ТАЛАШКА ТҮШКӨН TIKTOK: ПАЙДАСЫ КӨППҮ ЖЕ ЗЫЯНЫБЫ?

TikTok социалдык тармагы аз убакыт аралыгында миллиондогон колдонуучуларды таап Instagram, Snapchat жана Vine тиркемелерин багынтууга умтулуп барат. Кызыгы, айрым өлкөлөр бул социалдык тармакты өз мамлекетинде жайылтууга бөгөт коюшууда. Мунун себеби эмнеде? Жаштар арасында кызыктуу мемдер бар, алардын арасында “Фейсбукта ата-энелерибиз отурат. Инстаграм бизнес борборго айланып кетти, биз, жаштар TikTok`ко келдик” деген тамашаны угуп калган чыгарсыз. Алдыда бул социалдык тармак тууралуу кызыктарды сунуштайбыз.

МИЛЛИАРДДАН АШУУН АДАМ КОЛДОНОТ

TikTok – бул кыска видеолор топтомунан турган платформа. Видеоконтенттин көпчүлүгүн скетч, вайн, клип жана башка кызыктуу видеолордун үзүндүлөрү түзөт. Ошондой эле бул тиркеме менен түз эфирлерди уюштуруп турса болот. Айрымдар TikTok`ту даяр музыкага оозду кыймылдатып ырдоо деп түшүнүп алышы мүмкүн, бирок андан масштабдуу, пайдалуу иш алпарса да болот. TikTok – бул эркин аянтча, аны туура эмес пайдаланып жаткандар да көп.

Жаралуу тарыхына келсек, TikTok`ту 2018-жылы пекиндик “ByteDance” компаниясы иштеп чыккан. Тиркеме учурда дүйнөдөгү эң кымбат стартап деп эсептелинет. Анын баасы 75 миллиард долларга бааланары белгилүү. Дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүнө тарап, 1 миллиарддан ашуун колдонуучусу бар эң популярдуу социалдык тармактардын бири. 60 пайыз колдонуучуларын 25-44 жаштагылар түзөт. App Store жана Google Play тиркемелеринен TikTok 2 миллиард жолу көчүрүп алынган.

КӨП ӨЛКӨЛӨР TIKTOK`ТУ ЖАЙЫЛТУУГА ТЫЮУ САЛЫШУУДА

TikTok эл аралык денгээлде ийгилик жараткан саналуу кытайлык компаниялардын бири. АКШ менен Кытайдын ортосунда бир нече жылдан бери экономикалык тиреш жүрүп келе жатканы белгилүү. Антсе да TikTok`тун АКШда колдонуучулары 100 миллионго жетти. Америкалык
Musical.ly караоке-тиркемесин TikTok миллиард долларга сатып алып, өзүнө кошуп алган. Аталган караоке-тиркеменин да дүйнө боюнча миллион колдонуучусу болгон, бирок кытайлык компания аны сатып аларда АКШнын тиешелүү кызматтарын кабардар кылбагандыктан, АКШ бийлиги алардын бул жоругуна жини келгенин жашырган эмес. Окуя тутанып отуруп АКШ TikTok Америка аскерлери тууралуу жеке маалыматтарды алып жатат деп Кытайды айыптаган.

Ошондой эле “13 жашка чейинки өспүрүм балдардын IP-даректерин, электрондук даректерин, геолокациясы тууралуу маалыматтарды ата-энесинин уруксаты жок алышууда” деп АКШ TikTok`ту сотко берген. TikTok ал айыбы үчүн америкалыктарга 5,7 миллион доллар төлөп, өспүрүмдөр үчүн TikTok`ту колдонуу эрежесин өзгөрткөн. АКШлыктар өз аймагында кытайлык компаниянын ийгиликке жетип жатканын каалашкан эмес, сыягы. Ошол кездеги АКШ президенти Дональд Трамп TikTok канча бир пайыз акциясын америкалык компанияга сатышы керек, болбосо АКШнын аймагында такыр жаап салабыз” деп коркута баштаган. Буга жооп кылып Кытайдын тышкы иштер министри Ван Вэньбинь “АКШ өз аймагындагы кытайлык компаниялардын ишин татаалдаштыруу үчүн саясий басым кылып жатат” деп айыптаган.

Эске салсак, TikTok`ту Индияда колдонууга тыюу салышкан. Себебин “коомдук тартипти бузууга үндөйт, өлкөнүн коопсуздугуна зыянын тийгизет” деп түшүндүрүшкөн. Япония да TikTok`ту өз өлкөсүндө жабууга кызыкдар экенин кабарлаган. Өзбекстан да TikTok`ту колдонууга чектөө киргизди.

TIKTOK`ТУ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАБУУ КЕРЕКПИ?

TikTok`ту жабуу көйгөйү Кыргызстанда да көтөрүлгөнү маалым. Биз айрымдардын бул тууралуу пикирин угуп көрдүк:

Айдана Дека, ырчы:

TikTok`ту жаппаса да, чектөө киргизүү керек”

– Мен TikTok`ко карантин убагында биринчи жолу катталгам. Учурда анда ырчы кыздар арасында эң көп катталуучусу бар мен экенмин. Башында баары позитив болчу “бийлесең да, ырдасаң да сага баары жарашат” деген маанайды көтөргөн комментарийлерди окучу элем. Акыркы күндөрү Инстаграмдагы хейтерлер көчүп келип алганбы, айтор, негатив көбөйө баштады. TikTok`то тренд болгон музыкаларга бийлеп, ырдайт эмеспизби, аны кээ бири “бул эмне деген кыймыл, эмне деген жорук?” деп эле сындап, мораль окуп башташат. TikTok`то көбүнчө жеңил, адамдын маанайын көтөрчү позитивдүү видеолор көп болот. Аны көбү түшүнө бербейт.

Ал эми зыян жагына келсек, TikTok`то эркиндик, ошондуктан эл каалаганын кылып, каалаганын жасап видеого тартып чыгарып жатышат. Менин кызым да колуна телефон тийип калса дароо TikTok`ко кирет. Эмнелерди көрөт экен деп бир күнү байкасам, чынында, керексиз видеолор көп экен. Жаш, өспүрүм балдарга кирүүгө чектөө коюп коюшса жакшы болмок. Жаап салуу сунушуна кошулбайм. Адамдар өзүнө пайдалуусун гана көрсө болот да. Менимче, TikTok`ту колдонуу эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен чектелсек болот.

TIKTOK`ТУ ЖАБУУ ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗ СЕГМЕНТИНДЕГИ ТАЛКУУЛАР:

Jamala: – TikTok социалдык тармагына чектөөлөрдү киргизбесеңиздер, ал жакта жашынан карысына чейин катталып, жосунсуз жоруктарды үйрөнүп, адепке ылайыксыз иш-аракеттерди жасап жатышат. Атүгүл ЛГБТга мүчө адамдар отурат оозго алгыс ыплас сөздөрдү сүйлөп, кош никелүүлүктү жайылтып. Чоң эле эжелер кароолорду көбөйтүү үчүн түз эфирде сөгүнүшөт, төшөк жаатында сүйлөшөт, жарым жылаңач болуп бийлешет. TikTok адамдын баарын жинди кылып салды. Эң бузулган социалдык тармак болду, ушинтип коом бузулат, эл бузулат, анан мамлекет жок болот. Бул социалдык тармакты тез арада жабыш керек.

Sezim: – Жаңы социалдык тармактарды туура колдоно билсе мыкты аянтча болмок. TikTok`тон тарых, адабият, дин, так билимдер, геосаясат жана башка тармакта чексиз билим алып турса болот. Айрымдар актёрдук өнөрүн өркүндөтүп жатышат.

Сырга: – TikTok жабылсын, балдар туура эмес тарбия алып жатат дегендер, ал тиркемени телефонуңардан өчүрүп койгула. Силер эмне кылып жүрөсүңөр балдарыңарды өзүңөр эмес, TikTok`ко тарбиялатып?

Samak: – Күнөө өзүбүздө, TikTok`то эмес. Ал жабылса эле өнүгүп, адекваттуу болуп кетпейбиз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2021-08-01 00:52:19
Жабып салса да болот жакшысынан жаманы коп сен балана корсотпой койсонда кочодон достору мн корот екен.жарым жыланач чачтары тустуу согунгон айтоор жаман жоруктун баары бар жапмын же сектор киргизсин учтсыз виддерди жоготуп
0
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан