“Туяк” рубрикабызда залкар адамдардын артында калган балдары менен маектешип, алардын кандай ата-эне, кандай жубай, ички дүйнөсү кандай болгонун баяндап берүүдөбүз. Атактуу актриса, театр жылдызы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын кызы Ажар Назарова менен апасы тууралуу маектештик. “Апамдын көзү өткөнүнө жарым жыл болсо да эми өзүбүзгө келип жатабыз” дейт актрисанын кызы.
– Ажар, саламатсызбы? Жамал апаны жоготконубузга жарым жыл болуптур, оңой болбосо керек?
– Саламатсыздар, ооба, оңой болгон жок. Эми өзүбүзгө келип, апамсыз жашаш керек экенине араң макул болуп калган учурубуз. Эл залкар адамынан айрылса, биз апабыздан айрылдык. Биз эки бир тууганбыз, агам Мурат жана мен. Мага апам өзүнүн апасынын ысымын ыйгарыптыр, апасындай адам болсун десе керек. Таенем өтө назик, сөз көтөрө албаган, бирок темирдин өзөгүндөй күчтүү адам болгон экен. Мен канчалык окшошмун билбейм, бирок таенеме окшошсуң деп айтышат.
– Жамал апа кандай эне болгон? Театр, актрисалык көбүрөөк убактысын алса керек?
– Кеп апамдын жакшы же жаман эне болгонунда эмес го, кеп анын өзгөчө адам болгонунда. Өзгөчө эненин тарбиясын алдым. Апам мага майда нерселерди эмес, жашоонун негизги баалуулуктарын баалоого үйрөттү. “Сен муну жасап кой, тигини жасабай коюпсуң, кыз мындай болуш керек, антпе-минтпе” деген чектөөлөрдү койгон жок. Жашоону сүйгөндү, адамгерчиликти баалаганды үйрөттү. Мен өзүм да энемин, бирок жаш кезимде эне болгон үчүн мен энеликти анчалык түшүнбөгөн экенмин. Күнүмдүк тиричиликке, тартипке, майда-чүйдө нерсеге көп көңүл бурчу экенмин. Апам каза болгондон кийин жашоого көз карашым өзгөрдү.
Ооба, апам кесибин жүрөгү менен сүйчү, өмүрүнүн аягына чейин кесиби менен жашады. Көп убактысын театрда, гастролдордо жүрүп өткөрдү, эс тарткандан бери апам менен гастролдордо жүрүп чоңойдум. Кыргыздын залкар адамдары мени эркелетип жүрүп чоңойдум. Кийин өткөөл курак болгондо эле атам “мектепти жакшы окушу керек” деп талап коюп гастролдорго көп барбай калдым. Апам мага “Ажара, жашоо – элек, өзү эле элеп ордуна коюп коёт. Сен эч нерсеге капа болбо, ордуна келет” деп көп айтчу. Менин жашоодогу адилетсиздикке ыйлап кала турган жайым бар эле.
– Мүнөзү кандай эле, урушчу беле?
– Апам мени урушканы эсимде жок, “Ажарик” деп эркелетип койчу. Өтө жумшак, боорукер, ак көңүл болчу. Такыр бой көтөрчү эмес, апам экөөбүздүн ошол жерибиз окшош. “Жамал Сейдакматованын жалгыз кызы болсо чоёктогон, эрке, бой көтөргөн неме болуш керек” деп сыртымдан ойлошот экен. Сүйлөшө келгенде “өтө жөнөкөй экенсиң” деп аябай таң калышат. Апам кымбат баалуу кийимдерге көңүл бурчу эмес, өзүнө ыңгайлуу кийим кийип алып эле жүрө берчү. Менин кесибиме да киришкен жок, атам англис тилин үйрөнсө жакшы болот деп айтты, ошону менен котормочулук кесипти тандадым.
– Атактуу инсандын кызы болуу кандай сезим? Мектепте артыкчылык берилчү беле?
– Ушул кезге чейин классташтарымдын арасында Жамал Сейдакматованын кызы экенимди билбегендер бар. Андыктан атактуунун кызымын деген сезим болгон эмес, элге белгилүү адам болгон менен, үйдө менин апам эле болчу да.
– Эки бир туугандан кимиси жакын эле апаңызга?
– Агам апамдын изи менен чыгармачылыкка кетти. Ал режиссёр, жеңем актриса Асел Чоткараева. Ошол үчүн алардын сүйлөшкөндөрү, талкуулагандары бир толкунда болчу. Агам жаш чагынан эле театрда иштеди. Менин кесибим башка, үй-бүлөм менен 10 жылдай Москвада жашадык. Ошондуктан бир аз алыс болдум окшойт. Антип да айткым келбей жатат, анткени апам мени менен эч кимге айтпаган сырларын айтып, чогуу көп убакыт өткөрчүбүз. Апам экөөбүзгө тең жакын болду, бирок кайсы бир темада агам менен, кайсы бир темада мени менен жакын болду. Агам экөөбүздүн ортобузда да чоң жаш аралыгы бар, андыктан экөөбүзгө тең мээрими, сүйүүсү кенен жетти.
– “Тунгуч” театрын азыр ким жетектейт, Жамал Сейдакматова деген ысымдын мындан ары да жашашы үчүн кандай иштер жүрүп жатат?
– Агам экөөбүздүн мүнөзүбүздүн бир окшоштугу бар. Элдин алдында сүйлөп, интервью бергибиз келбеген жайыбыз бар (күлүп). Биринчи жолу сизге интервью берип жатам, эмнегедир уяла беребиз. Өзү элдик адам болгон үчүн апам биздин ушул мүнөзүбүзгө таң калчу. “Эмне эле менин балдарым уяла берет элге чыккандан?” деп күлүп калчу. Жеңем да чыгармачыл инсан болгон үчүн үй-бүлөбүздүн атынан бул иштерди жеңем алып барат. “Тунгуч” театрын агам менен жеңем алып кетет. Апамдын атынан фонд түзүлдү, акырындап ишке киришүүдө.
– Өзүңүз тууралуу маалымат айта кетсеңиз?
– 1986-жылы төрөлгөм, апам менен атамдын жалгыз кызымын. Жалгыз кыз болгонум менен, обу жоктонуп эркелеп чоңойгон жокмун. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда эки кызыбыз бар, Алина, Карина деген эки кызды тарбиялап жатабыз. Турмушка чыгып, Москва шаарында 10 жылдай жашадык. “Ата-энемдин жанында болоюн” деп кайра мекенибизге келип, учурда мамлекеттик кызматта иштейм.
– Сизге эң жаккан апаңыздын ролу?
– Апам аткарган ролдорунан Каныкейдин ролун жактырам. Ошол монолог күчтүү чыккан деп ойлойм. Курманжан датканын ролу да өзгөчө болгон.
– Күлкүлүү же таасирдүү окуяларын эстеп берсеңиз...
– Апам өзү чыгармачыл адам болгон үчүн үй жумуштарына, аялдын жумуштарына анча жакын эмес болчу. Кыям жасаганда чыгармачылыгын кошуп фантазиясын иштетип, мисалы, малинага карагат кошуп жиберчү (күлүп). Бир жолу эсимде, апам лагман жасайм деп камырды колго чойгон. Анысынын калыңдыгы чыпалактай жоон болуп калган (күлүп). Бир жолкусунда тамак жасап туздун ордуна кумшекер кошуп салыптыр да, тамак ичели десек эле таптаттуу.
– Акыркы жолу качан көрдүңүз? Керээз айттыбы?
– Апамдын жанында эле болуп жаттым. Жакын турчубуз, бат-бат көрүшчү элек. Ушул аралыктарда апам “Ажара, өзүңдү сакта, ден соолугуңду жакшы кара” деп жатты. Кандай күндө жатса да эне экен да, менин маанайымды, көңүлүмдү ар дайым карачу. Көзү жумуларда “балдарым, силерге ыраазымын” деп айтты.
– Атаңыз каза болгондон аз өтпөй эле Жамал апа кетип калды, өтө чоң сүйүү болгон болуш керек...
– Ачыгын айтыш керек, атамдын да, апамдын да экинчи никеси. Мен экөөнүн чоң махабатынан жаралган кызмын. Атамдын мүнөзү катуу, орой, кырс сүйлөгөн адам болчу. Бирок апам бир ачкычын таап алчу. Жинденип кетсе деле апам жоошута алчу. Атам да апама чоң талаптарды коё берчү эмес. “Үйдө бол, дайым тамак болуп турсун, ал-бул” дебей, апамдын табиятын түшүнчү. Атам экөөбүз базарга барып азык-түлүк алып келчүбүз. Азыр ойлосом, бири-бирин издеп табышкан, төп келген адамдар болгон экен. Экөөнүн ортосунда чоң байланыш бар болчу. Атам каза болгондон кийин апам да чөгүп кетти. Ошол үчүн да биринин артынан бири кетип калды окшойт.
– Ажар, чоң рахмат. Жамал апанын артында уул-кызы калганы, анын ысымы дагы далай убакыт жашай турганы элди да сүйүндүрөт болуш керек.
Нуржамал Жийдебаева