Көгүчкөндүн сүтү алардын кызыл өңгөчүнүн тийиштүү жеринен иштелип чыгат. Сүтү сары түстө быштак сымал болуп, адамдын же уйдун сүтүнө караганда белок, май көп камтылат. Бирок чыныгы сүттөн айырмаланып курамында углевод, лактоза, кальций жок болот.
“Чымчык сүтү” ургаачысы менен эркегинде да жупташуу кезинде эле иштелип чыга баштайт. Андыктан экөө тең балапандарын азыктандыра алат. Алгач кызыл өңгөчүнүн тийиштүү жери калыңдайт, анан кеңейет, ошол кеңейген жеринен (зоб) сүт иштелип чыгат. Курамында май жана белок көп болгондуктан балапандары бат чоңоё баштайт. Сүтү менен балапандарын жумурткадан жаңы чыккан алгачкы 1 аптада гана тамактандырат. Анан акырындап майда урук, көпөлөк, чымын, мөмөлөрдү жана башкаларды жегенге үйрөтүшөт.
Көгүчкөндөр адатта 2 жумуртка тууп, басып чыгарышат. Эгер бир балапаны шамалдан же башка себептен уядан кулап кетип өлсө, сүт беркисине кенен тийип, ылдам чоңоёт. 1 аптада эле балапандары ата-энесинин көлөмүнө жетейин деп калат.
“Чымчык сүтүн” ошондой эле бактектер, фламинго жана пингвиндердин айрым түрлөрү иштеп чыгарат.
Канымжан Усупбекова