СЕЗГЕНГЕН ИЙИН МУУНУН ДАРЫЛАБАСА КОЛ ИШТЕБЕЙ КАЛАТ

Ийин менен колдогу оорутуунун 80 пайызга жакыны ийин-далы периартрит оорусуна байланыштуу болот. Дартты убагында дарылап айыктырбаса, муун иштебей калып, протезге алмаштыруу зарылчылыгы чыгат. Аталган оору боюнча Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары, профессор ЖАНЫШ СУЛАЙМАНОВ маалымат берди.

ИЙИН-ДАЛЫ ПЕРИАРТРИТИ – ИЙИН МУУНУНУН, АНДАГЫ ТАРАМЫШ, БУЛЧУҢДАРДЫН СЕЗГЕНИШИ
Ийин-далы периартрити (периартроз) – бул ийин муунунун жана аны курчап турган жумшак ткандардын, башкача айтканда, тарамыш, байламта, муун капсуласы, синовиалдык сумка, булчуңдардын жана башкалардын сезгениши.
Дартты бир нече факторлор козгойт, бирок оору белгилери окшош.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ:

  • Муун алгач шишип, уюп ооруйт. Кийин бир нерсе кемирип, тешкилеп жаткансып оорутат. Оорутуу көбүнчө жаан-чачын жаарда жана жааганда, аба суук тартканда күчөйт. Анткени сезгенген муун аба ырайына абдан сезгич болуп калат.
  • Акырындап муундун кыймылы жоголо баштайт. Өзгөчө эртең менен кыймылдоодо кыйынчылык жаралат. Колду көтөрүп чач тароо, жуунуу, кийинүү, иш кылуу, сумка көтөрүү оорлойт. Дарыланбай ооруну өтүштүрүп жиберсе муун кыймылдабай калат.
  • Сезгенген муундар менен катар жайгашкан булчуңдардын кичирейиши.
  • Ийин, далы, кол ооруй бергенден адам колун чыканагынан бүгүп, алдыга алып басып калышы.
  • Оору бара-бара күчөп, уктатпай калат.
  • Дарыланбай жүрө берсе ийин сөөгүнүн башы остеопорозго учурайт. Кокус жыгылса же бир нерсеге урунса ошол жер сынып кетет.

ООРУГА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР ЖАНА ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ
Ийин-далы периартритине жеткирүүчү бир нече факторлор бар. Алар төмөнкүлөр:

  • Синовиалдык сумканын ичинде чел кабык жайгашкан. Ал суюктук бөлүп чыгарып, аны менен муунду, кемирчектерди нымдап турат. Ошол чел кабык инфекциядан, оор жумуш жасагандан, сууктан сезгенет да суюктукту мурункудан көп бөлүп чыгара баштайт. Муун менен анын айланасындагы жумшак ткандар шишийт. Дарыланбаса капсула бара-бара чүрүшүп, жабышып калат, ушундан улам муун бүгүлбөй, айланбай, кыймылын жогото баштайт.
    Кантип дарылайт? Оору башталганда дары-дармек, физиодарылоо, массаж, ийне терапиясы жана башка ыкмалар менен сезгенген чел кабыкты калыпка келтирүүгө болот. Эгер синовиалдык сумка чүрүшүп калса операция жасоо керектелет.

  • Ийин муунунда далы менен ийин сөөгүнүн башын бириктирип турган ичке жер бар. Ошол жерде ийинди бүгүп, жазып иштетип турган тарамыш жайгашкан. Ошол тарамыш муундун шишип кетишинен же муунга өсүп кеткен сөөктөрдөн улам кысылып, жанчылып, өйкөлүп оорутат. Оорутуу өзгөчө түнкүсүн күчөйт, адам ошол тарабы менен жата албай калат. Бара-бара кыймыл чектелет. Колду толук бүгүү же жазуу кыйынчылыкты жаратат.
    Кантип дарылайт? Алгач консервативдүү түрдө дарылоо сунушталат. Таблетка, укол, дары май, физиодарылоо, массаж, дарылык физкультура, ийне менен дарылоо, остеопаттын кызматы сунушталат. Массаж, дарылык физкультурадан, остеопаттын коррекциясынан кысылган тарамыш бошошуп, муундардын оорусу аздан жоголуп башташы керек. Эгер тарамышты бошотууга мүмкүн болбосо, анда операция менен бошотулат.

  • Кол, ийин, далы менен кулоо, катуу нерсеге урунуу, сокку алуу.
    Кантип дарылайт? Жогорудагыдай эле консервативдүү дарылоо жүргүзүлөт.

  • Ийинди айландырууга шарт түзчү тарамыштын үзүлүп кетиши. Дайыма оор жумуш жасоодо же узакка кыпчылып жүрүүдө тарамыш ичкерет да үзүлүп кетет. Оорутуу ийинге, колго берилет. Адам колун жазып, бүгүп кыймылдай албай калат.
    Кантип дарылайт? Операция ыкмасы менен үзүлгөн тарамыш бириктирилип тигилет. Операция жасатпай убагын өткөрүп жиберсе тарамыштын жанындагы булчуң да иштебей катып калат. Операция жасап тарамышты улап тиккенде деле булчуң иштебеген бойдон калуусу мүмкүн.

  • Муундардын жана анын тегерегиндеги жумшак ткандардын дайыма оор жумуш жасоодон улам майда жаракаттарга кабылышы. Мисалы, темир уста чоң балка менен кызыган темирди ургулап буюм жасайт, шахтёрлор көмүрдү бургулашат, жүк ташуучулар оор нерселерди ташыйт, көтөрөт жана башка.
    Кантип дарылайт? Консервативдүү дарылоо жүргүзүлөт.

  • Ийин муунунун кемирчегинин бир тарабынын үзүлүшү. Бул ийиндин чыгып кетишинен болот. Ийинди салганда деле кээ бирлерде ийин ойноок болуп, кээде чыгып кетип турат.
    Кантип дарылайт? Минтип 2-3 жолу чыкканда операция жасап үзүлгөн кемирчекти бириктирип тигүү керек болот.

  • Муундун кыймылдабай башташы.
    Кантип дарылайт? Эгер адам убагында дарыланбаса же операция сунушталганы менен, жасатпай жүрө берсе сезгенген муундардагы сөөктөр өсүп, биригип, муун таптакыр кыймылдабай калат. Муун алынып, ордуна протез муун коюлат.
    Негизинен ийин-далы периартрит оорусун бир эле курс менен айыктыруу кыйын, андыктан 1 жылда 2-3 ирет дарылануу зарыл. Санаторий-курорттук дарылоо жакшы натыйжа берет. Курортко барууда сөзсүз врачтын көрсөтмөсү зарыл.

ДИАГНОЗ
Диагноз үчүн ийиндин УЗИси, рентгени же магниттик-резонанстык томографиясы (МРТ), кан анализи жана башкалар керектелет.

АЛДЫН АЛУУ
Периартритке кабылбоо үчүн дамамат оор жумуш жасоодон, суукка урунуудан качуу, жаракатка кабылбоого аракет кылуу, омурткалар жылып кетсе, остеохондроз болсо убагында дарылануу жана башка. Негизгиси, оорутуу башталган учурда эле дигнозду тактатуу үчүн ортопедге көрүнүп, текшерилүү кажет.



Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан