– Ал мага жардам сурап келди,- Айка кирип-кире элек Сашага үн катты.
– Билет бекен баарын?
– Марс аралашты деп сезип жатат. Бирок сен тууралуу ооз ачкан жок.
– Кайда кеткенин айттыбы?
– Жок...
– Эмне кылсак экен?
– Эмне кылмак элең?! Аны издеп тап. Өзүң карма... Билбейм, кыйнап айттырасыңбы? Эмнеге атасын кармап алдыңар түшүнбөйм.
– Ал өзү өлүп баратса да айтпайт. Атасы үчүн гана акчаны кайтарышы мүмкүн. Башка эффективдүү жол жок болчу.
– Деги акча Кыргызстанда бекен? Жанагы кызга берип, сыртка чыгарып кеткен жокпу?
– Жок. Мен сезип жатам. Кыргызстанда эле. Кой, мен отура бербей чыгайын.
ххх
Саша Айканын үйүнөн чыгары менен кайрадан капюшонуна жашынды да, тепкичтер менен бат-бат басып ылдый жөнөдү.
Унаасын подъезддин так алдына токтоткон болчу. Шарт отура калып ачкыч бурайын деп жатканда башына кимдир бирөө бир нерсе такады.
– Үн чыгарба! Мээңди чачырата атам... Унааңды аста от алдыр да, “Дордой” тарапка айда!
– Менде эч нерсе жок, тууган!
– Үн чыгарба... Айда!
Сашанын аргасы түгөнө түштү. Артында өзү издеген Тилек отурганын желкеси менен сезип жатты. Бирок сыр алдырбады. Унаасын от алдырды да, көп кабаттуу үйдүн короосунан жайма-жай чыгып кетти.
Чоң көчөгө чыкканда телефонуна чалуу келип баштады.
– Телефонуңду алып чыгып, отургучка ташта! Бол тез!
– Бейкүнөө адамды атып алба, тууган...
– Телефонду!
Спорттук костюмунун чөнтөгүнөн телефонду алып чыгып, жанаша турган отургучка ыргытты. “Мусор 1” деп жазылып туруптур.
– Ким бул?
– Да так, бир мент.
– Хе, демек, баарың чогуу экенсиң да.
– Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун, тууган.
– Саша, ролуңду акырына чейин ойнобой эле койсоң болот. Мага баары түшүнүктүү болду.
– Ошондо эмне дегиң бар?
– Сенин атаң татыктуу адам болчу.
– Ооба, болчу. Өткөн чакта... Силер өлтүргөнгө чейин.
– А эмнеге бизди өлтүрдү деп жатасың?
– Тилек, мен баарын билем. Атам мени курска койгон болчу.
– Та-ак...
– Ошол күнү ал “сен барып эс ала бер, мен эртең менен байланышам” деп айтты. А мен эмнегедир бир жамандык болчудай түпөйүл болуп жаттым. Бирок ажал периштеси атама ошончо жакын келгенин элес албай калыптырмын. Ошол күнгө чейин мен атамдын айтуусу менен сенин айланаңдагы бардык адамдарды тактап, ким экениңди билип бүткөм. Ишеничке толук ээ боло элек жалгыз сен болчусуң. А Сабина менен Аскар өз кишилерибиз болчу. Бирок акча дегенде... Айтор, менин карындашым тиги ойношу менен биригип атамды өлтүрүп тынды.
– Атаңды мен өлтүрбөгөнүмдү билет турбайсыңбы?
– Мени эмне жинди деп ойлоп жатасыңбы? Мунун баарын Сабина экөөң башында пландагансыңар. Эки тажрыйбалуу зекке алыңар жетмек эмес. Андыктан аларды бири-бирине каршы кылып туруп, бирөөсүн жайлап, анан жалгыз калганын экөөңөр тынчыттыңар. Баары айдан ачык болуп турбайбы!
– Антип ойлонууга акың бар. Бирок баары сен ойлогондой эмес.
– Атамдын өмүрү үчүн өз атаңдын өмүрү менен төлөйсүң!
– Сага түшүндүрүү оор болот окшойт. Мен атаңа эч убакта кол салмак эмесмин. Салган да жокмун. Ишенсең, чындык ушул. Мен ал кишинин арбагын сыйлап сени өлтүрбөйм дагы,- Тилек Сашанын башында такалып турган темирди алды.
– Сага сунушум гана бар, Саша... Атамды бер! Акчанын сага тиешелүү бөлүгүн атамды уурдабасаң да таштап кетмекмин сага. Сен жанагы менттер менен бир иш кылам деп ойлобо. Мен силерге акчаны берерим менен алар атамды да, сени да тынчытышат.
– Антүүгө духтары жетпейт.
– Сен унчукпастан гана карап тур. Марска чалгын да, трубканы мага бер. Баары ошондо түшүнүктүү болот.
ххх
Сашадан келген чалуу үргүлөп кеткен Марсты чочутуп жиберди.
– Алло...
– Кандай, Марс?
– Ж-жакшы... Ким?
– Мен Тилек...
– Сука!
– Марс, сенин орус досуң менин колумда.
– Хе, сен анын телефону менен чалып жатпайсыңбы? Ясно же.
– Ясно болсо, орус досуңду атама алмашам.
– Тиля... Замочи этого русского! Өлтүрүп сал! Мага чоң одолжение кылган болосуң. Сенин атаңдын өмүрү азыр 700 миң долларга бааланып жатат. А тиги кекеч бир центке да татыбайт. Так что, Сталин айткандай, “я генерала на солдата не меняю!”
Эмне унчукпай калдың? Атып ташта! Анан эртерээк келип атаңды алып кет. Жинге тие баштады, өлтүрүп коём!
Тилек унчукпай гана телефонун коюп койду. Саша алдын ойлуу тиктеп турат. Ал чынында Марстан деле жакшылык күткөн эмес.
– Биз, Саша байке экөөбүз тең, Аскардын арам оюн билбей калдык. Ошол катачылыгыбыз Саша байкенин өмүрүнө барабар болуп калды. Сабина да, мен дагы кырдаалдан чыгып кетүү үчүн жан талаштык. Болгону ошол... Эми сага сунушум. Атамды алып чыгабыз. Мен сага 100 миң берем.
– Үстүнө дагы 50 миң кош. Мен сени чек арадан чыгарып жиберем. Менде сага жана Сабинага жасалган паспорттор бар. Атам даярдаткан. Тажикстан аркылуу Түркияга учасыңар.
– Келиштик.
– Калган жасалма акча толугу менен меники болот.
– Жарайт. Бирок акчаны иш аяктагандан кийин берем.
– Кааласаң чек арадан өтүп баратып бер.
– Дароо оюң өзгөрүп, менин сунушума макул болгонуң бир чети чочулатып жатат...
– Хе, адамдарга ишенүү кандай оор? Бирок чочулабай эле кой... Чын-чынына келгенде азыр башым жетип отурат. Тиги эки мент мага ашыкча жүк экен. Алар мени иш бүтөрү менен тынчытат. Азыр эле уктуң го... Анын үстүнө алар менен акчаны бөлүшкүм да келбей турган. Бир жагынан алганда, атам экөөбүз Сабина экөөңдү өлкөдөн чыгарып кетебиз деп баарын даярдап ойлонуп койгонбуз. Ал жагы мен үчүн жеңилирээк болот.
– Жарайт. Демек, мындай, азыр атамдын кайда экенин айт. Аны кантип чыгарабыз?
– Менде бир ой бар!
ххх
– Домкрат бар бекен? Лом менен көтөрүүгө ал жетпей жатат,- Марс унаа оңдоочу жайды жылчыксыз жаап турган калың дарбазаны темир лом менен жини келе чаап койду.
– Издеп жатам... Жок окшойт! Эми эмне кылабыз?- Мирбектин чый-пыйы чыгып жатты.
– Айласы табылат, ызылдабай тур!
– Мен башынан эле сезип жаткам ит болорубузду. Эмнеге аралаштым билбейм!
– Болдучу, эй!
– Жок, Марс байке, биз өзүбүз капканга түшүп бердик. Азыр Тилек келчү болсо экөөбүздү ит аткандай атып салат.
– Сен эмне туруп бересиңби? Сен да ат да.
– Ооба, атышабыз. Ызы-чуу көтөрүлөт. Абийирибиз ачылат да, кайра түрмөгө отурабыз... Ач көздөнүп жатып туңгуюкка келдик!
– Мирбек, өзүң аз келгенсип кишини кошо кыжалат кылба. Жардамыңды тийгизе албасаң жок дегенде унчукпай отур,- Марс сүйлөп бүтө электе эле темир дарбаза сыртынан кагылды. Даң-даң эткен катуу добуштан Мирбектин жүрөгү оозуна тыгыла түштү. “Мына келди” деди ал көздөрү алайып...
(Уландысы кийинки санда)