Ата-бабаларыбыз учуп жүргөн канаттууларды көрүп, “биз да ушулардай болуп учсак...” деп кыялданышса керек. Алар кыялданган нерсе акырында ишке ашып, учурда кадимки көрүнүшкө айланып отурат. Ошентип, учакка түшө элек кыргызымдын саны күн санап азайып келет. А биз ошол учактарга асманга жол ачкан аэропорттор тууралуу сөз кылмакчыбыз. Анда кеттик, ой, учтук...
БИРИНЧИ ЖҮРГҮНЧҮ ЕСЕНИН БОЛГОН
XX кылымды адамзат тарыхындагы өзгөчө кылым десек жаңылбайбыз. Башка жетишкендиктерин айтып отурбай эле, ток этер жерин айтсам. Аэропорттун обого учактарды узата баштоосу ушул кылымдын 20-жылдарына туура келет. Тагыраагы, 1919-жылы Германиянын Кёнингсберг шаарында ааламдагы эң алгачкы “Девау” аэропорту иштей баштайт. “Девау” сөзү прусс тилинен которгондо “Кудай” деген маанини билдирет. Ошентип, азыркы заманбап аэропорттордун башаты “Кудайдан” башталган.
Андан соң 1921-жылы Кёнингсбергде орус-германдык “Дерулюфт” авиакаттамы түзүлөт. “Девау” аэропортунан эл аралык биринчи каттам 1922-жылы Кёнингсбергден Москвага учкан. Каттамдын алгачкы жүргүнчүлөрүнүн катарында белгилүүлөрдөн орус акыны Сергей Есенин болгонун кошумчалай кетели.
Кёнингсберг шаары II Дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин карамагына өтүп, Калинин наамын алган. Ал кезде каттамдын убактысы 9 сааттык убакытты алса, азыр бул аралыкты учактар 2 саатта эле учуп өтүшөт.
КЫРГЫЗДАРДЫ АСМАНГА КӨТӨРГӨН “МАНАС”
“Манас” Эл аралык аэропортунун тарыхы XX кылымдын 70-жылдарына барып такалат. Аэропорт улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен “Манас” деп аталып калган.
Бул аба майданы 1974-жылы Ил-62 үлгүсүндөгү биринчи учакты кабыл алган. Учактын жүргүнчүсү болуп СССР министрлер кеңешинин төрагасы Н.Косыгин учуп келген. Ал Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгын белгилөө салтанатына катышуу үчүн келген. Ал эми 1975-жылы жүргүнчү ташыган рейстик учак Москваны көздөй жол тарткан.
“Манас” аэропорту эски ордунан азыркы жайгашкан жерине 1981-жылы көчүрүлгөн. Андан 20 жыл өтүп, кылым жаңырган 2001-жылы “Манас” ААКсы “Манас” Эл аралык аэропорту болуп түзүлгөн.
Аталган аэропорт 4Е классына таандык. Бул бардык үлгүдөгү учактарды кабыл ала алат дегендик. Учак асманга көтөрүлгөнгө чейинки жолдун узундугу 4200 метрди түзөт.
АЭРОПОРТУН КӨРҮП ТӨРҮНӨ ӨТ
Дүйнөнүн ири деген аэропортторуна карап отуруп адам баласынын жөндөмүнө дагы бир жолу таң калбай коё албайсың. “Аэропорт – өлкөнүн дарбазасы” демекчи, ар бир өлкөнүн аэропортун көргүң келет. “Кыялдануунун зыяны жок” дечү беле? Анда, аэропорттор менен чогуу таанышалы.
Аэропорттор жүргүнчүлөрдү тейлөөсү, коопсуздугу, аянтынын чоңдугу жана келип-кеткен жүргүнчүлөрдүн саны боюнча өзгөчөлөнүп турат. Учурда тейлеген жүргүнчүлөрдүн саны боюнча Лондондун “Хитроу” аэропорту алдыда. Жылына 84 миллион жүргүнчү тейлегенге жетишет.
МЫКТЫ ЖАНА НАЧАР АЭРОПОРТТОР
Төмөндө эң жакшы жана эң начар 20 аэропорттун тизмеси. Жыйынтык көрсөтүп тургандай, эң жакшы аэропорттор Азия чөлкөмүндө жайгашыптыр. Алар:
Дүйнөдөгү начар аэропорттор
Тизмеде көрүнүп тургандай, эң начар аэропорттордун биринчи үчилтиги – Европанын өкүлдөрү.
Айта кетчү нерсе, жогорудагы рейтингди жүргүнчүлөрдү тейлөөчү абройлуу фирмалардын бири түзүп чыккан.
Ошондой эле Дубайдагы “Аль Мактум” аэропорту көлөмү жагынан дүйнөдөгү эң чоң аэропорт болуп саналат. Аянты 140 чарчы чакырымды ээлеп, курулушуна 8 миллиард АКШ доллары сарпталган. Жылына 12 миллион тонна жүк кабыл алып, 120-150 миллион жүргүнчүнү тейлей алат.
ЭҢ КООПТУУСУ КАЙСЫ?
Голландияга караштуу Сен-Мартен аралында “Ханбийке Юлиана” Эл аралык аэропорту бар. Учак учуучу жолдун узундугу 2180 метр болгонуна карабастан, бардык үлгүдөгү учактарды кабыл алат. Аэропортко конуу үчүн учактарга Махо Бич пляжынын үстүнөн 10-20 метр гана бийиктикте учуп өтүүгө туура келет.
Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун кичи мекени Мадейра аралында “Фуншал” Эл аралык аэропорту жайгашкан. Мындагы учактар үчүн айланадагы океан менен тоолордон сырткары учактын асманга көтөрүлүүсүнө чейинки жолдун кыскалыгы да учуп-конууга кыйынчылык туудурат. Бул нерселер аэропортту дүйнөдөгү эң кооптуулардын арасына кошот. Болуп өткөн кырсыктардын айынан учуп-конуучу жол 3 жолу узартылган.
АЭРОПОРТ КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ УЧАКСЫЗ
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg