Жылдыздар турмушунан
Бул жыл ырчылар үчүн жемиштүү болду көрүнөт. Кесиптеш досторун коштой Мирбек Иманбеков да үй-бүлөсүн эл алдына чыгарып, үйлөнүү той өткөрдү.
Тойдун датасы – 3-ноябрь, 2010-жыл
Башталышы – 18:25 (25 мүнөт кечикти)
Тойго келгендер – Ресторан залынын 101 пайызы
Мыкты номер – Султан Садыралиев, “Жамгыр төктү” (сыртта төккөн жамгыр залда да төгүп турду)
Алпаруучу – Тамада Мади
Белгилүү ырчы Мирбек Иманбеков мурда эле үй-бүлө куруп алганын жакында эле жалпыга маалымдаган. Бирок “жакшылыктын эрте-кечи жок” демекчи, ырчы жигит күркүрөгөн күз айында чоң той өткөрдү. Аны менен бирге ата-энеси да 60 жылдык мааракесин белгилешти.
Тамада үлпөт тойду эки жашты аябай жүгүнтүп, мактап, элди алакандарын кызаргыча чаптырып ачты. Андан соң эки жаштын ата-энелери чыгып, толкундангандан сүйлөгөнгө сөз таппай туруп беришти. Ал толкунданууну “мына эмесе сүйүнүч” деп жоруп отурдук.
Күйөө жолдоштук милдетти ырчынын Завар аттуу досу аркалады. Ал эми колуктунун курбусунун образын Айсулуу деген кыз жаратты.
“Өкүл ата өз ата, өлүп кетсин кайната” деп тамада сөзүнүн аягына чыга электе эле Урмат Усенов менен Неля чыга келди. Ооба, чын! Мирбек менен Бурулга, ошентип, Урмат-Неля өкүл ата, өкүл эне болуп шайланышты.
Тойдун аягында адатка айланган аукцион да болуп өттү. Мирбектин Мирлан аттуу үч байкеси тортту 15 миң сомго илип кетишти. Түшүнбөй калдыңыздарбы?.. Үчөөнүн тең ысымдары Мирлан экен.
300 адам күбө болгон той ыр-күлкүгө бөлөнүп, түнкү саат туптуура 01:00дө аяктады. Шаңдуу маанайдагы коноктор жамгырдын коштоосунда үйлөрүнө тарашты.
Ошентип, шоу-бизнестеги 4 достун (Урмат, Акбар, Султан, Мирбек) үчөөсү үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Эми бирөөсү эле калды окшойт...
Залкарбек Карабалаев
star@super.kg