КАРЛИК КАМАНДАР

Карлик камандар мындан 100 жыл мурун эле Гималай тоолорунун түштүк капталдарында, Непал, Бутан өлкөлөрүндө, Индиянын Ассам штатында жолукчу. 1960-жылдары алар жашаган аймактар айыл чарбачылыгына колдонулуп, эл тамак-ашка колдонуу үчүн атып, өлтүрүп башташкан. Акырында алар тукум курут болуп калды деп эсептелген. Бирок 1971-жылы Индиянын Ассам штатында алардын бир нечеси табылган. Учурда аларды атайын жайларда багып, көбөйтүп жатышат. Саны 300гө жетти. Чоңойгондорун табиятка эркин коё беребиз деп турушканда былтыр Африкада тараган чочколордун чума оорусу жолтоо болгон. Анткени ал оору Индияда да катталган. Оору басаңдай түшкөндө эркиндикке 14 каман коё берилген. Жакында дагы 12си коё берилди.

Карлик камандардын денесинин узундугу 45-50 сантиметр, боюнун бийиктиги 20-25 сантиметр, салмагы 3-4,5 килограмм. Түнкү жашоо образын карманышат. 5-6дан чогуу жүрүшөт. Бир тууганда 3-4тү туушат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан