“АЙЫЛ БАНК” ЭЛ КЫЗМАТЫНА ДЕПОЗИТТЕРДИ СУНУШТАЙТ

Акча топтоп, аны сактоону үйрөнүү ар бир жарандын жакшы жашоосунун өзөгүн, пайдубалын түптөйт. Жыйым топтоо – бул бир жагынан күтүүсүз келип чыккан жагдайдан чыгуу ыкмасы болсо, экинчи жагынан туруктуу пассивдүү киреше булагы болуп саналат.

Топтогон каражатты үйдө сактоо мурдатан канга сиңип, калыптанып калган адатка айланган көндүм. Ар ким ойлоп табуучулук дареметине жараша топтогон жыйымын төшөк арасына катып, сандыкка же идишке салып же сейфке сактап келген. Албетте, каалаган учурда катып койгон жериңден керектүү суммадагы акчаны алып, пайдаланууга бул оңтойлуу болгону менен, төмөндө келтирилгендей көкөй кести көйгөйлөр менен да коштолушу ыктымал:
- каткан акчаң көбөйбөстөн, кыймылсыз жата бериши;
- колуңда акча болсо, ал көбүрөөк коромжу болот;
- уурдалып кетиши да ыктымал.

Ушул жагдайларды эске алуу менен «Айыл банк» калктын бардык катмарын канааттандыра алган депозиттерди эл кызматына сунуштап келет. Алардын катарын толуктоо ниетинде банк 10-августка чейин акция өткөрүп, кардарларга 3 жылга чейинки аралыкка депозит ачууга мүмкүнчүлүк түзүүдө:

  • «Айыл банк» эң үнөмдүү кардарларга «Керемет» деп аталган топтолуучу аманатын сунуштайт. «Керемет» топтолмо депозити тиешелүү өлчөмдөгү сумманы сактап коюп, жыйым топтоого артыкчылык берген жарандар үчүн каралган.
       Депозиттин минималдуу суммасы – 1000 сом, 20 доллар же 1000 рубль. Капиталдаштыруу аманат ээсинин каалоосу боюнча жүргүзүлүп, пайыздар ай сайын төлөнүп турат. Сом менен максималдуу пайыздык чен 11 пайызга чейин, АКШ долларында 3 пайызга чейин, рубль менен 5 пайызга чейин болушу мүмкүн.
  • Муну менен катар «Айыл банкта» үч жылга чейинки «Кенч» депозити бар. «Кенч» мөөнөттүү депозити – бул толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында белгилүү бир мөөнөткө банкка салып коюуга боло турган бош акчасы бар кардарлар үчүн каралган. Банктын кардарлары депозитти 1000 сомдон же 20 доллардан баштап сом менен 14 пайызга чейин, АКШ долларында 4 пайызга чейин, рубль менен 6 пайызга чейин бир жолу толуктай алышат. Кардар аманаттын узактыгын өнүмдүн стандарттык шарттарынын ортосунда тандайт.

Пенсионерлер үчүн «Ардагер» депозити каралган. Эркектердин пенсия курагы 63 жаштан, ал эми аялзатыныкы 58 жаштан жогору. Ушул куракка келгендер адатта күндөлүк керектөөлөрүн, айталы, тамак-аш азыктарын, дары-дармектерди сатып алуу, неберелерине белек кылуу үчүн топтогон каражатынан ай сайын пайыздарды алып туруу максатын көздөшөт. Пенсионерлер үчүн сомдук депозиттер боюнча максималдуу 13 пайыз жана чет өлкө валютасында 3 пайызга чейин пайыздык чен менен «Ардагер» депозиттери бар. «Ардагер» кошумча киреше булагы жана пенсиянын бир топ көбөйүшү болуп калышы мүмкүн.


«Айыл банк» эл камын ойлоп, жакындан жардам сунуштоо ниетин көздөйт!
"Айыл банктын" колдоосу алдында акча топтоп, аны көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калгыла!

"Айыл банк" – Сизге жакын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан