Апта мырзасы – АЙДИН ШЕР

Жылдыздар турмушунан

Бул жигит менен кайда жүрбө, кол тамга сураган кыздар. Кызык, алар ырчынын талантына кызыгышабы же келбетинеби? Кантсе да Айдин Шер “сулуунун болбойт жүрөгү...” деген макалды четке какты.

АЙДИН ШЕР ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1989-жыл, 2-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 182 см
Салмагы – 78 кг
Бут кийиминин өлчөмү – 42
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жашаган жери – Ала-Тоо конушу
Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Махабат – өмүр көркү”, “Сүйүү мага келе элек” ж.б.

– Айдин Шер дегенде кандай адам­ды элестетсек болот?
– Боорукер, ак көңүл, шайыр, анан ишенчээк, ачуусу чукул, уялчаак баланы.
– Маанайың чөгүп турганда абалдан кантип чыга­сың?
– Айрымдар жакшы нерселерди эстеп, көңүлүн көтөрүшөт эмеспи. Мен болсо, тескерисинче, аягына чейин көңүлдү түшүргөн ырларды угуп, биротоло 100 пайызга чөгүп, анан кайра жаңыдан жашоомду баштайм.
– Чегинен ашкан күйөрмандарың болду беле?
– Кээде түнкү саат 3-4төрдө деле маяк бере беришет. Чалсаң, уялбай “таанышып албайлыбы?” деп күйдүрүшөт. Бирок канчалык жиним келсе да, катуу айтпайм. Анткени алар менин күйөрмандарым.
– Учурда ырчы менен продюсерлер арасында түшүнбөстүктөр көп болууда. Сенде андай болбойт деп ишенесиңби?
– Жашоодо ар кандай нерселер болуп калышы мүмкүн. Бирок, албетте, Кудай сактасын дейинчи.
– “Сулуунун болбойт жүрөгү...” деген макалга көз карашың...
– “Беш кол тең эмес” деп коюшат. Ар кандай адамдар бар. Жеке мен сүйүүгө туруктуумун.
– Каалаган кызды сүйдүрүп алышы­ңа көзүң жетеби?
– Эгер чындап кызды жактырсам, анда аракет кылып сүйдүрүп алышыма көзүм жетет.
– Кыска кийинген кыздарды көргөндө...
– Биринчи “бул кыз көңүл бурууга муктаж” деген ой келет.
– “Шоу дүйнө таза эмес” дешет. Сенин оюң...
– Кыргыз шоу дүйнөсү ыплас дегенчелик деңгээлге деле жете элек. Мен андай жаман жагын көрө элекмин.
– Шоу чөйрөсүндө сени көрө албагандар барбы?
– Баары менен сый мамиледе болгондуктан, көрө албагандар деле жок.
– Мындан 20 жылдан кийин өзүңдү кан­дай элестетесиң?
– Өзүмдү Бек байкедей элестетем. Тагыраак айтканда, буюрса, кесибим боюнча прокуратурада иштеп, анан ырчылыкты да таштабайм.

АКЫРКЫ ЖОЛУ...
– Сүйүүдөн качан бактылуу бол­гонсуң?
– Эстеп көрсөм, 2007-жылы сүйгөн кызым менен кол кармашып жүргөндө бактылуу болгон экенмин.
– Кыздарга белек бергенсиң?
(Көпкө ойлонуп) Аябай сонун белек бергенимди эстей албайм, бирок дос кызыма жарым жыл мурун гүл бергем.
– Сүйүүңдү билдиргенсиң?
(Дагы ойлонуп) Бир жыл мурун сү­йүүмдү билдиргенге аракет кылгам. Ал кезде чын жүрөктөн сүйүү билдиргем деп ойлочумун.
– Эмне таң калтырды?
– Адамдарга таң калам да... Сен керек болгонуңда “ой, кийин жардам берем, кел” дешет. Анан ишиң түшүп “ий, жардам берем деди эле” деп барсаң, “болбой калды” деп калышат экен. Ушундайлардан улам адамга ишенгенден да коркуп калдым.
Келечекте... Фестиваль, сынактарга катышып, элиме татыктуу кызмат кылсам дейм.
Өкүнөм... Убагында ата-энемдин сөзүнө кулак салбай, окубай жүргөнүмө.
Сыймыктанам... Элге жүзүм таанылып, күйөрман топтой алдым. Ата-энем менен сыймыктанам. Ошондой эле Динара эже менен иштешүү да мага сыймык.
– Маегиңе рахмат, тушоо тоюң ийгиликтүү өтсүн!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
honey
2010-11-05 16:57:08
Чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
cosmopolit
2010-11-06 03:44:49
озунчо эле лапочка...
0
alexandra
2010-11-07 01:31:05
formasynda ozuncho ele prince bolup alyptyr, maga ayabay jakty
0
nuriza
2010-11-07 16:15:12
Соз жок!!!!!
0
TolonturCN
2010-11-08 19:21:15
АЙДИН ШЕР ийгилик сага!
0
Ruzi
2010-11-09 14:20:59
Айдин Шерди накта Кыргызымдын жигити десе болот проста SUUUUUUPER!!!во всем удачи
0
angel
2010-11-10 17:14:22
Айдин Шер Кыргыз элин дуйно жузуно таанытчу бала , супер просто!!!
0
Nurayka
2010-11-12 15:31:57
акыркы ыры аябай жакты! Келбети бирок как будто после пластич. операции...
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан