КОРКУНУЧТУУ ТАСМАЛАРГА САЯКАТ

Бул жолу коркунучтуу тасмалар тууралуу сөз кылууну чечтик. Эмнеге дебейсизби? Кино жаратуучулар бул жанрда жан талаша эмгектенип, жыйынтыгында коркунучтуу тасмалардын күйөрмандары көбөйүп бараткандай. Анда коркунучтар дүйнөсүндөгү эң өзгөчөлөр...

ТАҢ КАЛТЫРУУ ҮЧҮН ОЙЛОНУП ТАБЫЛГАН
Кино искусcтвосу жаралгандан тартып "көрүүчүнү эмне менен таң калтырууга болот?" деген суроого жооп издей, улам өнүгүп келет. Коркунучтуу тасмалар да көрүүчүнү белгисиздиктин туткунунда кармап, коркуу, таң калуу сезимдерин тартуулоо үчүн ойлонуп табылган. Эгерде сиз тасмадан кийин түнү менен уктабай чыксаңыз же коркуудан көзүңүз алайып, кыйкырып жибере турган абалга келсеңиз, демек, тасманын максатына жеткени.
Эң алгачкы коркунучтуу тасма 1890-жылы АКШда тартылган Жорж Мельестин "Азезилдин сепили" болгон. Мында "ужас" фильмдин элементтери болгону менен, элге анчалык тараган эмес. 1913-жылы 22-августта Германияда жарык көргөн "Прагалык студент" тасмасы кинотеатрларга болуп көрбөгөндөй эл топтоп, "ужас" тасмалардын доорун баштап берет.
Коркунучтуу тасмалардын классикасы катары "Психоз" тасмасы эсептелет. Айрым маалыматтар боюнча, "Голем" тасмасы коркунучтуу фильмдердин биринчиси деп аталып келет. Орустардын "ужас" жанрдагы алгачкы тасмасы 1909-жылы тартылып, "Вий" деп аталган.

"ЭҢ КОРКУНУЧТУУ" РЕЖИССЁРЛОР
Жон Говард Карпентерди коркунучтуу тасмалардын "атасы" катары таанышат. Ал 8 жашында камераны колго алып, алгачкы фантастикалык тасмасын тарткан. 1978-жылы коркунучтуу тасмалардын классикасы болгон "Хеллоуин" аттуу тасмасы жаралат. Ага кеткен каражат 300 миң доллар болсо, кирешеси 40 миллион долларга жеткен. Коркунучтуу тасмалардын дагы бир чебер режиссёру – Альфред Хичкок. Анын 1961-жылы жарык көргөн атактуу "Психоз" фильмин ким билбейт? Режиссёрдун бул тасмасы "Оскар" сыйлыгына ээ болгон. Окуянын өзөгүн Роберт Блохтун романы түзгөндүктөн, аны экрандаштыруу укугун 9 миң долларга сатып алган. Кызыгы, тасма кантип бүтөрүн сыр кылып сакташ үчүн режиссёр чыккан китептердин баарын дүкөндөрдөн сатып алганга мажбур болгон.

ӨЗГӨЧӨ ТАСМАЛАР
Бардык мезгилдин эң коркунучтуу жана таасирдүү тасмасы катары "Жаркыроо" тасмасы табылган. Америкалыктарды калтыраткан бул тасмада акылынан адашкан жазуучу өз үй-бүлөсүн өлтүргөнү тууралуу баяндалат. Стивен Кингдин романынан алынып, Стенли Кубрик тарткан бул фильм 2003-жылы "100 коркунучтуу тасманын эң мыктысы" аталса, 2004-жылы "Хоррор жанрындагы мыкты тасма" атагын алган. 2005-жылы коркунучтуу учурларды укмуштуудай чагылдырганы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Айрым учурларда тасманын таасиринен кинотеатрларда көрүүчүлөр эстен танып жыгылганга чейин барышкан.
Ал эми “Араа” тасмасы эң көп киреше алып келген тасма катары Гиннес китебине таанымал. 7 сериядан турган тасма классикага айланып калган коркунучтуу тасмаларды артка таштап, 730 миллион доллар киреше алып келген.

ЖҮРӨКТҮН ҮШҮН АЛГАН КААРМАН
Өзүнүн коркунучтуу кебетеси менен элдин эсинде калган Фредди Крюгер болгон. "Вязов көчөсүндөгү коркунуч" тасмасында сериялык маньяктын ролун аткарган Роберт Бартон Энглунд бул ролу үчүн "Сатурн" сыйлыгына ээ болгон. Фреддинин түштө келип өлтүрүп кете турган күчү көпчүлүктү коркутуп, өспүрүмдөрдүн уйкусун качырган.
Ошондой эле "Чакинин колуктусу" тасмасындагы куурчак "Эң коркунучтуу каарман" сыйлыгына ээ болгон.

ЭМНЕГЕ ВАМПИРЛЕР МОДАДА?
Акыркы он жылдын ичинде Голливудда вампирлер темасы кирешелүү боло баштады. 1990-жылдардын ичинде "Вампир менен интервью", "Кеч киргенден таң атканга чейин", "Блейд" тасмалары ийгиликтүү гана эмес, эң кирешелүү да болушту. Ал эми "Күүгүм" тасмасынын популярдуулугу тууралуу айтпай эле койсок болот. Эмне үчүн вампирлер темасы модага айланды? Бул суроонун тегерегинде кино сынчылар: "Алар көрүүчүгө романтикалык маанай тартуулашат. Сулуу, аппак, көздөрү жылтылдаган вампирлер жаштарга сексуалдуулуктун символу катары көрүнөт. Вампирлердин ушундай образын түзүп, элди кызыктыруу кино тармагынын билинбес тузагы экенин айта кетпесек болбостур",- деген пикирлерин айтышат.

АДИС ПИКИРИ
Коркунучтуу тасмаларды кандай адамдар кууп көрүшөт? Бул суроого “Эксклюзив” медициналык борборунун психологу Тынара Токсонбаева жооп берет.
– Коркунучтуу тасмаларды кууп көргөндөр көбүнчө ачууга жакын, кыжыры бат келген адамдар. Аларды “ужас” кинолордун фанаты десек болот. Көпчүлүк учурда аларга эмоционалдык заряд жетишпейт. Ошондуктан мындай тасма көрүү менен алар өзүндөгү агрессиянын ордун толуктайт. Канды, кыйноону, коркунучту көргөндө каны дүргүп, кумар алат. Коркунучтуу тасмаларды 14 жашка чейинки жаш балдарга таптакыр көрсөтпөө керек. Анткени алардын психикасы али калыптана элек. Мындай тасманын таасиринен коркок же тескерисинче, зөөкүр, таш боор адамга айланышы мүмкүн.


Ар собол

“Каражолтой” тасмасынан кийин акжолтой болдуңузбу?
Назым Мендибаиров,
режиссёр, актёр:
– Кыргыз киносунда “ужас” фильмдер аз санда кездешет эмеспи. Анын бири – “Каражолтой” тасмасы. Фильмде мен башкы ролду ойногом. Каражолтой деп аталганы менен, бул роль мен үчүн акжолтой эле болду. Ошонун аркасынан элге таанылдым, актёрлук шыгым артты. Негизи, мистика өзгөчө тема. Айрыкча бизде эки кишинин башы кошулса эле “ак кийим кийген адам көрүнүптүр, тиги үйдүн ээси бар” деген кептер боло берет. Ошондуктан бул жанр кыргыз киносунда өнүгүп кетет деген ойдомун.

Эсиңизде калган эң коркунучтуу эпизод...
Жаным Айзат,
ырчы:
– Менин эсимде калган эң коркунучтуу тасма – “Араа 4”­. ­Элестетиңиз, эки адамды чынжыр менен байлап, биринин көзүн, экинчисинин оозун тигип коюшат. Экөөнүн ортосунда чоң станок турат. Станокко түшсө, экөө тең чайналып кетчүдөй. Көзү ачыгы “токто” деп көзү тигилгенге айта албайт. Көзү тигилгени эмне болуп жатканын түшүнбөйт. Ушул эпизоддон ушунчалык коркконум эсимде. Негизи эле “Араанын” бардык бөлүгү коркунучтуу.

"Ужас" кинолорунун фанатысызбы? Кайсы тасма эсиңизде калды?
Данияр Көбөнов,
спортчу:
– Жок, фанаты эмесмин. Коркунучтуу тасмаларды көп көрбөйм. Корккондон деле эмес. Негедир мындай фильмдер мага кызыксыз, реалдуу эмес көрүнөт. Кээде сюжети кызыктырса көрүп калам. Мисалы, “Блейд” деген тасманы көрүп чыктым. Анан, албетте, элдин баары көргөн “Күүгүм” тасмасын көрдүм. Тасмада эсимде калганы Белла болду.

Коркунучтуу тасмага тартылууга сунуш түшсө катышат белең?
Элина Абай кызы,
актриса:
– Былтыр Болот Шамшиев “Жаңгак токоюндагы арбак” деген мыкты тасма тартмак. Мен анда арбактын ролун ойномокмун. Бирок финансы жактан аксап, фильм тартылбай калды.
Негизи, тасманын сценарийи жакса, кандай жанрдагы тасма болбосун эч качан баш тартпайм. Өзүм “ужас” тасмаларын кызыгып көрөм. Акыркы жолу “Мыйзам ченемдүү көрүнүш 2” тасмасын көрдүм. Бул фильмдин өзөгү документалдык тасмадан алынган деген маалымат уктум. Ошондуктанбы, өзгөчө коркунучтуу экен. Жарымына чейин эптеп көрүп, анан ал бөлмөдөн качып чыктым. Кийин да кимдир бирөө бутумдан тарткансып коркуп жүрдүм.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
AIZAD
2010-11-06 14:38:42
Каражолтой деген тасманы кайдан таап кором.Айтып койгулачы!
0
alexandra
2010-11-07 01:22:10
korboy ele koy,uktay albay jurbo anan
0
Бекболот Абдимомунович
2010-11-07 03:23:30
мага окшоп уктабай олтургандар дагы канча жооп жазып койгулачы коллегалар. пермден зейнеп.
0
TolonturCN
2010-11-07 12:10:08
Коркунучтуу тасмаларды аябай жактырып көрөм.
0
shishka
2010-11-07 18:54:32
nasym aka oshol kinonuzdan beri sizge bashkacha koz karashtamyn.aligiche mende korkunuch bar.
0
TolonturCN
2010-11-08 10:12:52
shishka Кара жолтой тасмасын айтып жатасызбы?
Кандай окуя баяндалат? көрмөк турсун укбапмын.
0
AIZAD
2010-11-08 14:32:24
Мен коргон эмесмин бирок уккам.Угушумча жакшы.Тартылганы дагы!Европадан кайсы бир наминацияга ээ болду деп да уктум эле.
0
TolonturCN
2010-11-08 19:10:35
Каражолтой качан тартылган тасма болде экен? каражөлтөй тасмасынан да атайын маалымат берсе эмне, кыргыз тасмаларын бардыгын көргүм келет, ак кандайын.
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан