ФУКСИЯ ГҮЛҮ

Фуксия гүлүн Европада “эльфердин гүлү” дешсе, кыргыздарда “мончок гүл” деп коюшат. Мекени – Америка, Жаңы Зеландия. Аталган гүл 300 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча гүл өстүрүүнү сүйүүчүлөрдүн үйлөрүн кооздукка бөлөп келет. 100гө жакын түрү бар.

Гүлдү жайында 18-22 градус, кышында 18 градустан өйдө температурада кармабаш керек. Болбосо өсүүсү жайлап, бутондору түшүп, жалбырактары майдаланып, өңү бозоруп калат. Мындай кезде ооруларга жана зыянкечтерге туруштук бериши кыйын болот. Турган жери жылуу жана жарык болсо активдүү өсүп, мол гүл ачат. Абанын нымдуулугу 50-60 пайыз болушу шарт. Жанына идишке суу куюп коюп койсо болот.

Гүлдөө учуру жаздан тарта күзгө чейин. Күндүн түз тийген нуру күйгүзүп жиберет, андыктан гүлдү чыгыш же түндүк жактагы терезеде өстүрүү оң. Идишин улам башка жакка жылдыра берсе жана бөлмөдө аба кургап кетсе бутондорун күбүп салат. Топурагынын бети кургаганы билингенде сугаруу керек. Жайында 3-4 күн сайын, ал эми күздө аптасына 1 ирет, кышта 1 айда 1-2 ирет сугаруу сунушталат. Жайкы аптапта бөлмө температурасындагы суу менен үстүнөн чачыратып сугарса жакшы. Бактын түбүндөгү көлөкөгө таза абага алып чыгып, кечинде кайра киргизип туруңуз.

Апрелден тартып күзгө чейин активдүү өсүүдө болгондуктан 2 аптада бир ирет гүлдөр үчүн чыгарылган даяр комплекстүү жер семирткичти берүү керек.

Калемчеден көбөйтүүдө гүлдү диаметри 9 сантиметрден ашпаган идишке отургузуу керек. Тамыры идишти толук ээлеп калганда мурункусунан диаметри 3-4 сантиметр чоңураак идишке көчүрүңүз. Топурагы үчүн жалбырак чириндисин, кара чириндини, чымдуу топуракты, торфту жана суу түбүнөн алынып тазаланган кумду бирдей өлчөмдө алып, аралаштыруу кажет. Идиштин түбүндө суу чогулбай ашыкчасы чыгып кеткидей кылып 2-3 сантиметр калыңдыкта майда таш же керамзит (гүл сатуучу дүкөндөрдө болот) таштаңыз. Бул ашыкча суудан тамырынын чирип кетүүсүнөн сактайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан