“Айыл Банк” ААКсы 25 жылдык мааракесинин урматына 14 пайызга чейинки чен алдында депозиттерди сунуштайт

"Айыл Банк" жакында, 2021-жылдын 2-июлунда өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт. Ушул жылдар аралыгында ал банк рыногунда системалуу ири финансылык уюм катары калыптанып, көптөгөн иш багыты боюнча ийгиликке жетише алды.

“Айыл банк” ААКсындагы эң башкы жетишкендик – бул тар жол, тайгак кечүүдө аны менен бирге болуп, катарлаш кадам таштап, саны көбөйгөн анын кардарлары. Учурунда бир эле уй менен айыл чарба бизнесин баштаган алардын көпчүлүгү азыркы күндө “Айыл Банк” сыймыктанган, иши ийгиликтүү илгерилеп, банкка болгон ишеними бекемделген ири айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн.

Ошентип, "Айыл Банкына" ишенимин артып, узак убакыт бою кызматташып келе жаткан кардарлар үчүн банк 25 жылдык мааракесинин урматына “Стандарттык ченге +1 жана +2” акциясын жарыялаган жана бул иш-чара 10-августка чейин созулат. Демек, кардарлар үчүн банктын кайсыл болбосун жакын жайгашкан кеңсесинин бирине келип, улуттук валютада 24 жана 36 айга, башкача айтканда эки-үч жылга жылдык 14 пайызга чейинки чен алдында “Керемет”, “Ардагер” жана “Кенч” депозиттерин ачуу мүмкүнчүлүгү сунушталууда.










Депозиттер (аманаттар) боюнча кеңири маалымат менен банктын www.ab.kg аталышындагы сайтынан таанышууга болот.

Банк Кыргыз Республикасынын “Банктык депозиттерди (аманаттарды) коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, депозиттерди коргоо системинин катышуучусу болуп саналат жана 2009-жылдын 12-августунда ага катышуучу банктардын тизмесинде катталган.


"Айыл Банктын" колдоосу алдында акча топтоп, аны көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калгыла!

"Айыл Банк" – Сизге жакын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан