СЕРГИТКЕН МУЗДАК ДААМДАР

Жайдын аптабында күчтүү жана ысык тамак жүрөккө барбай калат эмеспи. Андыктан колдо бар азыктардан оңой жасалган жеңил, муздак тамактардын рецептин сунуштайбыз.

“ИТАЛИЯ” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 2-4 даана

Сарымсак – 3 тишче

Сыр – 150 грамм

Майонез – 50 грамм

Ашкөк – 2 талча

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорду тегерек кылып кесип, тарелкага тизип, бир аз туз себелеңиз.

2. Сарымсакты жанчып, майонез менен аралаштырыңыз.

3. Сырды сүргүчтөн өткөрүңүз.

4. Ар бир помидордун үстүнө сарымсактуу майонезден сүйкөп, андан соң сыр себелеңиз.

5. Майда тууралган ашкөк менен помидор салатын кооздоп, конокторду кубантыңыз.

КЫЗЫЛЧА ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:

Кызылча – 1 даана

Картошка – 2 даана

Жумуртка – 3 даана

Бадыраң – 3 даана

Колбаса – 200 грамм

Көк пияз – 2 баш

Ашкөк – 2 талча

Уксус (9%) – 1 чай кашык

Каймак, туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кызылчаны төрт чарчы кылып туурап мискейге салып, үстүнө 2 литр суу куюңуз. Татымына жараша туз, уксус кошуп бышырып, муздатып алыңыз.

2. Жумуртка менен картошканы өз-өзүнчө бышырыңыз.

3. Колбаса, жумуртка, картошканы төрт чарчы, ашкөк менен көк пиязды майда туураңыз. Бул азыктарды бышырылып, анан муздатылган кызылча шорпого салып аралаштырып, муздаткычка салып коюңуз.

4. Тамактын үстүн каймак жана жумуртканын жарымы менен кооздоп койсоңуз болот.

ГАСПАЧО

Керектелүүчү азыктар:

Кара нан (катыган) – 3-4 кесим

Бадыраң – 3 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Помидор – 5 даана

Сарымсак – 3 тишче

Зайтун майы – 3 аш кашык

Вино уксусу – 0,5 аш кашык

Пияз – жарымы

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сарымсакты жанчып, аны мискейге салып, туз, зайтун майын кошуп аралаштырып алыңыз.

2. Андан соң ага нанды майдалап салып эзгенче жакшылап аралаштырыңыз. Азыктардын даамы бири-бирине жакшы сиңиши үчүн бир аз убакытка коюп коюңуз.

3. Пиязды майда туурап, ага уксус кошуп аралаштырып коюп коюңуз.

4. Помидордун үстүнө кайнак суу куюп, 1 мүнөткө кармап, андан соң кабыгын аарчыңыз.

5. Помидор менен болгар калемпирин блендерге салып майдалаңыз. Ага майга чыланган нанды кошуп дагы бир жолу майдалап алыңыз.

6. Бадыраңды чарчы кылып майда туураңыз.

7. Мискейге бадыраңды, блендердеги азыкты жана маринаддалган пиязды салып аралаштырып, 2 саат муздаткычка салып коюңуз.

8. Тамакка бир аз суу же шарап кошуп аралаштырса болот. Кошпосо деле даамдуу. Дасторконго коёрдо жука кесилген бадыраң жана чамгыр менен кооздоңуз.

КУЛПУНАЙ ЧАЙЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кара чай – 3 чай кашык

Кайнак суу – 200 миллилитр

Кулпунай – 250 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Газдалган суу – 750 миллилитр

Муз, лимон – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Чайга кайнак суу куюп 5 мүнөт демдеңиз. Чайды чамасынан чыпкалап салып муздатып алган соң муздаткычка салыңыз.

2. Кулпунай менен кумшекерди блендерден эзип алыңыз.

3. Муздаткычтагы чай менен блендерге майдаланган кулпунайды аралаштырыңыз. Аны стакандарга бөлүп куйгандан кийин үстүнө газдалган суу куюңуз.

4. Муз жана лимон менен кооздоп, жакындарыңыздын чаңкоосун кандырыңыз.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан