ДАБДААРЫГАН, КАҢГЫГАН ЖЕ ИДИРЕКТҮҮ...

Адамдын мүнөз-кыялдарын, турпатын сүрөттөө үчүн төмөнкү сөздөр сизге жардамга келет. Балким, уккан чыгарсыз. Маанилерин байкап көрөлү.

Бычым (бычын) – турпат, келбет. Мисалы: Бир көргөн көзгө сырт бычымы жылдыздуу, өзү да тири карак адам болчудай
(Т.Сыдыкбеков).

Дабдаары1. Абдан чаалыгып алдан кетүү, дабдыроо, шайы кетип теңселип калуу. Мисалы: Бир аз желгенден кийин бээ желүүгө жарабай дабдаарып, ыргалып калды (Т.Сыдыкбеков).

2. Апкааруу, эмне дээрин билбей калуу, далдыроо. Мисалы: Шагы сына түшкөн бай не дээрин билбей дабдаарыды
(Т.Сыдыкбеков).

Дейди – келесоо, аңкоо, дөдөй, кеңкелес, эч максатсыз жүрө берген. Мисалы: Чоро бир орунда курган тамы, тиккен талы жок, жалгыз бой, күлү додо болбогон дейди адам (Т.Касымбеков). Үйгө бир күн жолобой, дейди болуп калыптыр (Эл ыры).

Дөдөй – келесоо чалыш, айтылган сөздү оңою менен түшүнө албаган макоо, дөөпөрөс. Мисалы: – Тил билбеген дөдөй менен кантип өмүр өткөрөм? – деди Батийна (Т.Сыдыкбеков).

Идирек, идиректүү – тез түшүнө коюучулук, акыл жөндөмдүүлүгү бар, зээндүү. Мисалы: – И-и, Каныбегимдин идиреги бар экен! – деп Жума эмнегедир кубангандай боло түштү (К.Жантөшев).

Каңгуу, каңгы 1. тентүү, тентиреп калуу, эч максатсыз бет алды кете берүү. Мисалы: Эр жигит эли менен береке табат элсиз калса, ал каңгып калат деген
(М.Элебаев). Эмне кыларын билбей, бет алды каңгый берип, эртеси айылына келген экен («Ала-Тоо»).

2. Башы катуу, эмне кыларын билбей маң болуу. Мисалы: Байкап турган маңгулу,
Башы жаман каңгыды («Манас»).

Күржүй – тулку бою чоң, москоол, келип булчуңдуу, күрсүйгөн толук көрүнүштө болуу. Мисалы: Мыктынын шилиси күржүйүп, булчуңдары буруят
(Т.Касымбеков).

Телпей 1. Сынынан кетүү, кебетеси жаман көрүнүү, жүдөө. Мисалы: Кайда баратасың телпейип (К.Жантөшев)?

2. Келишими, жарашыгы жок болуу (көбүнчө баш кийимге карата). Мисалы: Башындагысы телпейген жаман тумак.

(Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүктөрүнөн алынды)

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан