Өзбек бийлиги өз өлкөсүндө жеке маалыматтар тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн бир нече социалдык тармактардын иштөөсүнө чектөө койду. Бирок кайсы социалдык тармактарга чектөө коюлганын тактаган эмес. Интернет колдонуучулар Тwitter, TikTok, ВКонтакте социалдык түйүндөрүн колдонууда көйгөй жаралып жатканын айтышууда. Белгилей кетсек, көпчүлүк TikTok социалдык түйүнүн жабылуусун колдогон. Анткени ал жакта чектөө жок, адамдар оюна келгенин кылып, коомду туура эмес багытка үндөөдө деп эсептешет.
Лунара Бекиева