорушу, жөтөл, көздүн чылпакташы да кошулушу мүмкүн.

ВИРУС МЕНЕН БАКТЕРИЯ АРАЛАШКАН ТҮРҮ

Оорунун козгогучтары жана оору белгилери аралаш жүрөт.

ИЧЕГИ ИНФЕКЦИЯЛАРЫ КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ЖУГАТ?

  • Ооруган баланын заңы, шилекейи, чүчкүрүгү, оюнчугу, сүлгүсү, идиши аркылуу жугат.
  • Ичи өткөн баланы колду жуубай эмизгенден, упчуну тазалабай бергенден да жугат.

ДИАГНОЗ

  • Кан, заң, кусундусунун анализи
  • Ички органдарынын УЗИси сунушталышы мүмкүн

АЛДЫН АЛУУ

  • Баланы гигиенаны сактоого кичинесинен үйрөтүү. Мисалы, башка бирөөнүн буюмун колдонбоо, дааратканага барып келгенден кийин жана тамак ичерде колду жуу.
  • Туруп калган, чала бышырылган (кээде шишкебектер чала бышырылып калат), жол боюнда сатылган, мөөнөтү өткөн азыктарды бербөө. Фастфуддарды жегизбөө. Бактерия, вирустар майонез кошулган салаттарда, сүт менен сүт азыктарында, өзгөчө йогурт менен быштакта бат көбөйө турганын эске алуу зарыл.
  • Балдар үчүн чыгарылган сүт аралашманы бала ичкенден ашып калса муздаткычта сактоо, чийки сүттү колдонбоо керек.
  • Жемиштерди жуучу атайын суюк каражат бар. Ошону менен жууп, жакшылап чайкап столго коюу керек. Кулпунай жер бетине жакын өсүп, мөмөлөгөндүктөн анда ич өткөктү чакыруучу козу карын сымал микроорганизм же бактериялар болушу мүмкүн. Кулпунайды болсо жакшылап жууганга мүмкүн эмес. Андыктан аны балдарга бербей койсо жакшыраак.
  • Кесилген дарбыз, коондорду сатып албоо, балдарга жегизбөө. Кесилген жерин бактериялар каптап калган болот.
  • Үйдө бирөө-жарым ооруп калса, анын идиш, төшөгүн өзүнчө бөлүп, өзүн да өзүнчө бөлмөгө жаткызуу.
  • Үйдү бат-баттан нымдап жууп туруу.
  • Ичеги инфекциясы кир көлмөлөрдөн да жугат. Андыктан андай жерге сууга түшүрбөө кажет.

ДАРЫЛОО

– Бала кусуп, ичи өтө берсе организмдеги суу жана туз нормасынан азайып, зат алмашуу начарлап, наристенин өмүрүнө коркунуч туулат. Андыктан дароо ооруканага алып баруу керек. Вирустук түрүндө вируска каршы, ал эми бактериалдык түрүндө антибиотик колдонулат. Булардан тышкары дене табын түшүрүүчү, ич өткөктү басуучу, организмден ууларды чыгаруучу тамчылатма дары колдонулат.

Организм кусуу жана ич өтүүдөн жоготкон суунун, туздун ордун толтуруу үчүн суусундуктар көп берилет. Компот, же дарыканаларда сатылган регидронду кайнатылып, анан муздатылган сууга кошуп берүү керек. Бергенде 1 ууртам же 2-6 кашыктан берүү зарыл. Көп ичирип салса бат-баттан жыйрылып иштеп жаткан ашказан суюктукту артка түртүп, бала кусуп салат. Бул организмдин сууну дагы көбүрөөк жоготуусуна жеткирет. Андыктан чыдамдуу болуп, аздан берүү зарыл. Сууга бышырылган күрүчтүн суусун 2 саат сайын аз-аздан берип турса болот. Диета кармалып, жеңил, оңой сиңүүчү тамактар берилет.

Куурулган, майлуу, туздалган жана катуу тамактар, газдалган суусундуктар, майлуу эт, сүт жана сүт азыктары, ширелер, коон, бадыраң, өрүк дегендер берилбейт. Эмчектеги баланы көбүрөөк эмизүү сунушталат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан