Жакынкы убакка чейин орусиялык космонавттардын айлыгы анча көп эмес болчу. 2021-жылы апрелде Орусия өкмөтү алардын айлыгын көтөрүү боюнча токтом кабыл алган. Эми алардын айлыгы жогорулайт. Алып айтсак, космонавттыкка талапкерлердин айлыгы 60 900 рублдан 82 000 рублга, космоско учуп барып келгендердики 63 800 рублдан 86 800 рублга жогорулайт. Ал эми инструктор-космонавттыкы 88 400 рублдан 120 300 рублга көтөрүлөт. Айлыктан тышкары алардын иш стажына карап да кошумча акча төлөнөт.
NASA астронавттары 8-9 миң евро айлык, ал эми Европа космос агенттигинин астронавттары 7-8 миң евро айлык алышат.
Канымжан Усупбекова