16 ЖАШАР КЫЗДЫ 58 ЖАШТАГЫ ЖЕЗДЕСИ ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨНБҮ?

Интернет булактарына өспүрүм кызды жездеси 2 жыл бою зордуктап жүргөн деген маалымат тарады. Биз окуя качан, кайда болгонун, кылмышка шектүү ким экендигин, милициялар кандай чара көргөндүгүн иликтеп көрдүк.

“МИЛИЦИЯ ЧАРА КӨРБӨДҮ ДЕГЕН КЕП ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛБЕЙТ”

Кемин РИИБи төмөнкүдөй маалымат берди:

– 2021-жылдын 4-июль күнү Кемин РИИБине жактоочу Шердор Абдыкапаровдон Кемин районундагы айылдардын биринде 1963-жылы туулган М.К. аттуу жаран 2005-жылы туулган өспүрүм кызды бир нече жыл зордуктап келген деген билдирүү түштү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 164-берене (жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен катталды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө шектүү (жездеси) Кемин РИИБинен суракка алынды. Зордуктоо фактысы боюнча арыз жазган жактоочу тергөөчү чакырганда барбай, ал тергөөчүгө ишеним көрсөтпөө боюнча арыз жазган жана ишти Чүй ОИИББине өткөрүп берүүнү суранган. Жактоочунун иш-аракеттеринен улам жашы жете элек кызды суракка алуу алигиче жүргүзүлө элек. Бирок ал (жактоочу) жабырлануучу кыздын катышуусунда видео тартып, аны ЖМКларга жиберген. Видеодо кылмыш фактылары айтылган.

Кемин РИИБинин тергөөчүсү соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим чыгарган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык жагдайларын тактоо максатында зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кемин РИИБи милиция кызматкерлеринин болжолдуу аракетсиздиги тууралуу адвокатка шилтеме берүү менен таратылган билдирүү чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет.

“БИРӨӨГӨ ООЗ АЧСАҢ АТАҢДЫ ӨЛТҮРӨМ ДЕПТИР”

Жабырлануучу кыздын апасы Ардак Орозбакова жездеси кызымды коркутуп зордуктап жүрүптүр дейт:

– 6 балабыз менен жолдошум экөөбүз Бишкекте турабыз. Кызымды жолдошумдун эжеси 2019-жылдын декабрь айында “Күйөөм экөөбүз зеригип жатабыз. Балдар чоңоюп бөлүнүп кетти” деп Бишкектен Кеминге жиберүүсүн өтүнгөн. Биз макул болуп 7-класста окуган кызыбызды ишенип жибергенбиз. Ошо менен кызым Кеминде окуп жүрдү. 2020-жылдын август айында кызыбыз үйгө келип, “апа, жездем мени кармалап тийишип жатат” деген. Биз кары киши кызы жок болгондуктан эркелетип жатат го деп ойлогонбуз. Биздикине келип-кетип турушчу. Кызымдын атасы өтө жоош киши. Көрсө, жездем кызымды коркутуп, зордуктап жүрчү экен. “Бирөөгө ооз ачсаң атаңды өлтүрүп коём” деп коркутуптур. Кайнежем дары ичип уктаган күндөрү жездем жарыкты өчүрүп, кызымды кыйначу экен. Кызым жакында 9-классты аяктап, Кеминге аттестатын алганы барып келгенден кийин мага ачыгын айтты. Мен дароо реакция кылып, жактоочу менен байланышып, 3-июлда милицияга кабарладык. Кайнежемдикине чогулуп барып окуяны айттык. Бирок алар күнөөнү бизге коюшту. Алар эле эмес, туугандардын баары бизге каршы чыгышууда.

“КЫЗЫМ ЭКИ ИРЕТ ЖАНЫН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ”

– Угушубузга караганда, бул киши мурун 2-3 жаш кызды зордуктаган экен. Бирок мыйзам чегинде жазаланбай, ишти кыргызча бүтүрүп коюшуптур. Биз бул окуя тууралуу азыр билип жатабыз. Мурунтан билгенде кызыбызды жибербейт элек. Жездем коңшу келиндерге да тийишкенде алар кайнежеме айтып келишсе, ал тажаганынан “билгениңерди кылып алгыла” деп койчу экен.

Азыр кызымдын абалы оор, “жашагым келбейт, атам элдин бетин кантип карайт?” деп 2 жолу өз жанын кыюуга аракет кылды. “Баары жакшы болот” деп жубатып жатабыз. “Жанымды кыюуга аракет кылбайм” деп мага сөз берди. Мен тиешелүү органдар тергөө иштерин туура жүргүзбөй жатканына нааразымын. Шектүү азыр эркиндикте жүрөт. Ал бул учурда башкаларга да зыян алып келиши мүмкүн. Мен ал адамды “педофил” деп айтмакчымын. Андан сак болуу керек. Биз тууган эле деп аяп отурбайбыз, мыйзам чегинде жазаланышын талап кылабыз.

“АЗЫР БААРЫ МЕНИ КҮНӨӨЛӨП ЖАТЫШАТ”

Жабырлануучу Айчолпон Нурбек кызы (аты-жөнү өзгөртүлдү) “эжеме айтсам көңүл бурчу эмес” дейт:

– Мен учурда 16 жаштамын. Эже-жездемдин үйүнө барганда 14 жашта элем. Барган күнү эле жездем акырындан тийише баштады. Бул көрүнүш барган сайын көбөйө берди. Чыдабай атама айтам десем, “эмнеге айтасың, айтсаң атаңды өлтүрүп салам” деп коркутту. Бир жылдан кийин мени кордой баштады. Атамдан коркуп, 2 жыл унчукпай зөөкүрдүн кордугуна чыдадым. Андан сырткары уялчумун. Эч кимге көрүнбөй ыйлачумун. Эжем үйдө жок кезде тийишчү. "Мага тийбеңизчи" десем, “сен эмне ханыша болуп кеттиңби? Керек болсо мен 6-класстагы кызды алгам” деп мактанчу. Мас болуп келип бычак такаган учуру болду. Кээде эжем уктап калганда ич кийимчен келип, “минтчи, тигинтчи” дечү. Мени менен калуу үчүн эжемди эки жакка жалгыз жиберчү. Эжемди ээрчисем ал мени калтырып кетчү. Эжеме кыйыр түрдө айтсам түшүнбөй, кайра мени урушуп койчу. Жакын арада эжемдин көзүнчө окуянын четин чыгарсам, ал күйөөсүнө бычак такап, үйдө байкем бар болуп арачалап калды. Бирок кылыктары тууралуу толук айтып бере алган эмесмин. Апам менен ооруканага барып текшерилгенден кийин ачык айтып чыктык. Азыр баары мени күнөөлөп жатышат. Бул киши эркиндикте жүргөндө корком.

“ШЕКТҮҮ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРӨТ”

Жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров тергөө иштери жакшы жүргүзүлбөй жатканын айтат:

– Жабырлануучу тарап мага байланышып, кырдаалды түшүндүргөндөн кийин дароо милиция кызматкерлерине билдирдик. Алар шектүүнү суракка алып, ошол замат эле коё берип салышты. Жактоочу менен сүйлөшсөм алар кылмыш болгон жердеги далил боло турган буюмдарды, төшөктөрдү алышпаганын айтты. Негизи ич кийимдерине чейин алынышы керек эле. Маанилүү ишти тажрыйбасыз жаш балага тапшырышкан экен. Андан сырткары 164-беренени коюп жатышыптыр. Бул беренеде 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин кесилет. Кыз жадакалса өспүрүм эмес, бала болуп саналгандыктан 162-беренени коюш керек болчу. Бул беренеде 15 жылдан өмүрүнүн акырына чейин кесилет. Кыскасы, беренелер да туура эмес коюлууда. Биз Кемин РИИБине ишеним көрсөтпөйбүз, ишти Бишкекке которгула деп Чүй ОИИББине өтүнүч таштап келдик. Анткени кичинекей аймакта тааныш-билиш болуп кетиши мүмкүн. Шектүүнү жок дегенде 48 саатка кармабай чыгарып жиберишти. Жабырлануучу кыздын атасы өтө жумшак адам экен, шектүү ушундан пайдаланса керек деп ойлоп жатам. Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушевден ушул ишти өз көзөмөлүнө алып, мыйзам чегинде чечип берсе деп өтүнөт элек.

“АТАМА БУЛ ИШТИ ЖАСАСАҢ ӨЛҮП АЛ ДЕДИМ”

Экинчи тараптын үнүн угуу үчүн шектүүнүн 35 жаштагы уулу менен сүйлөштүк:

– Жабырлануучулар Кемин РИИБине 5 күн мурун кайрылышыптыр. Бирок Кемин РИИБине ишеним көрсөтпөйбүз деп суракка келбей жатышат. 16 жашар кыздын апасы өгөй энеси, кыздын өз апасы каза болуп калган. Атасы ичимдик ичет. Кызын өздөрү келип ата-энемдин колуна тапшырышкан. Атама “ушул кылмышка барсаң өлүп ал!” деп айттым. Ал “мен кылган эмесмин” деп агынан жарылып отурат. Ал кыз биздин үйгө келгени мектептин президенти болду. Ата-энемди Ысык-Көлгө чейин ээрчип барып жакшынакай жүрчү. Ата-энем менен бийлеп Тикток тартчу. Өзүнүн жигити менен катнашка барып, күнөөнү атама оодарып жатышы мүмкүн. Мыйзам чегинде туура териштирүү иштеринин жүрүшүн талап кылабыз. Биз дагы жактоочу алганы жатабыз. Бизди шерменде кылып жатышат. Мунун баарын өгөй апасы уюштуруп жатышы мүмкүн.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
asad9
2021-07-12 21:27:05
Мен айтат элем. Бул адвокаттын башы вообще иштебейт. Биринчи далил чогултуш керек да анан милицияга арыз жазыш керек. Скрытая камера деген бар аны эмнеге колдонбойсуңар. Ошол тийишип зордуктап жаткан жерден эмнеге келип кармабайсыңар. Корочье адвокаттарга сөз жок дипломду сатып алып.силердин айыңардан мамлекетибиз өнүкпөй жатат.
-4
Datka7777
2021-07-12 22:05:51
asad9,тескерисинче сенин башын ишткбейт экен. Сен айткан иштер адвокаттын эмес укук коргоо органдарынын иши! Прокуратура менен милициянын иши.
+2
Batken-i-love-you
2021-07-13 16:40:39
asad9,арыз жазылгандан кийин камера коюп, кызды кайра ошол үйгө киргизиш керекпи.Кызык экенсиң.2жыл кордолупсуң, камерага да тартып алалы эми,дагы бир жолу ошол киши менен жат дейсиңби? Мээң ордундабы?
+1
Nina.alex
2021-07-14 11:33:12
asad9,кок мээ экенсин
0
Datka7777
2021-07-18 19:23:19
asad9,биринчи озундон баштасан олко онукпой атканы адвокатта эмес сага окшогон оз бактысыздыгына мамлекет менен башканы куноологон билимсиздердин айынан болуп журбосун?
0
AykaMer
2021-07-15 11:15:11
Эжеси өзү бир жака кызды таштап кетет дегенине караганда 2- аял албай эле ушуну кылып үйдө мени менен эле жаша дегендей го.Бирок баланын сөзүнө караганда жигити менен болуп курук дооматка да калтырышы мүмкүн.6- класста окуганды 2- аял кылып алгам деп мактанган кызды тапкыла, коңшулар тийишти деп аялына арызданган келиндерди тапкыла,буга чейин 2-3 кызды зордуктаган кыздардын жакындары менен байланышкыла.Мына силерге идея издегиле .Жөн эле жансыз буюмдан далил издебей,күбөлөрдөн көбүрөөк тапкыла.
+3
AykaMer
2021-07-15 11:17:48
Өзүңөрдүн кызыңарды бирөө зордуктаса ошону камакка салмайынча тынчыбайм деп чуркайсыңар го ошондой чуркагыла. Бул да карындашыңар, Кр жараны укугун коргоп бергиле, адилеттүү чечим чыгарып бергиле. Жөн эле курсагыңарды чыгарып талтайып жүрөт бербей
+1
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан