Дүйнөдөгү 100 таасирдүү айымдын катарына кирген актриса, манасчы, этноырчы, дастанчы, мугалим, айтор, көп кырдуу талант Ширин Сарыгулова маек төрүбүздө. Чыгармачылык жолу, балалыгы, жолдошу тууралуу айтып берди. Маек каарманымдын өзүндөй ачык, шар болду.
– Ширин, кош келдиңиз...
– Кош келдим, айт күнү келип отурам, айтыңар маарек болсун, бакчаңар алма-өрүккө толсун.
– Рахмат, сизди “кумурска” деп коюшат экен, көп иштейсиз го?
– “Кумурска кетти жумушка” деп үйдөгүлөр да тамашалап калышат. Чыгармачылык жол кыйын, тандап алгандан кийин артка жол жок. Сүйлөө чеберчилиги боюнча Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетте сабак берем, Улуттук драма театрдын алдындагы окуу жайда сабак берем, Коомдук телеканалда долбоорум бар, күндүз ошол иштерим менен болсом, түндө тойдо жүрөм. Түндө саат 02:00гө чейин жүрүп келип кулап калам. Жок, кээде кулабайм, мисалы, кечээ үйгө барып саат түнкү экиде үйдү мизилдетип чыктым.
– Энергияны кайдан аласыз?
– Тоолук кызмын, жаратылыштан энергия алам. Суусамырда чоңойдум, түпкү тегим Жумгалдан. Өзүм эркин, шар жүргөн үчүн энергиям ушундай болуш керек. Кичине кезимде комплекс жок болчу, азыр деле жок. Эч нерседен тартынбай эркин өстүм. Эркек балдар чукчуңдашып калышса, короодон чыгып туруп “эй, эмне болуп жатасыңар, мушташ керекпи силерге, мына” деп желкеден алып баштарын сүзүштүрүп туруп кетирип койчумун. Аксакал кишилер чогулган жерден “манас айтып койчу” десе отура калып “ээй” деп эле айтып кирчүмүн. Кебетем да эркек балдардай эле, чачым кырылган, тебетейимди баса кийсем андан кулагым делдейип чыгып калчу. Бетим кыпкызыл, туурулган, элестет (күлүп). Энергия ошондо эле көп болсо керек, алты жашымда алфавитти үйрөнүп алгам. Мектепке менден бир жаш улуу эжем бармак, бирок ал үйрөнө албай койгон. Мына бул “А” деп мен үйрөткөм, азыр айтсам чычалап кетет (күлүп).
– “Аккан арыктан суу агат” дейт, талант кимдир бирөөдөн өтсө керек?
– Чоң энем ырларды токуп жиберчү, таенем кошокчу, жамакчы эле. Апамдын кесиби доктур, бирок мыкты ырдайт. Чыгармачылыкта жүргөн ар бир кадамыма апам кубанат. Эжелерим “аа, баягы Ширинби?” деп коюшу мүмкүн, бирок апам интервьюларымды, клиптеримди, таң атпай болсо да түз эфирлеримдин бирин калтырбай көрөт.
– Тоонун эркин кызы шаардын шарына кантип аралашты?
– Саяктын кыздары (ред.: уруунун аталышы) бардык жерге ыңгайлаша беребиз. Жайлоодо жайда эле төрт мезгил болуп кетет, күн тиет, жан жаайт, кээде кар жаап салат. Бээ саап, курут жайып, сүт тартып, ат чаап жүрүп өстүк . Турмушта деле ысыкка, суукка, бороонго, жайчылыкка ыңгайлашып көнүп кеттим.
– Ийгиликтерге өзүңүз жеттиңизби?
– Өзүм жеттим. Аябай өжөр аялмын. Далай сындым, кайра турдум. Жараткан бычакты курчуткандай инсанды курчутуш үчүн сыноо берет экен. Курчудум. Жаш кезде далай ашуудан өтүп, далай дайраны кечип кеттим. Ошол учурда жолума тоскоол болгон адамдарга рахмат, алар болбогондо мен, балким, бул даражага жетпей калмакмын. Рингде деле муш жегенде бир нече мүнөттө туруп кеткенге мүмкүнчүлүк бар эмеспи, турмуш деле ошондой. Күрөшүп кетсең жеңиш сеники. Мага жол көрсөткөн адам болбоптур. Карышкыр болуп, күрөшүп отуруп жеттим.
– Үй-бүлө менен чогуу чыгармачылыкты алып кетүү оорбу?
– Оор, бирок жолдошум колдоп турса, талантым ташкындап, энергиям төгүлүп турса аны элге тартуулаш керек. “Сен элден башкачасың, образың күчтүү, балдарды тарбиялап чоң иш кылып жатасың, иште” деп жолдошум мотивация берип турат. Кеч киргенде эле “эй, кайдасың?” деп күпүлдөп калмайы бар. Эми сүйгөндөн кийин кызгануу болот эмеспи. Тойго барам деп сөз бердимби, дене табым 39-40 болуп жатса да барам. Жашоомдо трагедия болуп жатса да комедия ойношум керек. Жолум ушул да. Бирок аялга тиешелүү иштерди да камчы салдырбай бүтүрөм. Үй-жай таптаза, ысык тамак дайыма даяр, ал жактан сөз жок. Эртең аркама кылчайып караганда менин эмгегим калышы керек, “жаралдым, жашадым” деп койкоюп өтүп кетпей, из калтырып жашаш керек деп ойлойм.
– Сиздей айым менен жашаган оңой болбосо керек?
– Жок, оңой эле. Жолдошум мыжып, кыжы-кужу боло бербеген адам. “Даң-даң”, “тарс-тарт” жүргөн эркектер бар го, ошондой жигит. Менин да ошондой тарсылдап жүргөн мүнөзүмдү жактырса керек. Ар бир сүйлөгөнүмдөн, аткарган ролумдан, мүнөзүмдөн ырахат алып жашайт.
– Сүрдүү көрүнөсүз, чыныгы мүнөзүңүз кандай?
– Студенттерим “басып келе жатканда эле “дүң, дүң” деп сүрдүү басып келип, столго отурганда эле коркуп кетебиз” деп айтып калышат. Манастан чыга калгандай сестендирген энергия бар деп калышат. Бул энергияны мен манас айтып жатканда, берилип кеткенде сезип калам. Бир жолу президент катышкан иш-чара болуп калды. Мен кийимдеримди кийип, кылычымды көтөрүп, ичимден образга даярданып какайып сахнанын четинде турам. Какайып турсам мени Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы ит менен келип акырын айланып өтүп жатпайбы (күлүп). Ит мени жыттагылап, тиги адам чымчып көрүп жатпайбы. Азыр “ары тургула, силер эмес, менден президенттин жан сакчысы да сүрдөп айланып өткөн” деп тамашалап калам. Кээде аялзаты болуп, назик, жыпар жыттуу болуп кылыктанып калмайым бар, андайды үйдө жолдошума эле көрсөтүп, сезимдерин козгоп коём (күлүп).
– Чечкиндүүлүк, сүрдүүлүк аялзатына кереги барбы?
– Менин кесибиме керек. Өзгөчө азыркы жаштарды окутуу кыйын. Чыгармачылыкта жүргөн айымдын да назик болуп бырылдап отуруп алганы болбойт.
– Дүйнөдөгү 100 таасирдүү аялдын бири катары катталганыңыз сыймыктандырабы сизди?
– 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болбодубу, ошонун алдында мага Лондондон телефон чалышты. ВВС басылмасынын версиясы боюнча, “дүйнө жүзү боюнча 100 таасирдүү аял” деген рейтинг чыгарып турушат экен. “Кыз Сайкалдын образын жаратып бериңиз, интервью бересиз” дешти. Мени интернеттен көрүшкөн экен. Жарым сааттык документалдуу тасма тартышты. Жаа тартып, манас айтып бердим. Жаңы жылда рейтинг чыгыптыр, “Супер-Инфо” гезити таң атпай чалып айтса эсим ооп калыптыр, ошентип силерден уккам. Аябай сыймыктандым.
– Кийимдериңиз өзгөчө, баасы канча?
– Зоот кийимдер, тулга, кылыч, калкан жоого кийиле турган кийимдер. Курманбек деген дизайнер байке булгаары менен иштейт экен, менин манас айтып жүргөнүмдү көрүп “сизге жоо кийими жетпей жатат, биз тигип берели” деди. 40 күн ойлонуп жатып бардым, корсет, өтүк, жасалга, баарын ошолор жасап беришти. Нак булгаарыдан, күмүштөн, баалуу таштардан жасалган. Баасы 2000 доллар турат. Көзүм өтсө “бир доордо Ширин деген кыз болгон” деп кийинки муун айта жүрсүн деп музейге өткөрүп кетем деп айтып калам (күлүп).
– Уулуңуз болсо, так сиздей келин келсе кандай кабыл аласыз?
– Кызымды көрүп өзүмдү көргөндөй болом. Кээде “мен 25-26 жашымда карышкыр болдум эле, сен кантип 17 жашыңда минтип карышкыр болуп кеттиң” деп өзүм таң калам. Бышык, көрөгөч, тарсылдаган, үйдү да, сыртты да тейлеген кызым бар. Келиним ушундай болсо деп тилеп калам. Бырылдаган келин болсо ыраазы болбой калам го (күлүп).
– Тилегениңиздей болсун, ийгиликтерди багындыра бериңиз.
Нуржамал Жийдебаева