(Башы өткөн сандарда)
Ортодо турган телефон “зың” эте титирей түшкөндө өз ойлору менен алпурушуп отурган үчөө тең чочуп кетишти.
– Ким чалып жатат?- Мирбектин коркуп кеткени байкалды.
– Ким чалмак эле?! Бул номер бир кишиде эле бар...
– Алгыла!
– Ал биздин үнүбүздү таанып калат. Сен ал!- Марс Сашаны тиктеди.
– Мен кекечмин да...
– Башка айла жок. Сен алышың керек.
Бул үчөө талашып-тартышканча эле чалуу токтоп калды. Стулда байлануу турган Тилектин атасы буларды карап мыйыгынан күлүп койду.
ххх
Хостелден шаша-буша чыккан Сабина токтогон таксиге шарт отура калып, “аэропортко” деди. Артын улам-улам кылчактай караган кызды айдоочу күзгүдөн сынай карап, анан ылдамдыгын жогорулатып баштады.
– Эмне бирөөдөн качып келе жатасызбы?- деди акыры ал орус кызга.
– Жок.
– Артыңызды кылчактап караганыңыздан...
– Аа... Ушул жерди жакшылап эстеп калуу үчүн карадым. Мен саякатчымын. Кийин келип калсам кереги тиеби деген ой.
– Саякатчы болсоңуз мындан ары кайда жөнөдүңүз?
– Азыр Түркияга жөнөйүн деп жатам.
– Ушундай аптаптабы? Швейцарияга барыңыз.
– Жок, Түркияга. Андан ары Америка же Германияга учам.
Айдоочу алган жообуна канааттангандай унчукпай калды. Терезеден сыртты тиктеп бараткан кызды “бир байдын эрке кызы болсо керек да” деп ойлоп койду.
ххх
Аэропортто каттоодо турган кыз паспорттогу сүрөттү бир карап, Сабинаны бир карап көпкө убараланды. Хостелдин администратор кызынын паспортун кымырып келип, жүзүнөн камырабастыкты көрсөтүп маңдайында турган Сабина жылмайып гана тиктеп тура берди.
– Сизди бул сүрөттөгү адамга окшото албай турам...
– Хе, а паспортко сонун болуп түшкөн адамдар барбы?! Баарыбыз паспортто өзүбүзгө окшобой калганбыз го. Бул канча жыл мурунку сүрөт?! Бул кезде чачым да узун болчу. А баса, ринопластика жасаткам. Ушуну такыр айткым келбейт,- Сабина ишенимдүү болуу үчүн чоң сырын айткан адам сыяктуу “сизден башка бул жөнүндө эч ким билбесин” дегендей ыңгайсыздана жылмайып койду.
– Аа... Жолуңуз шыдыр болсун!- каттоодогу кыз эми баарын түшүнгөндөй колундагы мөөрдү тарс эте баса койду.
ххх
Айка түн бир оокумда кагылган эшиктин добушунан чочуп ойгонду.
– Ким бул?- каалгага жакындап келип коркуп сурады.
– Мен. Тилекмин... Айка?
Кыздын жүрөгү оозуна кептеле түштү. “Глазоктон” сыртты тиктеп, чын эле каалганын аркы жагында бир кезде ашык болгон Тилеги турганын көрдү. Карасаң, азыр деле денесин калтырак басып толкунданып кетет тура.
– Аа... Мен кийинип алайынчы, Тилек.
“Ачсамбы, ачпасамбы?” деген арсар ойдон жыйынтык чыгара калууга убакытты созуш үчүн ушинтти. Анан эмне кылат? Өзү тиги кекеч орус жигитке кошулуп Тилек каткан акчаны издеп жүрбөдү беле?! Акчанын эсебин укканда Тилекке болгон сезимдери деле мокой түшкөндөй болгон. Анын баарын бул билеби? Жо-ок, билсе келмек эмес. Демек... Балким, акчанын кайда экенин алдап-соолап айттырып алсачы. Ойлонуп бүтүп-бүтпөй эшикти ачты.
– Легендарлуу Тилек өзү келдиби, ээ?- жигитти жылмая карады.
– Мага сенин жардамың керек, Айка.
– Алгач учурашып алалычы... Кандайсың?- кыз жигиттин моюнуна асылды. Экөө бир топко кучакташа турушту.
ххх
– Эмнеге аралашып алдың, Тилек? Сен тууралуу телевизордон, жаңылыктардан угуп калдык го... Таптакыр түшүнбөй калдым,- ар жак, бер жакты терезеден алдастай карап, кимдир бирөөдөн жашынып жүргөндөй каректери бир ордунда турбаган Тилекке чай куюп жатып билмексен боло сурады Айка.
– Ал абдан узун тема... Кээде бүт дүйнө сага каршы чыгып алат экен. Анан алдастап бурчка такалганда ичиңдеги жырткычтарыңдын баары ойгонуп, өзүңдү тааныбай калат экенсиң.
– Бир сулуу кыздын айынан ушинтти дешти мага.
– Хе, адилетсиздикке каршы чыкты деген “пафосно” угулат да. Андан көрө бир кыздын айынан ушинтти деген ишенимдүү угулуп жатпайбы?!
– Демек, сен адилетсиздикке каршы чыктыңбы?
– Ооба.
– Кантип?
– Билесиңби? Ал жерде бирөөсүндө акча, бирөөсүндө бийлик бар болчу. Албетте, кыз ууру болчу. Аны мыйзам менен жазалаганга болмок. Бирок тигилер аны өздөрү жазалап, зордоп, күчүн көрсөтмөй болушту. Мен карап тура алган жокмун. Мен, биринчиден, милиция кызматкери катары карап тура алган жокмун. Бирок... Бизде дайыма ушундай го, эмне аракет кылба жогору жактагылар кааласа сени кылмышкер кылып коюшат.
– Тиги кызга эч кандай сезим пайда болгон эмес беле?!
– Чынында, аны мен ал окуядан кийин көргөн да эмесмин!
– Мм,- Айка ишенгендей түр көргөзүп койду. Аныгында ал Сашадан бардыгын сурап билип алган.
– Эми мага сенин жардамың керек.
– Угуп жатам...
– Менин атамды уурдап кетишти. Мага басым кылуу үчүн. Акча сурап жатышат. Мен бул ишти кимдер жасаганын билем.
Айканын жүрөгү шуу дей түштү.
– Ким?
– Марс менен Мирбек... Муну алар Бакыттын тапшырмасы менен кылып жатышат.
– Сен Марска чалып, аны жолугушууга чакырчы. Билесиң го, ал сени жакшы көрөт. Сен чакырсаң эле келет. Калганын мен өзүм сүйлөшүп алам.
Айка эмне деп жооп берерин билбей калды.
– Тилек,- деди анан ал саамдан кийин: – Тилек, сенин азыркы абалың чынында эле оор болуп жатыптыр. Бирок мени бул иштерге аралаштырбачы! Мен корком... Эртең Марс мага бир нерсе кылса эмне кылам? Начальнигиңер Бакыт камакта жатып алып ушуну кылып жатса, мени таптырып туруп өлтүрүп койбойбу? Сен өзүң эле жолук. Ал эмне сенден качмак беле?
– Жо-ок, мен өзүм деле жолуксам болот. Бирок сен ага акырын бир-эки суроо берип көрсөң эле атамды кайда катып жатышканын билип алмакмын.
– Жок, Тилек, кечирип кой. Мен... Мен корком.
– Менин келип кеткенимди эч ким билбей эле койсун.
ххх
Айканын үйүнөн чыгып эле тепкичтер менен үстүңкү кабатка чыгып кетти. Атасын алып кеткендер үйүнө кат таштап кетишсе, демек, мунун артынан аңдып да жүрүшөт. Бул үйгө кирип-чыкпаганын байкашса, акыры издеп чыгышы мүмкүн деп ойлонду. Анык ким экенин, балким, ошондо билет...
1 сааттай ар кайсы ой менен алпурушуп отурду. Анан эле бир убакта Айканын эшигине капюшонго жашынган бирөө келгенин байкады.
– Бу-бул мен! А-айка...- кекечтенген орус жигиттин үнүн эшитти. Кекеч орус. Ушундай түндө... Аң-сезиминдеги болгон маалыматты аңтарып баштады. Анан бир убакта “Саша байкенин баласы... Ал кекеч. Эч нерсе кыла албайт” деп Сабинанын айтып жатканын эстеди...
(Уландысы кийинки санда)