ООГАНСТАН. «ТАЛИБАНДАН» ӨЛКӨГӨ КАНДАЙ КОРКУНУЧ БАР?

Ооганстан десе көпчүлүк согуш талаасын, колуна автомат кармаган сакалчан кишилерди, чүмбөт жамынган аялдарды элестетет. Ооган эли дээрлик 100 жылдан бери тынч жашоо эмне экенин билбей жашап келет. Аларга СССР, талибдер, Европа, АКШ, БУУ, ЕС, саясатчылар, экономисттер, гуманисттер, айтор, баары тынчтык орнотууга сөз берип келишкен. Жыйынтыгында эч кандай тынчтык орногон жок, Ооганстан өлкөсү чоң согуштук майданга, ири державалардын куралына, тирешчү аймагына айланды. Бүгүн биз Ооганстан жана андагы окуялардын Кыргызстанга тийгизе турган таасири тууралуу сөз кылабыз.

ООГАНСТАН – КЕЛЕЧЕКТЕГИ САУД АРАБИЯСЫ

Ооганстан Түштүк Азиядагы өлкө. Калкынын саны 32 миллиондон ашык, аймагы 652 864 чарчы чакырымды түзөт. Борбору – Кабул, мамлекеттик тили – пушту жана дари. Унитардык мамлекет, президенттик республика. Иран, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Индия менен чектешет. Ооганстан Чыгыш менен Батыштын кесилишинде орун алгандыктан, миграция менен соода-сатыктын байыркы борбору болуп келет. Бир тарабы Борбор Азия жана Түштүк Азия менен чектешсе, бир тарабы Жакынкы Чыгыш менен чектешет. Ыңгайлуу жерде жайгашкандыктан саясий, маданий жана экономикалык мамиледе маанилүү ролду ойногон аймак. Ооганстанга болгон ири державалардын кызыгуусу да ушул аймактык өзгөчөлүгүнөн десек жаңылышпайбыз. Бул өлкө көп согушту башынан өткөргөн, көбүнчө ич ара бийлик талашуудан, этникалык, диний кагылышуулардан жарандык согуш тутанып 40 жылдап согушуп келишкен. Бири-бирин тынчтандырууга алы жетпей калганда башка өлкөлөр кийлигишип баштайт. Ири мамлекеттердин Ооганстанга аскерлерин алып кирүүсүнүн расмий себептери болгон, бирок анын артында жеке кызыкчылыктар бар экени талашсыз. Анткени Ооганстанда казып алуучу кен байлыктары көп. Мисалы, НАТОнун эксперттери 1980-жылы орус чалгындоо кызматынын Ооганстандагы кен байлыктар тууралуу отчётунда литийдин абдан көп запасы бар экени билинген. Литий аскер техникаларын жана батарейкаларды жасоодо колдонулат. Алтын менен никелдин запасы көп. Эксперттер Ооганстанда 3 триллион долларлык кен байлыктын запасы бар экенин айтышкан. Айрымдар Ооганстанга “келечектеги Сауд Арабиясы” деп баа беришкен. Дүйнөлүк базарда жүгүртүлгөн баңгизаттын 90 пайызы Ооганстанда өндүрүлөт.

“ТАЛИБАН” КЫЙМЫЛЫ, ТАЛИБДЕР ДЕГЕН КИМ?

Талаба деген – студент, окуучу деген сөз. СССР Ооганстанга киргенде каза болгон моджахеддердин балдары медреселерде окушкан. Моджахеддер – булар согушкерлер. Кийин бул балдар өздөрүн “талаба” деп айтып, андан улам "Талибан" кыймылы негизделип калган. "Талибан" кыймылынын максаты – Ооганстанда ислам мамлекетин куруу, бийликти алуу. 1996-жылы талибдер бийлик башына келгенде Ооганстанды Эмираттай кылабыз, ислам мамлекети болобуз дешкенде Сауд Арабиясы, Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары гана тааныган. Башкалар аны террористтик кыймыл деп аташкан. Себеби талибдердин светтик түзүлүшкө жакындыгы жок. Диний негиздеги мамлекет куруп, аялдардын укугун чектеп абдан радикалдуу кадамдар менен аракетин башташкан. Алардын мындай аракетинен көп тышкы өлкөлөр чочулап, этияттап тааныбай коюшкан. 1996-2000-жылдары "Талибан" кыймылы ооган бийлигинде турган. Айта кетсек, "Талибан" Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик, экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

ТАЛИБДЕРДИН ЖАНДАНУУСУ КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН?

Токтогул Какчекеев, саясатчы:

– “Талибан” кыймылынын тамыры Пакистанда жатат. Бул уюмду Мухаммед Омар негиздеген. Алардын максаты – Ооганстандагы бийликти алуу, ал жакта радикалдуу ислам мамлекетин куруу, динден чыккан мамлекеттерди уратып, өзүнүн карамагына каратуу. Исламды бетке кармаганы менен, көп аракеттери шариятка туура келбейт, мыйзамга каршы келет. Кыргызстан кандай зыян тартышы мүмкүн? Биз азыр эле зыян тарттык, талибдердин согушунан улам Ооганстанда жашаган 300дөн ашуун этникалык кыргыз Тажикстанга качканга аргасыз болушту. Тажиктер кабыл алып, бирок Кыргызстан мекендештерин көчүрүп келели дегиче болбой кайра аларды Ооганстанга өткөрүп берип салды. Сирияда дүйнөлүк халифат кургусу келген диний уюм бар. Ошол уюмга мүчө болуп кирген кыргызстандыктар көп. Алардын максаты – Орто Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды радикалдашкан ислам мамлекетине айландыруу. Эгер билсеңиздер, 1999-жылы Өзбекстан ислам кыймылынын (Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) аскерлери биздин аймак аркылуу Өзбекстанга киребиз деп Баткенге кол салышкан, ушул да зыяны. Биздикилер “бизге эч нерсе болбойт” деп камырабай отура беришип бир эмес, эки жолу Баткенге кол салуу болду. Ушул жылдагы Баткен окуясында көрдүңөр, тажиктер коридор сурашты, аларга коридор эмнеге керек? Анткени Ооганстандан чыккан баңгизатты биз аркылуу өткөрүп алышы керек. Андыктан алыста жаткан коңшуңдун үйүндө уруш болуп жатса, мага эч нерсе болбойт деп жата берген туура эмес.

Артур Медетбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурунку биринчи орун басары:

– Талибдер эгер ооган бийлигине келсе, эртең Тажикстанга, Түркмөнстанга, андан өтүп бизге кол салбашына эч ким кепилдик бербейт. Учурда алар орустар менен сүйлөшүп Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ОДКБ), ШКУга мүчө мамлекеттерге тийбейбиз деген калптарын айтып, ары барып америкалыктар менен сүйлөшүп эки жүздүү саясатын жүргүзүп жатат. Бирок алардын артында кимдер турат, америкалыктар кетип жатып эмнеге аларга курал-жарак, техникаларын таштап кетти? Эмнеге ЖККУга мүчө Тажикстан, Түркмөнстанга чабуулдарын баштады? Мунун артында чоң геосаясий оюн бар. Алардын колу менен Орто Азия мамлекеттерине бүлүк салгысы келген ири державалар турат. Дагы бир маселе, Ооганстан менен Түркмөнстандын ортосунда чоң чек ара сызыгы бар, учурда ал аймакты талибдер көзөмөлдөп Түркмөнстан менен согушуп жатышат. ТАПИ деген долбоор иштелип жаткан, анда Ооганстан, Пакистан, Түркмөнстан жана Индия газ түтүктөрүн курмак. Бул долбоорго каршы мамлекеттер да бар, мына ошолор талибдерди өз пайдасына колдонуп Түркмөнстанга сес көрсөтүп жатышат. Орусиянын ролу бул жерде чоң, орустардын максаты – ЖККУ, ШКУга мүчө мамлекеттердин бүтүндүгүн коргоо. Анткени талибдер бүгүн бизге жетсе, бүрсүгүнү Орусияга кирип барышы мүмкүн. Ооганстан учурда чоң гуманитардык каатчылыктын алдында турат, тамак-аштан баштап кийим-кечеге чейин баары кымбаттап жатат. Мындан улам качкындардын саны көбөйүшү мүмкүн. Качкындар Кыргызстанга келбейт деп эч ким кепилдик бербейт. Анан согуш чыгып кетсе Кыргызстан ЖККУга мүчө болгонуна байланыштуу сөзсүз аскерлерин жөнөткөнгө туура келет, жоготууларга дуушар болот. Андыктан Ооганстандагы стабилдүүлүк, тынчтык бизге абдан керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-07-27 05:44:52
бизге кол салса ошо окендер даярдаган же америка даярдагандар эле кол салбаса карапйым авган согушка тойду го дейм. эч киминер жене албай койдунар го 100 жылдан бери.
0
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан