"МЕНИН КОШУНАМ КУМИХО" сериалы тууралуу кызыктуу баян

Салам, корей сериалдарынын күйөрманы! Бүгүн биз жеңил, күлкүгө бөлөй турган, айрым учурда боор ооруткан “Менин кошунам Кумихо” дорамасы тууралуу сөз кылалы дедик. Негизи корейлер Кумихо же болбосо тогуз куйруктуу түлкү темасына көп кайрылышат. Бул мифологиялык жандык жөнүндө бир нече кызыктуу тасмалар да бар. Бирок ар бири өзгөчөлүккө, көрөрманды жетелей турган кызыктарга бай. “Менин кошунам Кумихо” дорамасы да өзүнө көңүл бурдура алды.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2021-жыл

Канча серия: 16

Жанры: романтика, мелодрама, фантастика, комедия

Режиссёру: Нам Сон У

Башкы ролдордо: Чан Ки Ён, Ли Хе Ри, Пэ Ин Хёк, Кан Хан На, Пак Кён Хе жана башкалар

КУМИХО МЕНЕН АДАМДЫН СҮЙҮҮСҮ

“Чогуу жашайбыз” аттуу популярдуу вебтундун негизинде тартылган дорама тарых факультетинин студент кызы Ли Дам жана жазуучу, университеттин профессору Син У Ёнун айланасында өнүгөт. 22 жаштагы Ли Дам достору менен ойноп-күлгөн, тарыхка кызыккан катардагы студент. Ал эми Син У Ё жөнөкөй адам эмес. Ал 999 жашка чыккан Кумихо, 1000ге чыкканда кадимки адамга айланам деп чыдамсыздык менен күтүп жүрөт. Адамга айланыш үчүн 999 жыл сыйкырдуу шуруга адам энергиясын чогултту. Энергия чогултуу оңой-олтоң иш эмес эле. Шуруну жутуп алган киши 1 жылга чейин болгон энергиясын түгөтүп, анан каза болуп калат. Ошондуктан шуруну 1 жылга жеткирбей чыгарып алыш керек.

Күтүүсүз жолугушуудан кийин Ли Дам кокустан баягы сыйкырдуу шуруну жутуп алат. Кыздын энергиясын алуу жана шуруну коопсуздукта сактоо үчүн Кумихо Ли Дамга чогуу жашоо сунушун киргизет. Кыз жигиттин сунушун кабыл алууга аргасыз эле. Анткени түлкүгө жакпаган тамактарды, мисалы, тоок этин жеп же ичимдик ичсе ооруп калат. Же болбосо жолборс жылында төрөлгөн адамдын колу эле тийип кетсе алы кетип, ооруп баштайт. Ал ооруну Кумихо гана жеңилдете алат. Ошентип, кошуналардын кызыктуу жашоосу башталды. Ортого махабат аралашты...

Кумихо адамга айланабы же каардуу жин болуп кетеби? Ли Дам экөөнүн сүйүүсү “хэппи ендге” айланабы же?.. Бул суроолордун жообун сериалдан чогуу издейли.

КЫТАЙЛАР МЕНЕН ХАНБОК, КИМЧИ ТАЛАШЫП...

“Менин кошунам Кумихо” экранга чыга электе эле корей басылмаларында талкууга алынды. Буга себеп – дораманы каржылоодо ири сумманы кытай инвесторлору берген. Буга кошумча, сериал кытайлардын белгилүү санарип телеканалынан көрсөтүлмөк. “Кытайлар каржыласа, популярдуу каналдан көрсөтсө эмне болуптур? Тескерисинче, жакшы эмеспи” дедиңизби? Бирок буга эки өлкө үчүн тең маанилүү болгон себептер бар. Канча бир убакыттан бери эки өлкө ортосунда маданий баалуулуктардын келип чыгуусу боюнча талаш жүрүп келет. Мисалы, ханбок кийимин корейлер “биздин улуттук кийим” десе, кытайлар “ханбок биздин улуттук мурас” дешүүдө. Ушундай эле талаш кимчи азыгына жана башка нерселерге байланыштуу жүрүүдө.

Бул талаштан улам кытайлык продукциялар корей рыногунда азайып, медиадан көрсөтүлбөй калды. Ал эми Кытайга барып концерт койгон ырчылар сынга кабылып, айтор, кытайлар менен иштешкен маданият өкүлдөрүндө да бир катар кыйынчылыктар жаралууда.

“Менин кошунам Кумихо” сериалынын тартуу иштери жаздын башында эле бүткөн. Кытайларга байланышкан ызы-чуудан кийин сериалды кайрадан монтаждап, андагы талаш жараткан эпизоддор кесилип, тиешелүү реквизиттердин баары алынды. Сценарийдеги өзгөрүүлөргө байланыштуу актёрдук курам да бир нече эпизодго кайра баштан тартылууга мажбур болушкан. Монтаж иштери 3 айга созулуп, жайында экранга чыккан дорама өз күйөрмандарын таап, учурда жогорку рейтингдеги сериалдардын катарында.

БАШ КААРМАНДАР

Чан Ки Ён

Туулган жылы: 1992-жыл, 7-август

Бир жылмайганы менен кыздарды “эриткен” касиетке ээ Чан Ки Ён жөнүндө буга чейин кенен макала жазганбыз, эсиңиздеби? Режиссёр Нам Сон У тогуз куйруктуу түлкү Син У Ёнун ролундагы актёр Чан Ки Ён менен буга чейин “Өлтүрүү” сериалында иштешкен. Актёрдун таланты, ишмердиги жагып, “Менин кошунам Кумихо” долбооруна да чакырып отурат.

Ли Хе Ри

Туулган жылы: 1994-жыл, 9-июнь

Сериал экранга чыкканда эле Ли Хе Ри (Ли Дамдын ролунда) менен Чан Ки Ёнду “жабыштыргандар” көп болду. Бирок актриса, “Girl’s Day” тобунун ырчысы, модель, бийчи Хе Ринин жигити бар, ал да атактуу адам. Актёр Рю Чжун Ёль менен 2017-жылдан бери кыз-жигит мамиледе.

Пэ Ин Хёк

Туулган жылы: 1998-жыл, 4-апрель

23 жаштагы актёр 2019-жылдан бери эле киного аралашканы менен, учурда биринин артынан экинчи сериалга тартылып, керекпи башкы ролго да ээ болду. Пэ Ин Хёк дорамада Ли Дамды жакшы көргөн, Жолборс жылында төрөлгөн жигиттин ролунда.

Кан Хан На

Туулган жылы: 1989-жыл, 30-январь

Актрисага атактуу “Алоолонгон жүрөктөр: Корё” сериалы популярдуулук алып келген. Идеалдуу мырза деп ырчы Кан Даниэлди атаган Кан Хан Нанын учурда жүрөгү бош. Сериалда түлкүдөн адамга айланган, адамдардын жашоосун акырындык менен үйрөнүп жаткан кыздын ролун ойноп жатат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2021-07-06 16:12:43
Бул сериалдын рейтинги низкий
+1
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан