12-ИЮЛДАН 18-ИЮЛГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Жолугушуу менен сапар ийгиликтүү болот, ал эми башталган иштер активдүү өнүгөт. Андыктан жыйынтыктары бат чыгып, жашооңузга позитивдүү өзгөрүү кириши мүмкүн. Кимдир бирөө менен мамилеге чекит коёсуз. Бул оор, бирок туура жыйынтык болмокчу. Кыйынчылыкта алып колдоно койгонго акча чогултууну улантыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Алдыга койгон максаттарга жетүү жолу бир аз татаал болот. Баш көтөрбөй иштей берсеңиз акырындап баарын ордуна коюуга жетишесиз. Калыс сүйлөйм деп кээ бирлерге жаман көрүнүүңүз мүмкүн. Сырын айткан жакын адамыңыздын жан дүйнөсүн түшүнүп, моралдык колдоо көрсөтөсүз. Эски достор жолугуп, жаңылыктар менен бөлүшөсүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эски маселелер чечилип, бир топ жеңилдеп каласыз. Туура чечим чыгаруу үчүн жетпей жаткан маалыматка ээ болуп, кыйын кырдаалдан кантип чыгууңуз керек экендиги айкындалат. Акча келиши мүмкүн, аны туура жакка жумшаңыз. Күтүлбөгөн романтикалык жолугушууга кез келүүңүз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйдө, иште да жоопкерчилик өсөт, тоскоолдуктар чыгат. Тез, бир нерселерди ойлоп таба коюу, убакытты туура бөлүштүрө билүү жөндөмүңүздүн арты менен баарын жеңип кетесиз. Артыңыздан сүйлөнгөндөргө көңүл бурбаңыз. Кайталанма жашоо көкөйүңүзгө тийсе бир жакка барып эс алып келүүнү пландаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада сизге сактык, куулук, уюштуруучулук талант керек. Ошондо сизге тапшырылган иштер орундалат, ортодон пайда да табасыз, досторду да арттырасыз. Турак жайга, мүлккө уурулардан сак болуу кажет. Үйүңүзгө келген коноктордун арасында сиз жактырбаган адам болушу мүмкүн. Аласа-береселерди эсептешүүгө туура келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жакшы көптөгөн идеялар жаралат. Алардын кээ бирин ишке ашыруу үчүн тобокелге барып, керектүү жыйынтыкка жетесиз. Пайдалуу келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Колуңузга тийчү акча кечигет, андыктан үнөмдүү болуп туруңуз. Эски буюмдардан жаңы нерсени жасап балдарды кубантышыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Чыдап, бир аз күтө туруңуз. Алдыда сизди ийгилик тилкеси күтөт, жашооңуз жеңилдейт. Болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп көбүрөөк акча табууга аракеттениңиз. Иште жетекчилик же чогуу иштешкендер менен чыр-чатакка барбаңыз, болбосо иштен кетүүгө дейре жетесиз. Короо жайдын тегерек-четин тосуу, бүлүнгөн нерселерди оңдоо сыяктуу иштер чыгат.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Үйдө өзүңүздү жогору санап, баарын тыя берүүнү токтотуу керек. Болбосо үйдөгүлөрдүн эркиндиги чектелип, чатак чыгарышат. Идеяларга бай, активдүү, ишкер адамдарга жакын болуу сунушталат. Алардын кеңеши менен акырындап киреше алып келчү жаңы иш ачууну ойлонууңуз ыктымал. Убактылуу сезимдерге жетеленип жаманатты болбоңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

“Маселелер көп” деп стресске батпай туруңуз. Керектүү адамдарды өзүңүзгө тартыңыз, алардын сизге болгон ишенимин арттырыңыз, жардамын көрүңүз. Айрымдардын айлыгы жогорулоосу мүмкүн. Буга чейин сиздин сыйды көргөн адам белек тартуулоосу ыктымал. Сүйүктүүсүнүн колун суроо алдында тургандарды “ооба” деген жооп күтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада чечимдерди кабыл алуу оор болуп, бир топ кыйналасыз. Бирөөлөр тууралуу ой-пикириңизди ойлонуп туруп айтыңыз, болбосо териштирүүгө кабыласыз. Үйдөгүлөрдүн милдетин өзүңүзгө артынып албай, өздөрүнө бериңиз. Коммерциялык иштерде алданып калбоо үчүн эсепке так болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Идеалдуу эч ким жок, андыктан өзүңүздөн кемчилик издей берүүнү токтотуңуз. Бул алдыга жылууга тоскоол болот. Көйгөйлөр сиз күткөндөн аз болот. Курска жазылыңыз, жаңы нерселерди өздөштүрүңүз, өзүңүзгө кам көрүңүз. Жумуш издеп жүргөндөр жумуш берүүчүгө тартынбай эле кайрылса ою ишке ашат.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Айтылган сындарга көңүл буруңуз, анткени сын сиздин туура эмес жактарыңызды аңдап, аны оңдоого киришүүңүзгө салым кошот. Бирөөнүн көңүл коштугунан улам керектүү ишти убагында бүтүрө албай санаркооңуз мүмкүн. Апта аягында жашоо сюрприздерге толо экендигине ынанасыз. Анткени жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан