КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ОРХАН ИНАНДЫ ТҮРКИЯДАН ТАБЫЛДЫ

Бир айдан бери изделип жаткан Кыргыз жараны Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы жашыруун операцияда Бишкектен кармап кеткени ачыкка чыкты. Бул окуя коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

ЭРДОГАНДЫН БИЛДИРҮҮСҮ

Бишкектеги “Сапат” лицейинин түптөөчүсү Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-июлда министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

-Атайын кызматтын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптуусу Орхан Инандыны Түркияга алып келди. Инанды ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун ыплас акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз, – деди Эрдоган.

УЛУТТУК НАМЫС МАСЕЛЕСИБИ?

Көпчүлүк Орхан Инанды Кыргыз өлкөсүнүн жараны, аны башка өлкөнүн атайын кызматынын кармап кетиши Кыргыздын эл аралык аброюна, эгемендигине доо кетирген, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан окуя деп коңгуроо кагып жатат. Буга чейин Инандынын жоголушун президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алганы, ИИМ менен УКМКга аны табуу боюнча тапшырма бергени жарыяланган. Айрым саясатчылар Инанды саясаттын курмандыгы болду, бийлик анын кармалганын билбей калышы мүмкүн эмес деген пикирлерин айтышты.

6-июлда Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги Инандынын Түркия тарабынан кармалышы боюнча Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Доганды чакырып, нота тапшырды. ТИМ Түркияны аталган жаранды кайтарып берүүгө чакырат. Ал эми элчи Ахмет Доган кармалган Инанды Түркиянын да жараны экенин айтты. Бул Түркия Инандыны кайтарып бериши күмөн деген белгиби?

Дагы бир жагдай: жакында президент Садыр Жапаров Түркиядагы иш сапарында Эрдогандан Инандынын дайынын сураганын, Эрдоган Инанды тууралуу билбейм деп жооп узатканын Жапаровдун басма сөз катчысы жарыялаган эле.

Президент: ИНАНДЫНЫ КАЙТАРЫП БЕРИШИН ТАЛАП КЫЛАБЫЗ

Бул окуяга карата президент Садыр Жапаровдун жообу 6-июль кечке жуук жарыяланды. Өлкө жетекчиси “24 кg” агенттигине комментарий берип, бул иште Түркиянын расмий жообун күтө турууга чакырды.

-Албетте, талаптар коюлат! Мен дароо тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге элчини чакыртып, ага нааразычылык нотасын тапшыруусун буйрудум. Нота бүгүн тапшырылды. Бул маселени биз түрк тарапка көтөрүп чыктык жана Орхан Инандынын кайтарылып берилишин талап кылабыз. Бирок азырынча түрк тараптан расмий жооп боло элек. Алар Орхан Инанды алардын жараны экендигин, анын Түркия жарандыгынан чыкпагандыгын оозеки билдиришкен. Биз Түркиядан расмий жооп күтүшүбүз керек - деди Жапаров.

КЫРГЫЗ-ТҮРК МАМИЛЕСИ САЛКЫНДАЙБЫ?

2016-жылы Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, буга Эрдоган дин аалымы Фетхуллах Гүленди айыптаган. Ушул окуядан улам Кыргыз-Түрк мамилеси солгундай түшүп, өлкөдө Гүленге байланышы бар “Себат” лицейи “Сапат” деп өзгөртүлгөн. Бул жолу Кыргыз-Түрк мамилеси кандай нукта өнүгөт?

Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан