КАРИБ ДЕҢИЗИНИН КАРАКЧЫЛАРЫ: жер түбүндө

Режиссёру – Гор Вербински
Сценарийдин авторлору – Тед Эллиотт, Терри Россио, Стюарт Битти
Продюсерлери – Жерри Брукхаймер, Брюс Хендрикс, Питер Кон
Ролдордо: Жонни Депп, Орландо Блум, Кира Найтли, Чоу Юнь-Фат, Жеффри Раш, Жонатан Прайс, Билл Найи жана башкалар

2,5 СААТТЫК ТАСМАНЫН КЫСКА МАЗМУНУ
Бул бөлүмдү бир нече жолу көрүү керек. Ошондо гана анын 1-2-бөлүм­дөрүнө байланыштырууга мүм­күн болот. Мазмун боюнча Элизабет менен Уилл мурунку душманы Барбоссага кошулуп, капитан Жек Таранчыны камактан сактоо үчүн жер түбүндө (на краю света) жайгашкан туздуу чөлгө жөнөшөт (фильмдин аталышы ушул себептен). Жолдо аларды жаңы душмандар, жаңы сынактар күтүп турат. Көпкө созулган 3 тараптуу кандуу күрөштөрдөн кийин Жекти камакка салган коркунучтуу суу падышасы Дэйви Жонс өлөт, ал эми эң сүйүктүү каарман Жек Таранчы досторунун жардамы менен өлүмдөн аман калат. Уилл атасын издеп таап, аны өзүнүн тобуна кошуп алат жана Элизабет экөөнүн көптөн күткөн баш кошуу аземи болот. Тасма бир аз аянычтуу аяктаса да, андан алган таасир жүрөгүңүздө көпкө чейин сакталат деп кепилдик беребиз.
Боевик, фэнтези, комедия жанрлары аралаш тартылган бул кино адегенде өтө татаал, түшүнүксүз сезилет. Атүгүл сценарийдеги диалогдорду дагы жарым саатка кыскартса болот беле деген ой кетет. Бирок, чындыгында сюжетте эч нерсе ашык да, кем да эмес. Фильмдеги эң чоң жаңылык – кытай каракчылары жана алардын башчысынын ролун аткарган атактуу актёр Чоу Юнь-Фат. Ал дагы фильмдин популярдуулукка жетишүүсүнө чоң салым кошту десек жаңылыштык болбойт.
Кыскасы, 3-бөлүмдүн башка бөлүмдөрдөн айырмасы: мында атайын эффектер күчтүүрөөк, сценарий курчураак, эпизоддор кызыктуураак. Себеби, алгачкы бөлүмдөрдөгү сүймөнчү­гүбүз Жек Таранчы, татынакай Элизабет Суонн жана эр жүрөк Уилл Тёрнердин катарына эми жаңы, эсте калаарлык каармандар кошулган.

“КАРАКЧЫЛАР” ТАРЫХЫ
“Walt Disney Pic­tures” кинокомпаниясы тарабынан даярдалган, эми үчилтик болуп калган “Кариб деңизинин каракчылары” алгач чоң экранга мындан 4 жыл мурун чыккан эле. Биринчи бөлүк “Кара берметтин каргышы” деп аталчу. Анын популярдуулуктун чокусуна жеткенин көрүп, тасманын жаратуучулары “Арбактардын сандыгы” деген ат менен экинчи бөлүгүн тарта коюшту. Ал тасма 2006-жылы сатылуу боюнча 1-орунду ээлеп, бүгүнкү күнгө чейин рекорддун ээси болуп турат (1 миллиарддан ашык киреше). Күйөрмандардын үмүтүн актап мына эми быйыл тасманын уландысы жаралды. Анын аталышы жөнүндө адегенде тартышуулар болгон. “Жер түбү”, “Кыямат”, “Жер түбүндө» деген варианттардын ичинен үчүнчүсүн туура көрүшкөн экен авторлор.

КЫЗЫКТУУСУ...
“Каракчыларды” жаратуу үчүн сарпталган акчага жок дегенде 6 даана толук метраждуу фильм тартууга болоор эле. Бирок, 300 миллион долларды аябаган продюсерлер “саны эмес, сапаты” деген принцип менен иштешкен көрү­нөт.
Фильмдин 19-май күнү Диснейлэндде болуп өткөн дүйнөлүк бет ачарында билеттердин ар бири 1,5 миң долларга бааланып сатылган эле. Кассага түшкөн акча албетте, кайрымдуулукка жумшалган.
Тасма анын сценарийи толук жазылып бүтө электе эле тартылып башталган.
Кээ бир актёрлордун фильм тартуу учурунда мас абалда болгондору тасмада да байкалат.
Алгачкы монтаждан кийин тасма туура 3 (!) сааттык болуп даярдалган. Бирок, аны аз да болсо кыскартуу максатында тасманы “кескилеп” отуруп, 2 саат 48 мүнөттүн ичине батырышты. Бирок, тасма узундугуна карабастан кызыктуу болуп тартылганы талашсыз.
Режиссёрдун айтуусунда, “тасманын 3-бөлүгү жыйынтыктоочу болуп эсептелсе да, анын 4-бөлүгүнүн сценарийи жазылат” деген сөздөр угулууда. Андай болгон күндө да, башкы ролдорду ойногон Кира Найтли менен Орландо Блум: “Мындан кийинки “Каракчыларга” катышпайбыз”,- деп чечишкен.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан