Гаити Республикасынын президенти Жованель Моиз жашаган резиденцияга кол салуу болуп, өлкө башчы оор жаракаттан улам каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кол салуудан биринчи канайым да жаракат алып, ал дагы көз жумганы айтылды. Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар бири-бири менен испан тилинде сүйлөшүшкөн. Өлкөнүн премьер-министри Клод Жозефтин айтуусунда, бул биринчи жолку кол салуу эмес. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында да мамлекеттик төңкөрүш жасоо жана өлкө башчысына кол салуу аракети болгону айтылат.
Лунара Бекиева