«Кыз-Бурак» тобунда бир кыйла эмгектенип, атактуулукка жеткен ырчылардын бири – Айжамал Кабылова. Өмүрлүк жолдошуна да аталган топто жүргөндө жолуккан. Учурда Орусияда жашап жаткан Айжамал менен интернет жана телефон аркылуу байланыштык.
– Айжамал, кандайсың? Билинбегени менен Орусияга кеткениңе бир топ эле убакыт болду окшойт...
– Рахмат, жакшыбыз. Буюрса, баары ойдогудай. Москвага келгенибизге 2 жылдан ашты. Бирок Кыргызстанга барып-келип турабыз. Акыркы жолу “Кыз-Бурактын” өткөн жылы октябрь айында берген концертине барып, декабрда келгем.
– Балдарың чоңоюп жатабы, улуусу канчага чыгып калды?
– Улуу кызым Жыпара 2 жаштан ашты. Бала бакчага бара элек. Бул жакта 3 жашынан тартып алышат экен. Буюрса, эмки жылы берели деп турабыз. Экинчи балам Темирлан 7 айга толду. Чоң атасына аябай окшош.
– Бөтөн жерде жаш балдар менен кыйналган жоксуңбу?
– Темирлан боюмда бар кезде каралашканы апам келген. Төрөгөнүмдөн кийин дагы 40 күн туруп кетти. Апама көнүп калган экенмин, кеткенде аябай эле орду билинди. Бир жакка балдарды таштап чыгып калсам, үйгө келгичекти сарсанаа болом. Москвага көнүп калдым. Бөтөн жерде жашап жатканымды деле сезбейм.
– Чыгармачылык жактан таптакыр эле тынчып калгандайсың, эмне, таштадыңбы?
– Чынында, бир аз тыныгуу болуп жатат. Турмушка чыккан соң үй-бүлө биринчи орунда болуп калат экен. Кызымды төрөгөндөн кийин эне болуу бактысынан ашкан бакыт жок экенин сездим. “Кыз-Бурактын” гастролдоруна чыга албасам да, чоң-чоң концерттерине катышып жүрөм. Кыргызстанда жүргөндө “Жыпарым” аттуу ырыма Гүлшайыр эже клип тарттыралы деп баарын сүйлөшүп койгондо катуу ооруп калдым. Айыккан соң Москвага келе бергем.
– “Кыз-Бурактан” бөлүнүп, жеке ырчы катары чыгышыңа эмне себеп болду?
– “Кыз-Бурактын” кыздарынын көбү турмушка чыккандан кийин эле ырдабай калышчу. Жолдошум уруксат берип, колдоп турса, эмнеге ырдабайм? Топтон бөлүнгөнүмө, албетте, үй-бүлө күткөнүм себеп болду. Анткени бойдок кездегидей топ кайда болсо ошол жерде жүрө албайм да. Ошентсе да “Кыз-Буракты” өзүмдөн алыстаткым келбейт. Анткени мен ошол топтон агарып-көгөрдүм. Жеке ырчы катары ырдаганым менен, топтун чоң-чоң концерттерине дайыма катышып турам.
– Шоу-бизнестин белгилүү жигиттери сени жакшы көрүшкөн, жакшы көрмөк түгүл сүйгөндөрү да болгон деп уктум эле...
– Эми кандай десем, ооба, чын. Белгилүү продюсер мага сүйүүсүн арнаган. Ал – Канат Култаев. Андан сырткары ырчы жигиттер да сүйүүлөрүн билдиришкен. Бирок мен аларды байкемдей, досторумдай эле көрчүмүн. Жолдошум чыгармачыл адам эмес, башка кесиптин ээси болсо деп самачумун. Тилегим орундалды. Ошентсе да мени жактырган жигиттердин чыгармачылыгын, адамгерчилигин аябай баалайм.
– Жолдошуң сени кимдер жактырганын билеби?
– Албетте, билет. Мага ашык болгондордун аты аталып калса эле “ии, ии” деп таарынгансып, кызганып калат. Мен болсо “ал деген өткөн күндөр, мен бир гана сени сүйөм” дейм. Анан жыргап, сүйүнүп калат.
– Жолдошуң ушул тапта эмне менен алектенет?
– Азамат Америка эмеректерин сатуучу орусиялык компаниялардын биринде иштейт. Даяр болгон буюмдарды Америкадагы ишканадан баштап, Москвадагы кампаларга чейинки жолдо эл аралык бажыканалардан өткөрүү менен алек.
– Үйдө ары тур, бери тур деген сөздөр болбой койбосо керек. Мындайды кантип басасың?
– Казан-аяк кагышкандан Кудай сактасын. Бизде майда-чүйдө таарынуулардан башка эч нерсе боло элек. Таарынычтар тез эле жазылып кетет. Ортобузда бири-бирибизге болгон урмат-сый бар.
Жолдошум балдарына камкор ата. Уулун “Симбам”, кызын “жыттуум, аселим”, мени “чоң кызым, жаным, сүйгөнүм” деп эркелетет.
– “Кыз-Бурак” тобу Орусияга гастролдоп барганда сеникине барышабы?
– Мен Москвага келгенден бери 1 жолу келишти. Анда да гастролдоп эмес, фестивалга келишкен. Бирок биздин үйгө түнөшкөн жок. Аларды Москвадагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин мейманканасына жайгаштырып коюшкан экен. Болгону, бир аз отуруп конок болушту. Эмнеси кызык болду дебейсизби? Гүлшайыр эже кетерде “аман-эсен тезирээк төрөп ал” деп бата берген. Анан эртеси күнү эле төрөт үйүнө жөнөп калсак болобу. Андан кийин топтун курамы Орусиянын бир канча шаарларын кыдырышты. Бирок Москвага келишкен жок.
– Сахна жашоосуна жаштайыңдан аралашып, ошол чөйрөнүн суусун ичип, тузун таттың. Эми үйдө отурганда ырдагың келип, буулуккан жоксуңбу?
– Ооба, үйдө отурганда кээде бук болуп кетем. Азамат кыйналып турганымды сезип калат. “Эмне болду сага, сахнаны сагындыңбы? Сагынсаң Кыргызстанга бар, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттыр, жумушуңду уланта бер“,- дейт. Мен энергияны сахнадан, күйөрмандарымдан, мени коштогон кол чабуулардан аларымды түшүнүп турат.
– Жаңы түшкөн сүрөттөрүңдү карап отурсам, мурунку ичке Айжамал жок, жакшы эле толупсуң. Арыктоонун аракетин көрүүнү ойлонбой элесиңби?
– Азыр кыз кездеги салмагымдан дайын жок деп койбоюнбу, тамаша. Чынында, толом деп эч качан ойлогон эмесмин. Аял киши балалуу болгондон кийин сөзсүз салмак кошот окшойт деп калдым. Бирок толуктугума эч кабатыр болгон жокмун. Анткени кааласам тез эле арыктап алам.
– Өткөндө сүйлөшкөнүбүздө “Антальяга барып эс алып келгени жатабыз” дедиң эле, эс алуу кандай өттү?
– Жолдошум, эки балам менен Антальяга барып, Жер Ортолук деңизинин жээгинде эс алып келдик. Аталган шаардын “Сурал сарай” деген эс алуу жайында болдук. Аябай кооз жер, бирок деңизи укмуш туздуу экен. Биз жашаган эс алуу жайындагылардын көбү Германиядан келген туристтер болду. Анан Кыргызстанда 18 жыл, азыр Германияда жашап жаткан орус улутундагы мекендешибизге жолугуп, жакшы тааныштардан болуп алдык.
Бул эс алуубуздан кийин Бишкектин жакшы бир районунан эки бөлмөлүү квартира алдык. Буюрса, жакында үйүбүздү көргөнү Бишкекке барып калабыз.
– Жакшы экен. Биринчи кезекте туулуп-өскөн жериңдин эмнесин сагындың?
– Өз мекенин ким эле сагынбасын?! Биринчиден, апамдын тандырга жапкан нанын сагындым. Мекенимдин шаркырап аккан суусун көрүп, абасынан терең-терең дем алгым келип жатат. Албетте, анан чыгармачылыкты, күйөрмандарымды сагындым. Өзүбүз бул жакта жүрсөк да, жүрөгүбүз, бүт оюбуз Кыргызстанда. Жагымсыз окуялар орун алганда бизде да түнкүсүн уйку жок болуп калат.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg