Кесип
Элибиздин өткөн жашоо-турмушун, маданиятын, биздин күнгө чейин сакталып калган тарыхый эстеликтерин изилдеген адистер бар. Сөз археологдор жөнүндө болуп жатканын баамдасаңыз керек. Бул кесиптин кандай күңгөй-тескейи бар?
Бул тууралуу кененирээк билмекке Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун археолог-изилдөөчүсү Айдай Сулаймановага кайрылдык.
КЫЗЫКТУУ
– Айтсаңыз, айымдар үчүн археолог болуу оор эмеспи?
– Албетте, мырзаларга салыштырмалуу аял кишилерге археолог болуу бир топ оор. Үй-бүлөдөн алыс, көбүнчө жашоого ыңгайсыз шартта, узакка иштөөгө туура келет. Казуу иштери кара күчтү да көп талап кылат.
– Кыргызстанда сиз сыяктуу археолог кесибин аркалаган айымдар көп элеби?
– Кыргыз археологдорунун жарымын ушул күнгө чейин эле айымдар түзүп келишет. Азыр биздин институтта 5 археолог эмгектенсе, анын төртөө аял.
– Археолог болуп калууңузга эмне түрткү болгон?
– Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин 1-курсун аяктаган соң Кочкор районунда жүргүзүлгөн археологиялык казууларга катышып калдым. Ошондо археологдук кесип өзүнө тартып алды десем болот. Кийин курстук иш жазуу үчүн байыркы түрк доорундагы таш тулкулар (балбал таш) жана маркумдарды эскерүү үчүн курулган коргончо эстеликтерди изилдөөгө катыштым. Ошентип, окуу жайды аяктаганга чейин казуу иштерине катышуу адатка айланды.
– Кесибиңизге жараша эски көрүстөндөрдү ачып изилдөөгө туура келет. Андай учурда кишинин сөөгү табылса, кандай сезимдерге кабыласыз?
– Биринчи жолу кишинин сөөгүн топурактан тазалап алып чыкканда түз карай албай коркуп, араң караганым эсимде. Ошол сезим бүгүнкү күнгө чейин унутулбай келет. Азыр деле кишинин же малдын сөөгүн тазалап, сүрөткө тартып жатканда жалгыз калуу мен үчүн жагымсыз. Сөөктөн мурун көрдүн сүрү бар. Кээде арбактар түшкө да киришет.
– Сөөктү тазалоого канча убакыт сарпталат?
– Сөөктүн өзү табылганча эле көп убакыт кетет. Мисалга, 5-6 адам катакомба тибиндеги мүрзөнү күрөк менен ачып, сөөккө жеткенче бир жума керектелет. Үстүнө үйүлгөн топурактын диаметри 10-20 метр, кээде мындан да көп болот. Табылган сөөктү бир күндө деле тазалап койсо болот. Көп учурларда кошо көмүлгөн буюмдар сөөктөр менен аралашып калат. Аларды сындырып албоо үчүн абайлап иштейсиң.
– Баатырлардын сөөктөрү да чыгабы?
– Көп эле сөөктөр табылат, бирок тигил же бул баатырдын сөөгү деп аныктоо мүмкүн эмес. Мисалы, Монголиядан Култегиндин, Билге кагандын, Тонүкүк жана башка аскер башчыларынын коюлган жайы, күмбөзү деген жерлер изилденген, бирок сөөктөрү табылган эмес.
– Тарыхый жайларды изилдөө үчүн машина жете албаган жерлерге да барууга туура келет. Андай жерлерге жетүү кыйынчылыктарды туудурса керек...
– Андай изилдене турган жерлер бизде көп. Мисалы, Саймалы-Ташка (Көк-Арт өрөөнү) баратканда көп азап менен жетебиз. Машина жеткен жерге чейин барып, андан ары малчылардан ат, эшек сурап, тамак-аш, идиш-аяк, төшөнчү, кийим-кечелерибизди көтөрүнүп, бир күн кечке жөө жүрөбүз.
– Тамак-аш менен кийим-кечени жөө көтөрүп жүрүү аялдарга оор эмеспи?
– Айла жок. Жаан-чачында да иштөөгө туура келгендиктен, жылуу кийимден тышкары 2-3төн бут кийим алабыз. Таманы калың батинкеден тышкары аялдарда резина, эркектерде кирза өтүк үзүлбөйт. Жөнөкөй жеңил чатырлар бизге жарабайт. Казуу ишине 7-8 же 20дай адам бир барабыз. Андыктан ошончо киши баткыдай оор, калың чатырды алып жүрөбүз. Жаан, кар жааган учурларда жакшылап жуунуу деген жок. Бети-колду араң жууйсуң.
– Элден укканыма караганда, Тогуз-Торо аймагындагы Саймалы-Таштын касиети бар экен...
– Ооба, өзгөчө касиети бар. Ал жерге күн суукта барсак да, эч кимибиз оорубайбыз. Менин суукта кармап калчу кызыл жүгүрүк оорум бар. Ал жерде таштан ташка секирип суукта иштейсиң. Үч жолу бардым, оорум бир да жолу кармаган жок.
– Дагы кайсы жерлердеги казуу иштерине катышкансыз?
– Кочкор, Соң-Көл өрөөндөрүндөгү байыркы гунндарга, түрк урууларына жана моңголдор дооруна тиешелүү көрүстөндөрдү казууга, кийин Көк-Арт өрөөнүндөгү Үңкүр-Таш, Ысык-Көлдөгү Өрнөк, Таластагы Жалтырак-Таш, Айрымач-Тоо (Сүрөттүү-Таш), Чийли-Сай (Сахаба), Өзгөндөгү Суук-Дөбө, Байчечекей эстеликтеринде ташка чегилген байыркы сүрөттөрдү жана башкаларды изилдөө иштерине катышкам.
Соң-Көлдүн айланасында байыркы көрүстөндөр көп. Бир жолу изилдөөгө барганыбызда кечкисин жаан жаап, шамал болуп жаткан. Эртең менен турсак, кар жаап салыптыр. Ошондой суукта казуу оор. Баткакты казып сыртка ыргытуу, ылайдын арасынан тапкан буюмду тазалоо түйшүгү дегендей... Ошондой көрүстөндөрдүн биринен түрк дооруна (6-7-кылым) таандык алп адамдын сөөгү, жанынан жаанын октору, бычак чыккан.
– Тажрыйба алмашуулар болобу?
– Акыркы жылдары тажрыйба алмашуу максатында Казакстандагы көрүстөн жана шаар урандыларын казуу иштерине активдүү катышуудамын. Атайын чакырык менен барам. Жакында Япониянын Нара шаарынан бир айлык курсту окуп келдим. Анда археологиялык эстеликтерди изилдөө үчүн жаңы техникаларды колдонууну үйрөндүк. Тарыхый эстелик жайларды коргоо маселелери тууралуу да көп нерсени билип кайттык.
– Башка өлкөдө жүргүзүлгөн казууларда табылган буюмдарды биздин өлкөгө алып келүүгө болобу?
– Табылган буюмдар кайсы жерден казылса, ошол жердин музейлерине өткөрүлүп берилет. Ошондуктан ал буюмдарды бизге алып келүүгө мүмкүн эмес.
– Мүрзөнү ачарда куран окуйсуздарбы?
– Биздин заманга чейинки көрүстөн болсо да, арбактарга багыштап куран окуйбуз.
– Казууда табылган буюмдардын баалуулары барбы?
– Табылгалардын баары чоң-кичинесине карабай тарыхый баалуулукка ээ.
– Табылган буюмдар кайда өткөрүлөт?
– Буюмдар мекеменин же Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлөт.
– Ал буюмдарды өзүңөргө алып калсаңар болобу? Мисалы, ырым катары байыркы тыйындарды?
– Өзүң алып калуу – болбогон нерсе. Ырым катары да элестете албайм.
– Казуу иштеринде кызыктуу окуялар көп эле болуп турса керек, ошолордун биринен айтып бербейсизби?
– Биз үчүн табылган майда нерселер да өтө маанилүү. Бир жолу курсташым экөөбүзгө биринчи жолу өз алдынча казуу буйрулду. Көрсөткөн жерди каздык. 20-30 сантиметрдей казганда койдун сөөгү чыкса, “бул мында эмне кылып жүрөт?” деп ыргытып жибердик. Текшерүүгө келген агай эмне тапканыбызды сураганда эч нерсе таппаганыбызды айттык. "Чыккан нерсени ыргыта берсеңер кайдан болсун?" деп, ыргыткан сөөктү көрсөтүп, ал маркумду эскерүүдө коюлган тамак-аштын калдыгы экенин түшүндүргөн эле.
Мени менен иштеген кыз бир жолу көрүстөндү казганда сөөктөрдүн арасынан алтын төөнөгүч таап алыптыр. Түштөнүүгө келгенибизде “алтын таптык” деп сүйүнчүлөштү. Кыздын колунан алтын төөнөгүчтү көрүп, мен да мактадым. Бирок табылганы карап, формасы азыркы төөнөгүчтөргө окшош экен деп ойлоп койдум. Төөнөгүчтөгү эки орундуу санды көрүп, ого бетер таң калып, кызга көрсөтсөм, аңкайып эле туруп калды. Анан агайга айта баштаганда ал каткырып жатып калды. Ошондо гана агай төөнөгүчтү тамашалап таштап койгонун түшүндүк.
– Жашыруун болбосо, айтсаңыз, айлык акыңыз канча?
– Маянабыз 3-4 миңдин тегерегинде. Мындай айлык менен иштегенге фанаттар эле калды болуш керек деп ойлойм. Ысык-суукта жүрүп көп ооруп каласың, ошондуктан командировкага баратканда өз каражатыбызга дары-дармек алып алабыз. Айлыгыбыз аз, кыйынчылык көп болсо да, кесибимди сүйгөндөн 18 жылдан бери иштеп келем.
– Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg