Шайыр, энергияга бай ЗЕЙНЕП БАСТЫК

Кагаздан үн чыкпаганы кандай өкүнүчтүү... Эгер үн чыкса мени менен кошо

Bi kere kırıldım bi daha kurulma

Bozuldu döküldü içime içime

Neler yaşattın, canımı yaktı çok

Yine de üzülme... деп кыңылдап ырдамаксыз. Түрк ырчылары Мустафа Сандал менен Зейнеп Бастыктын 2 жыл мурун чыккан “Mod” ыры азыркыга чейин музыка сүйүүчүлөрдүн кулагында жаңырып келет. Ырдын клибин көрсөңүз ырчылар менен кошо бийлегиңиз да келип кетет. Бүгүн биз мукам үнү, ошону менен катар актрисалык өнөрү менен да көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган Зейнеп Бастык тууралуу сөз кылалы дедик.

Аты-жөнү: Зейнеп Бастык
Туулган жери: Түркия, Чанаккале шаары
Туулган жылы: 1993-жыл, 8-июль
Кесиби: ырчы, актриса, бийчи
Белгилүү ырлары: "Her Yerde Sen", “Mod”, «Bırakman Doru Mu», "Uslanmıyor Bu", “Şahaneyim» жана башка
Тартылган сериалдары: “Аты Бакыт”, “Үмүт өчпөйт”, “Душман менин үйүмдө”, “Тыюу салынган нерсе”

КАВЕР ЫРЛАРДЫ АТКАРЫП БАГЫ АЧЫЛГАН

Короодо так секирип ойногон тармал козулардай эле шок мүнөзгө ээ Зейнеп Түркиянын Чанаккале шаарында жарык дүйнөгө келген. Дарданеллы кысыгынын жээгинде жайгашкан, 100 миңден ашык сандагы калкы бар чакан, тынч шаарда келечектеги ырчы 3 жашка чейин эле жашаган. Андан кийин үй-бүлө жашоосу быкпырдай кайнаган, тарыхый Измир шаарына көчүп келет. Дал ушул шаарда мектепти, кийин университетти да бүтүргөн Зейнеп келечегин музыка менен байлоону чечет. Эмнеге болбосун, бакыраң көз сулууда келбет да, үн да бар. 2010-жылы “Жекпот” музыкалык тобуна кошулган кыз популярдуу ырларды кавер аткара баштаган. Анын ырдаганы ырчы Мурат Далкылычтын кулагына жетип, ал Зейнепти өзүнүн чыгармачыл тобуна бэк-вокалчы катары чакырат. Далкылычтын жардамы менен 2014-жылы Зейнеп Бастыктын дебюттук «Firca» ыры жарык көргөн. Ушундан кийин жеке ырчы катары карьерасын баштаган Зейнеп учурда өзү эңсеген популярдуулукка жете алды. Аткаруучу катары эле эмес, ыр жазган профессионал музыкант да болду. Баса белгилей кетчү жагдай, YouTube желесине тараган анын аткаруусундагы кавер ырлар чыгармачылыгына кенен жол ачып берген. Аны ырчы өзү да танбайт, азыркыга чейин күйөрмандарын маал-маалы менен кавер ырларды аткарып сүйүнтүп турат.

АТАКТУУ БИЙ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ

Зейнеп Бастыктын жашоосундагы дагы бир маанилүү окуяны айтып кетпесек болбос. Чыгармачылыктын алгачкы жылдарында эле ал атактуу “Анатолия Оту” бийчилер тобуна кошулат. Бул бий топ Түркиянын маданий сыймыктарынын бири. “Анатолия Оту” 2 ирет “Гиннесстин рекорддор китебине” кирген. Биринчисинде эң бат бий кыймылдары үчүн (1 мүнөттө 241 бий кадамын жасашкан), экинчисинде эң көп аудитория топтогону үчүн (400 миң) рекордчу аталышкан. 120 бийчиден турган топ дүйнөнүн 90го жакын өлкөсүнө гастролго чыккан. Азыр Зейнеп Бастыктын бийлегенин карап, бекеринен атактуу бий тобунун мүчөсү болбогонун байкасак болот.

АКТРИСА, АЛЫП БАРУУЧУ

Зейнеп тасмаларга саундтрек жазып, алардын аткаруучусу катары да белгилүү. Назик кызды карап отуруп мынча энергияны кайдан алат деп ойлойсуң. Бир учурда эле ырчылыкты, бийчиликти алып кеткен кыз тасма талаасына да эрте эле аралашкан. 2015-жылы чыккан комедия жанрындагы “Аты Бакыт” сериалынан Зейнептин актрисалык өнөрүнө баа берсеңиз болот. Комедиядан кийин драма, мелодрама жанрынан да өзүн сынаган ал Түркиянын мен-мен деген актёр-актрисалары менен биргеликте 2018-жылы “Душман менин үйүмдө” жана “Тыюу салынган нерсе” сериалдарына тартылууга үлгүргөн.

Бастык багынткан дагы бир кесип – алып баруучулук. Анын алып баруусундагы шоудо Түркиянын жылдыздары кенен-кесир маек куруп, сандыктагы сырларын ачып беришет. Жагымдуу, ачык маек курууга, албетте, алып баруучунун эркиндиги, жасалмасыз шайыр мүнөзү жардам берери шексиз.

ЖҮРӨГҮ БОШПУ?

2019-жылы Зейнеп “Adidas” компаниясынын жүзү катары келишимге кол койгон. Дүйнөлүк бренддин жүзү болуу ар кимдин эле колунан келе бербейт эмеспи. Учурда анын жүзү косметика, тамак-аш жана башка продукцияларды жарнамалап жүрөт. Ырчы, бийчи, актриса, алып баруучу, модель... айтор, татынакай кыздын жүрөгүн багынткан мырза барбы?

“Тыюу салынган нерсе” сериалына тартылып жүргөн учурда Зейнеп менен популярдуу актёр Рыза Коджаоглу экөөнүн ортосунда сүйүү оту тутанган. Бирок бул мамиле кандай бат тутанса, 4 айдан кийин эле жалп өчкөн. Мамиленин уланбай калышына Рызанын олуттуу мамилеге кызыкпаганы себеп болгон деп айтылып келет. Зейнеп жеке жашоосун коомчулукка жарыялагысы келбейт. Эмнеси болсо да таланттуу кыз бактылуу болсун.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан