КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ КОР, БАЛДАРЫ ТҮРТҮНДҮБҮ?

Мезгил үнү

Акча табуу үчүн Орусияга, Казакстанга кеткен кыргыздардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. Бутуна туруп, келечегин түзүп кеткендери да бар. Бирок тагдыры талкаланып, ара жолдо калып кор болгондору андан да арбын. Сөз биздин каармандарда.

Турусбек Сапаров:
“КАЗАКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗ ОКУУЧУЛАРЫ ОКУБАЙ КАЛЫШТЫ”
– Мен өзүм Алматыга барып-келип иштеп жан багам. Чынын айтайын, карындашым, мигранттардын абалы оор. Кандуу апрель окуясы, өзбектер менен араздашуу Казакстанда жүргөн кыргыздарга да терс таасирин тийгизди. Ошол окуялардан кийин кыргыздарды массалык түрдө депортациялоо деген нерсе күчөдү. 7-октябрь күнү эле Алматыдан 4 автобус менен 240 адамды чек арага алып келип таштап салышты. Ишиң калабы, бакчада балаң калабы, эч нерсени карашпады. Базарда соода кылып турган кыргыздарды бирден терип келип эле автобуска тыгып, чек арадан өткөрүп салуу казактардын көнүмүш адатына айланды.
Бул эле эмес, Казакстанда окуп жаткан мектеп жашындагы балдар ушул жылы билим алуу укугунан ажырашты. 1-сентябрда Алматы шаарында окуп жаткан 100 жеткинчекти казактар мектептен чыгарып салышты. Ишенесизби, колуна өздүк делосун карматып туруп эле сыртка чыгарып коюшуптур. Алматыда, Астанада окуган балдардын жалпы саны 370 экен. Быйыл алардын баары мектепке баруу укугунан ажырап, азыр эки айрылыш жолдо турушат. Бул маселе менен барбаган жерибиз калбады. Казакстандан эч кандай жыйынтык чыкпасын сезип, биздин Миграция министрлигине кирдик. Алар да бул маселени чечип бере алышпады. Эми эмне кылуубуз керек? Балдарды Кыргызстанга алып келели десек, ата-энелери тиги жакта иштеп жүрүшөт. Эгерде ошол балдар орто мектепти бүтпөй калышса, канчасынын тагдыры талкаланат?
Балдар – биздин келечегибиз” деп төш каккандар ушул кыргыз балдарынын тагдырын ойлоп коюшса жакшы болот эле. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек, 1932-1935-жылдары казак эли катуу ачарчылыкка туш болгондо өзбектер, орустар да чек арасын ачпай коюшкан. Ошондо боордошпуз деп кыргыздар сактап калышкан. Муну тарых да тастыктайт. Эми кыргыздын башына иш түшкөндө казактардын бизге катуу кысым көрсөтүп жатканы мени ушунчалык капа кылды.

Кылычбек Орозбаев:
“ТӨРӨГӨН БАЛАСЫНАН БАШ ТАРТКАН КЫЗДАРЫБЫЗ БАР”
– Мен Орусияда иштеп, жакында эле мекениме кайттым. “Барарым менен ал жактагы кыздар тууралуу басылмаларга интервью берем” деп өзүмө сөз берип келгем. Анда сөз башынан болсун...
Мен тааныштарымдын чакыруусу менен келинчегимди алып Орусияга жөнөгөм. Барсак эле иш даяр тургансып өзгөчө дем менен барган жаныбыз иш таба албай кыйналып калдык. Акыры убактылуу ишке орношууга аргасыз болдум. Москвада Пушкин шаарчасы бар. Шаарчанын чок ортосунда Лесное деген жер бар экен. Туш тарабы бир канча чакырымга созулган токой. Ошол жерде зым чыгара турган ишкана жайгашкан. Анда иштеген мигранттар вагондордо жашашат. Вагон дегенден кийин эми ар жагы түшүнүктүү да. Биз да ыңгайсыз, кир вагондордон орун алдык.
Кыздар зымды узунунан таштап берип, эркектер аларды ширетишет. Жумуш аябай эле оор. Ал жерде жалаң кыргыз кыздары иштешет. Ширетүүчү эркектердин көбү тажик улутундагылар. Эми жашырганда эмне, тажик жигиттер биздин кыздарды акчага сатылчу сойкудай эле колдонушат. Кыздардын бардыгы мөлтүрөп жапжаш. Улуусу 26 жашта, калгандары 18-19 жаштардагы кыздар. Боюнда бар кызды барганда эле көзүм чалган. Алгач “күйөөсү бар болсо керек. Башка жакта го” деп ойлочумун. Көрсө, күйөөсү жок экен. Иштеп жатсак эле “толгоосу кармап калды” деп калышты. Токойдун ичинде кайдагы врач?.. Төрөй албай кыйналып жатат. “Тез жардам” чакырайын десем, “өлсөм өлөм, чакырбаңыз” дейт жан талашып. Акыры ден соолугу чың, татынакай кыз төрөлдү.
Биздин ызылдашып жатканыбызды кеңседе отурган орус катчы кыз көрүп, “Тез жардам” чакыра калыптыр. Врачтар наристени алып, энесин таштап кетип калышты. “Аркасынан барбайсыңбы?” десек, тиги байкуш баш чайкайт. Көрсө, өзбектенби, тажиктенби, айтор, боюнда болуп калып, анысы качып кеткен экен. Үч күндөн кийин көзүмө кыпын түшүп кетип, жакыныраак жердеги бейтапканага барганга аргасыз болдум. Ал жакта баягы төрөгөн кыз жүрөт. “Ой, эмне кылып жүрөсүң?”- десем: “Жүрүңүзчү, сиз орусча билесиз го. Балага документ толтуруш керек болуп жатат”,- деп ой-боюма койбой ээрчитип барды. Барсам, орус врач отурат. Ал мага карап: “Бул кыз орусча билбейт экен. Анын ордуна балага документ толтурушуп бериңиз”,- деди. “Баланы бага аласыңбы?”- десем, кыз: “Жок, тигилер эптеп алып калышса болду”,- деп жалдырайт. Кандай кылабыз деп отурсак, орус кыз “анда кызыңдын атасын болушунча мактап кагаз толтур” деди. Жалгандан эле наристенин атасынын боюн 1 метр 80 сантиметр кылып, спорттук дене түзүлүштө, келбеттүү, ден соолугу чың деп жаздык. Акыры кол койдуруп алып чыгарып жиберди.
Эне болуп эне бактысын туя албай, баладан кутулганына сүйүнүп бараткан кызды карап туруп жаным ачыды. Урушайын дейм, абалын көрүп турам. Ымыркайдын ата-энесин мактап жаздырып алып, кийин баланы бирөөлөргө сатат окшойт деп калдым. Бул бир чети гана... Өз көзүм менен беш-алты айлык болуп калган түйүлдүктөрдү боюнан түшүрүп, ыйлап түшкөн наристелерди токойдун арасына көөмп келгендерди да байкап, ичимден сыздым.
Сөзүмдүн акырында ата-энелерди жооп­керчиликтүү болгонго чакырат элем. Бүгүнкү кыздар – эртеңки энелер. Наристелер – эртеңки тагдырыбыз. Тагдырыбызга кайдигер мамиле жасап жатабыз. Ушуну бир түшүнүп алгылачы, айланайындар!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (64)
lider-kg
2010-11-12 05:41:54
блин качан кыргыздын кызы жонундо чет жактан жакшы соз угабыз
кыргыз кыздарынын арам ойу жокта байкуштар жашоо учун курошуп жатышат астында жатып болсун
0
lider-kg
2010-11-15 07:23:41
менда озбек тажик кыздар менен журо берчуумун эми журбойм жургон кезде деле тениме алчуу эмесмин
0
tegenelik
2010-11-16 01:21:04
mina sizge dagi bir misal ishtegen jerimde 3 kiz bar 1oosu turkmon menen 2oosu turk menen jurot eken aytipda kordum el jurt emi emne kilish kerek batkenden bolot ati g. jogolup ketse izdebegile namis degen nerse jaman eken
0
ilyaz
2010-11-16 15:58:56
HHFRU:(байкуш кыздар! россияга жыргаганынан барып жатышмак беле?!) Дептирсинер,бирок озун нормальный алып журсо болобу? Девушка деп жакшына суйлоп койсо эле эрчип кете бербестен.... Келбесин эмес келсин.Бул жерге эч ким ойногону эмес иштегени келип жатышпайбы....
0
Narynbek
2010-11-22 01:15:51
Ооба тажиктер менен жургон кыздарды коруп зээнин кейийт сигарет чегип алганына балее барбы мейли келсин келгенден кийин озун кармап жакшы журсо болотда Кыргызстанда деле бар дечи андайлар кыздарыбызга ыйман нысап берсин ата-энесин ойлошсун уят кылбай
0
lider-kg
2010-11-28 17:57:00
Бейиш эненин таман алдында канткен кундо да кыздарды сыйлайлы
Тажиктер биздин кыздар менен ойноп журсо журо берсин биз Кыргыз балдар башка улуттун кызы менен ойнобогула журогун таза болот
0
Mero
2010-12-04 12:43:26
ошол учун айтат да адамга эч кандай жакшылык жакпайт деп азыр эмне болушту экен балдар казахстандабы дагын деле???
0
Tony Ka
2010-12-06 18:05:11
Атка минер акмактар, силер ел, бийлик талашып, мамлекеттин акчасын жегенден башка нерсени билесинерби, Кыргыз карапайым елди бир аз ойлосонор олосунорбу, Силерди баарынарды олтуруш кекрек, президентине чейин карабай, акмактар. Кыргыз ели качангыга чейин ушинтип журоушот еми? Кыргыз елини чачып жок кылмай болдунар, Силерге окшогон адамдарга алла жаза салсын, УЛУУ КЫРГЫЗ елини Бакиев, Отунбаева окшогон акмактар ойлощобу?, Отунбаева елди бир аз болсо да ойлогун, КЕЧИРИП КОЙГУЛА.
0
aybeka
2010-12-09 22:18:25
мен оз козум мн кордум 45 жаштагы эже кв га тажик ээрчитип келди.озу мн тен ага бар эле эжени уруп салды.ырас болду деп карап турдук.бул жерде аял киши озу куноолу
0
CrazyBee
2010-12-18 00:08:41
Мен Москвада жашайм, мындай окуяларды оз козум менен коруп журом. Таджиктер менен, озбектер, азербайжандар м-н жургон кыздар коп. Алар кобунчо айылдан келген, башкача айтканда шаар коро элек кыздар. Шаарда эч ким корбойт, эч ким билбейт, шаарда ушундай кылат экендеп, тамеки тиштеп алып жургон кыздар толтура. Ошол кыздар, намысын бек сактап, татынакай болуп жургон кыздарды позор кылышат. Кантип жииркенбей ошол таджиктер м-н журушот? Аларды корсом коонум айланат.
0
Ema
2011-03-14 20:16:12
мозгом думать нужно а не ...опой.как вы потом будете смотреть в глаза своим детям.извите что на русском,по другому не могу.Красноярск.
0
elinur87
2011-06-11 06:39:37
kizdardin ozundo da bar,ki4ine akili menen bolushsa!dagi bolso kirgizdin kiynalgani,ushul Akaev Nazarbaev siyaktuu jakshilap ishtep koiso munun baari bolboit bol4u! Kirgizstandi jok kilgan AKAEV4ILER,BAKIEV4ILER! jaman ishtin ayagi jaman menen butot!
0
Meri_live
2011-10-31 15:31:43
Журокту орутат го!
0
Aika92
2011-11-03 00:20:16
Иии зеенин кейийт да кудай сактасын деги жаштар жаштар ыймандуурак болушса боло эмне деген заман болуп баратат онолсо кен кунуго кудайдан тиленгеним ошо болуп баратат
0
ALBIKA
2011-11-19 19:04:27
конул ачкысы келген кыздарга россияда балээ барбы.кыргыздын намысын кетирбей айылында эле ойноп журо бер.кара кардыны бакканы келдинби.тырышып иштей бер.этегини ачпай ар кимге...
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан