“МЭЭНИН ШИШИГИН МУРУН АРКЫЛУУ АЛЫП ЧЫГАБЫЗ”

Нейрохирургия – нерв системинин, анын ичинде баш мээнин, жүлүндүн ооруларын, жаракаттарын операция жолу менен дарылап айыктырган хирургиянын бөлүгү. Тарыхына кайрылсак, Перудагы инктердин цивилизациясынан калган калдыктардагы баш сөөктөрдү окумуштуулар изилдегенде болжол менен алардын 10 пайызынын баш сөөгү ачылып, операция жасалгандыгы билинген. Учурда Кыргызстанда нейрохирургия жаатында кандай операциялар көп жасалууда жана кандай ыкмалары колдонулууда? Бул жаатта Кыргыз медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов менен маектештик.

БАШ МЭЭНИН РАК ООРУСУНА ОПЕРАЦИЯ ЖАСОО

– Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгүдөй заманбап аспап, аппараттар жок. Кээде керектүү аспап же шайман жетишсиз болгондо башка шайман же аспапты өзгөртүп, модификациялап операция жасоого ылайыктап алабыз. Бул үчүн патент алабыз.

Заманбап аспап, аппараттар жок болгону менен, врачтар заманбап операцияларды жасоого даяр, анткени алар чет өлкөлөргө барып окуп үйрөнүп келишүүдө.

Барган сайын баш мээнин рак оорусуна чалдыккандардын саны арбып барат. 2-3 жыл мурун нейрохирургдар изилдеп көрсөк, эл жыш жашаган аймактарда, өзгөчө Чүй менен Ош облусунда көп кездешери айкын болду. Белгилери төмөнкүлөр: баштын дайыма оорушу, анальгетик дарыны ичкенде начар жардам бериши, баш айлануу, тамак ичкен-ичпегенине карабай кусуу, шалдыроо, сүйлөөнүн жана көрүүнүн бузулушу, айрым учурда ориентацияны жоготуп, кайда жүргөнүн убактылуу билбей калуу. Башка операция жасаарда адамдын көзүнүн чарасы, көрүүсү, угуусу, жыт жана даам билүүсүнөн бери текшерилет. Баш сөөгүнүн рентгенографиясы, компьютердик томография жана башкалар керектелет.

Баш мээнин рагына операция жасоодо бир топ жаңы ыкмаларды колдонуп жүрөбүз, алардын 3 түрүн айтып берейин. Эндоскопиялык трансназалдык ыкма – мында баш мээнин сөөгү кесилбейт, учунда миниатюралык видеокамерасы бар ичке эндоскоп мурун аркылуу баш сөөккө киргизилет. Анан атайын аспаптардын жардамы менен рак кесилип алынат. Эндоскоптун учундагы видеокамера чагылдырган нерселер компьютердин мониторунан көрүнүп турат. Мындай операциялар 4 саат жана андан узакка жасалат. Бирок бул ыкманын кемчилиги – шишик түз кирген жерде же ага өтө жакын жерде жайгашышы керек. Тереңде же мээнин башка булуң-кычыгындагыны алууга мүмкүн эмес. Бизге бир жаш жигитти алып келген. Шишик көзүнө жакын жерде өсүп баштаптыр. Эгер шишикти албасак көрбөй калмак жана шишик жайылып өсүп кетмек. Эндоскопиялык ыкманы колдонуп алып чыкканбыз.

Эндоваскулярдык ыкма болсо мээнин кан тамыр ооруларына операция жасоодо колдонулат. Мээнин аневризм оорусунда артерия кан тамыры кеңейип, кичи баштыкча сымал болуп калат. Ал чоңойгон сайын айланасындагы нервдерди кысып, мээнин түзүлүшүн өзгөртө баштайт. Көрүү төмөндөп, баш ооруйт, бир нерсе көзгө экөө болуп көрүнөт. Коркунучтуусу – кан тамыр жарылып, мээге кандын куюлуп кетиши, гематоманын жаралышы, убагында операция жасалбаса адам көз жумушу мүмкүн.

Биз атайын шайманды кан тамыр аркылуу киргизип, оорунун очогуна жетип, кан тамырды атайын чайырдай зат менен бүтөйбүз. Кан башка жактан айланып өтүп, оорунун очогу жерге барбай калат.

Стент коюу ыкмасы – бул мээдеги кан тамырлар ичкерип же холестерин май түйдөкчөсү менен бүтөлүп бараткан кезде колдонулат. Атайын шайманды кан тамыр аркылуу киргизип, ичкерген же бүтөлүп бараткан кан тамырдын ошол бөлүгүнө стент (кичинекей металл торчо каркас) коёбуз. Стент жазылып кан тамырдын формасын ээлеп, кан эркин агып калат.

"ОМУРТКАНЫ ТЕШИП ЭЛЕ ГРЫЖАНЫ АЛУУГА БОЛОТ"

– Омуртканын грыжасына операция жасоодо бир нече ыкмалар бар. 1-ыкмасы микрохирургиялык дискоэктомия. Омуртканы кичине тешип, жүлүндү кысып калган грыжа алынып салынат, кысылган нервдер бошотулат. Атайын операциялык микроскоп колдонулат.

Экинчи эндоскопиялык ыкмада омурткада кичине тешикче жасап, ал аркылуу эндоскопту киргизип, монитор аркылуу карап грыжаны алып салабыз.

3-ыкмада грыжадан тышкары омуртка ордунан тайып кетсе же омурткалар жылышып кетсе ортопедиялык операция ыкмасы колдонулуп, сөөктү ачып жасалат. Грыжаны алып, адамдын өзүнүн жамбаш сөөгүнөн кемирчекти же жетим кабырганы алып, же металлдан жасалган пластинканы колдонуп жылышкан омурткаларды бекитип, карматып коёт.

Операция грыжа 8 миллиметрден ашса жасалат. Ага чейинкилерин невропатологдор дарылашат.

"БАШ МЭЭНИН АЛЬВЕОКОККОЗ, ЭХИНОКОККОЗУ МЕНЕН КЕЛИШҮҮДӨ"

– Учурда тоолуу, мал көп аймактардан баш мээнин альвеококкоз, эхинококкоз дарты менен келишүүдө. Аталган дарттарды мите курттар жаратат жана көбүнчө боордо кездешет. Митенин жумурткалары адамга итти сылап-сыйпоодон, булганган жерге оонаган малды кармалагандан, терисин сыйрыгандан, этти, айрыкча, боорду чала бышырып жеп алгандан жугат.

Мисал келтирсем, Ат-Башы районунан 23 жаштагы жигит келди. Башынын 3 жеринде альвеококкоздуу киста бар экен. Боорун текшертсек анда да диаметри 15 сантиметрлик альвеококкоз бар болуп чыкты. Операциянын 1-этабында башындагы диаметри 6 сантиметрлигин алдык. 1 айдан кийин операциянын 2-этабын жасап, диаметри 5 сантиметр келгенин алдык. Үчүнчүсү терең жакта жайгашкандыктан жана көлөмү кичине болгондуктан аны дарылоо жолу менен айыктырууну сунуштадык. Эми ал жигит боорундагы альвеококкозду алдыруу алдында турат.

"БАШ МЭЭНИН ЖАНА ОМУРТКАНЫН ЖАРАКАТЫ МЕНЕН ЖАШТАР КӨП ТҮШӨТ"

– Айтып кетчү нерсе, акыркы 20 жылда баш мээ, баш сөөк жана омуртка жаракаты 2 эсе көбөйүп кетти. Бул көбүнчө жол кырсыктарына байланыштуу болууда. Бейтаптардын көбү жаш, эмгекке жарамдуу курактагылар. Оор абалда, комада келгендери көп. Азыр элдер эс алууга көлгө, жайлоого кетип жатат. Кырсыктар да көбөйүүдө. Кээ бир бейтаптар бир нече жаракаттар менен түшөт. Мисалы, боору жарылганы аз келгенсип, жамбашы сынып кеткен же баш сөөгү сынып, ичеги-карды үзүлүп кеткен, же омурткасы сынып, жүлүнүнө доо кеткен. Алган жаракаттарына карап кээде бир бейтаптын 3-4 жерине операция жасалат. Биринчи этапта кан кетүүнү токтотуу керек. Мисалы, боору жарылып кетсе алгач операция боорго жасалат. 2-этапта башка жагына жасалат.

Башынын сөөгү талкаланып кеткендерге операция сөөктү ачып жасалат. Майдаланган сөөк алынат, операциядан кийин башынын териси менен канча бир убакытка чейин жабылат. Анткени баштагы шишик кетиши керек. 1 ай же 3 ай өткөн соң пластикалык операция жасалып, алынган сөөктүн ордуна пластик коюлат. Айрымдарын болттор менен бекитебиз же баш сөөк менен пластикти кошуп жамап тигебиз. Учурда титан пластинкалары көп колдонулууда. Ал жука, ыңгайлуу, оңой кесилет. Форма берип, баштын ачык жерине коюп, 4 жеринен болт менен бекитебиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан