ЖЕР ШАРЫНДА КАНЧА АДАМ ЖАШАЙТ?

Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Жер шарында жашаган адамдардын саны 2019-жылы 7 миллиард 674 миллионго, ал эми 2021-жылы июлда болжол менен 7 миллиард 900 миллионго жеткен.

2009-жылы адамзаттын тарыхында шаарлардын эли менен айылдардын элинин саны тең келген. Башкача айтканда, ар бири 3,4 миллиардды түзгөн. 2020-жылы планетадагы жашоочулардын 56,2 пайызы шаарларда жашай тургандыгы маалым болгон. Ушинтип жүрүп отурса 2050-жылы шаарларда жалпы калктын 68,6 пайызы жашап калат.

2020-жылы дүйнө элинин 59,5 пайызы Азияда, 17,2 пайызы Африкада, 9,6 пайызы Европада, 8,4 пайызы Түштүк Америкада, 4,7 пайызы Түндүк Америкада, 0,5 пайызы Океанияда жашаары аныкталган.

БУУнун маалыматына таянсак, планетанын жашоочуларынын саны кайсы жылы канча миллиардга жетип турганын билебиз. Башкача айтканда, 1804-жылы 1 миллиард, 1927-жылы 2 миллиард, 1960-жылы 3 миллард, 1974-жылы 4 миллиард, 1987-жылы 11-июлда 5 миллиард, 1999-жылы 12-октябрда 6 миллиард, 2011-жылы 31-октябрда 7 миллиард болгон. Болжол менен 2023-жылы адамдардын саны 8 миллиардга, 2042-жылы 9 миллиардга жетери болжолдонууда.

2020-жылдан 2100-жылдар аралыгында 80 жаш курактагылар жана андан улуулардын саны 146 миллиондон 881 миллионго чейин жетиши мүмкүн.

Кыргызстанда 2021-жылы январда 6 миллион 636 миң 803 адам катталган, анын ичинде кыргыздар 4 896 182 адам. Орустар 341 351, өзбектер 985 358 адамды түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ге жакын түрдүү улуттун өкүлдөрү жашайт.

ЖАШООЧУЛАРЫ ЭҢ КӨП ӨЛКӨЛӨР

Бул катарга көптөгөн өлкөлөр кирет. Мисал келтирсек, Кытайда 1 411 778 724, Индияда 1 392 854 000, АКШда 331 449 281, Бразилияда – 219 284 160, Нигерияда 213 118 636, Орусияда 146 238 185, Японияда 125 950 000 адам жашайт.

Кытай элинин саны 2030-жылы болжол менен 1 миллиард 450 миллионго жетет.

Африка материги тууралуу сөз кылсак, 2016-жылы 1 миллиард 216 миллион адам жашагандыгы катталган.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-08-01 12:01:23
Кытай Индия АКШ. Индонезия Пакистан жокко. Индонезия 273,523,621. Пакистан калкынын саны боюнча бешинчи сапта турат 220,892,331.
-1
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан