(Башы өткөн сандарда)
Жигиттер өздөрүнүн унааларын таштап, башка эки унаа менен чыгып кетишти. Тахир жол баштап бара жатты. Зымырап ээрчишкен унаалар бир маалда жарыгы жок кичинекей көчөгө бурулушту. Дубалдары бийик чоң үйдүн капталына токтошту. Эшикте кыбыр эткен жан жок, жадакалса жарыктары өчүк экен. Бир далайга үйдөн киши-кара чыгабы деп күтүп отурушту. Тахир бастырып кирип барууну ойлоду, бирок жөн эле убара болуп калышсачы.
– Эмне биз келгиче алып чыгып кетишкенби, же орун которуп кетиштиби? Болбосо буга чейин бир кыймыл болот эле го,- Тахир эмне болгонун такташ үчүн өзүнүн тыңчысына телефон чала баштады. Анысы бир да чалууну албай койду.
– Ой кеңкелес, бизди алдайм дедиңби? Убара кылганың үчүн мен сага көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби,- иши пландагандай болбой калган Тахир ызырынып сөгүнүп жатты. Сыртта таң сүрүлө баштады. Тахир жерге жарык киргенче бул жактагы кыймылды байкап турганга эки баланы таштады да, өзү Байэлди салып кайдадыр жөнөп кетти. Жинин унаадан чыгарып жатты. Аңды-дөңдү карабай айдап барып бир көп кабатуу үйдүн алдына токтоду. Кимдир бирөөнү күткөндөй улам айлана-тегеректи карап коёт. Байэл анын мынчалык жинденгенин көргөн эмес. Ашыкча суроо бергиси келген жок.
Аңгыча үйдөн чыгып келе жаткан кишини көздөй айдады. Унаа чоочун болгондуктан тиги киши анын Тахир экенин тааныган жок. Жанына жеткенде машинанын терезесин ачты.
– Кел, отур,- башы менен жаңсап арткы орундукту көрсөттү. Тигиниси Тахирди көрүп чочуп кетти.
– Эме...- жооп кайтарайын деди эле Тахирдин каардуу жүзүн көрүп шып отурду. Көздөрү алаңдап коркуп жатканы байкалып турду. Ал отурары менен тоо тарапка учуруп айдап жөнөдү. Ээндеп калганда дароо токтоду да, Тахир сыртка чыгып эле чылымын күйгүздү.
– Тигини да түш де,- деди артынан түшүп келе жаткан Байэлге. Лөкүйүп көлөмдүү көрүнгөнү менен, Тахирден коркот өңдүү. Өзүнчө эле бүжүрөп калды.
– Эмне сен бизди алдайын дедиң беле? Акча кайда азыр?- ызырынып турган Тахир тигини жакадан алып муунтуп жиберди. Кызарып кыйналып кетти.
– Алдаганым жок, тоноп келгенден бери ошол жерде кармап жатышкан. Эч кимге бөлүштүрө элек болчу. Бирок бул даректи башкалар билип калды көрүнөт, түндө бул жактан акчаны чыгарып кетиш керек деп пландашканын өз кулагым менен уккам.
– Бүгүн мага эмне болгонун тактап айтасың, эгер дайынын билбей калчу болсок анда таарынба. Өмүрүң менин колумда,- Тахир тигини коё берди.
ххх
Алдыда болчу беттешке экипировка карап жүргөн Арстын телефонуна чоочун номерден чалуу келди. Алса өткөндө залга келген аял экен. Байэлдин чоо-жайын сурады.
– Жабышты да калды го. Аны издеп эмне кылат? Бирок өткөндө мага көрсөткөн сүрөт биздин залдан тартылыптыр. Мынча издегенине караганда бир нерсе бар мында. Андан көрө бул аял кимиси болду экен?- Арс аялдан бир нерсени шекший баштады. “Аны табуунун эң оңой жери эле Аделянын окуу жайы. Ал да сабактан чыга турган маал болуп калыптыр. Тапсам табам, таппасам Аделяны бир көрүп келем” деп ойлонуп Аделянын окуу жайын көздөй жөнөдү. Унаасын токтотуп, Аделянын чыгышын күтүп отурду. Аңгыча Арс эки жакты карап кимдир бирөөнү издеп жаткансып чыгып келе жаткан Аделяны көрдү.
– Айдоочусу көрүнбөйт го,- Арс дагы эки жакты карап Аделянын айдоочусун көрө албай койду.
– Ушу өзүм жеткирет окшойм,- деп оозун жыйганча эле Аделянын жанына Тойота Камри токтоп, ичинен Байэл чыкты. Башында такси менен келгендир деген, бирок унаада жигит өзү болчу. Байэл кызды утурлай басып, алдынан чыкты. Экөө учурашып, кыз адатынча жигиттин моюнуна асылды. Канча аракет кылса да көңүлүн таба албай жаткан кыз кайдагы бирөөнүн моюнунан кучактап турганына Арс кызаңдап жиндене түштү. Уюлдук телефонун ары-бери айлантып өзүнчө тынчы кетип унаасына батпай жатты. Жетип барып Байэлди жаткыра чаап, кызды өзү менен каякадыр алып кеткиси келди. Аделя аны менен кетсе кана?! Кетмек турсун сүйлөшкүсү да келбейт. Сезимин билдиргенден бери экөөнүн арасы сууп, мурунку сыйлашкан-сырдашкан ага-карындаш мамилесине чекит коюлду. Аделя кайда болбосун Арстан жаа бою качат. Арс кыздын көңүлү үчүн аларга көрүнбөөнү эп көрүп ачуусун, кызганычын ичке катып унаада отурду. Кыздын дагы да кыжырына тийгиси келген жок. Байэл экөө мурун да дал ушул жерде мушташа кетишпеди беле. Аделя дагы ачуу сөздөрү менен ашатып туруп, Байэлди жетелеп кетип калары бышык. Анда эле Байэлдин алдында Арстын абалы кандай болот? Бир кезде Арстын оюна бир нерсе кылт эткендей унааны көздөй бараткан экөөнү сүрөткө тартып алды. Жүрүп бараткан унааны узата карап турду да, эмнегедир аркасынан айдап жөнөдү.
ххх
Маржан телефонуна келген сүрөттөрдү карап жатты. Баштапкы эки сүрөт даана көрүнбөгөндүктөн бир карап жылдырып өтүп кеткен. “Дайынын билген көрүнөт, ырас. Энеси экенимди кантип ачыктайм? Болотко, Баатырга айтам деп баарын чалды-куйду кылбай эле мен энеңмин, атаң сен курсакта кезде өлүп калган, сени таштоого мажбур болгом десемби?” деп ойлонуп жаткан аял үчүнчү сүрөттү көрүп чочуп кетти. Сүрөттү жакындатып улам-улам карап жатты.
– Бул Баатырдын кызы эмеспи? Кандайча, кантип экөө жолугуп калды?- Маржан көргөн көзүнө ишене албай, иш бөлмөсүндө өзү менен өзү сүйлөшүп жатты.
– Чын эле ошолбу? Даана эле ошол кыз. Үйгө келгенде жанынан көрбөдүм беле. Эми эмне кылам?- бир орунга тура албай бөлмөнүн тиги башынан бул башына кыйма-чийме баса берди. Бир маалда Арска телефон чалмай болду. Тактап сурагысы келди.
– Тынчыңды алып жатканым үчүн кечирим сурайм,- деди аял ыңгайсыздана.
– Эч нерсе эмес, эже, колдон келсе жардам берем. Эмне боюнча чалып жатасыз?- Арс шыпылдай жооп узатты. Жакындан таанышып, анын тамырын тартып көрүүнү ойлонгон. Ошон үчүн минтип сөзү өзгөрүп, жакшы балага айланып калды.
– Тигил жанындагы кызды тааныйсыңбы? Байэлге ким болот?- Маржан Баатырдын кызы эмес, башка кыз болсо экен деген үмүт менен сурады. Жөн эле окшоштур деп ойлоду.
– Ооба, тааныйм, аты Аделя. Байэлдин “девушкасы”. Атасы Баатыр деген бизнесмен...- Аделяны Байэлден алып колуна берчүдөй эле шатырата айтып баштаганда байланыш үзүлүп калды. Кайра дароо аялга чалды эле, абонент бош эмес болуп чыкты. Ошону менен аял кайра чалган жок. Арс эми аялдын ким экенине чындап кызыгып калды.
– Энеси экенимди айтуу ушунчалык оор болуп жатты эле, эми сүйгөнүң сенин карындашың деп кантип айтам? Байэлди мурун эле тапсам эмне, акыры бир күн ага энеси экенимди айтмакмын да,- өзүн күнөөлөп жатты. Айласы даана куруду Маржандын. Моюнундагы жүк дагы да оорлошту. Ой-санаасы менен алпурушуп жатып убакыттын кеч болуп кеткенин байкабай калыптыр. Жолдошунан келген чалуудан улам саатка үңүлдү.
– Алло, баары жакшыбы, эмне болдуң?
– Жумуш көп болуп кеч калдым. Бир аздан кийин чыгам,- калп айтты. Болбосо бүгүн эч кандай ишке көңүл бурган жок. Жыйналып үйгө жөнөдү. Жол бою аны бир ойлоп, муну бир ойлоп башы маң болуп келе жатты Маржан. “Биринчи экөөнүн мамилесин бузуунун жолун табыш керек...”
(Уландысы кийинки санда)