ОЙЛОЙСУҢБУ, СЕН МЕНИ ОЙЛОЙСУҢБУ?.. Жүрөктө калган ырдын тарыхын автор айтып берет

“Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу? Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?” деген саптарды отуруштарда ырдап калабыз. Буга чейин бул ырдын автору билинбей, элдик ыр катары кабыл алынып келген. Ырдын автору бул ыр элге тарап кеткенин, өзүнүн автор экенин кантип айтарын да билбей көпкө жүрүптүр. “Кызганам” ырынын жаратуучусу Кочкор Эрменбетовду редакциябызга ырчы Өсөр Козуев ээрчитип келди. “Кызганамын” кантип жаралып калган, ал кимдин тагдыры, кайдан казактардын ыры аталып калганы, баарын автордун өзүнөн уктук.

“30дан АШЫК ОБОНУМ БАР”

– Мен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында жашайм. Ошол айылда 1957-жылы төрөлгөм. Музыкалык билимим жок. Бирок бир топ ырдын сөзүн, обонун жазгам. Ырчы Өсөр Козуев менин 10 чакты ырымды ырдап жүрөт. Эсебин так билбейм, болжол менен 30дан ашык обондорум бар. Арасында өзүмдүн, Нуржигит Кадырбековдун, Какен Алмазбековдун сөзүнө жазылган обондорум бар.

Музыкага кызыгып калганым тууралуу айтып берсем, негизи мен мектепте окуп жүргөндө музыка сабагынан каччумун, жаман көрчүмүн. Мектепти бүткөндөн кийин кошунамдын комуз черткенин көрүп кызыгып калдым. Анын комузун бир түнгө сурап, ошол бир түндүн ичинде Токтогул Сатылгановдун “Кербезим” чыгармасын комузда ойноп үйрөндүм. Эч ким үйрөткөн жок, өзүм эле үйрөнүп алдым. Эртеси күнү комузду ээсине алып барып бердим. Кийин мектепте кол эмгектен жана трактор таануу сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. Ал жактан комузду дагы жакшыраак үйрөндүм, ар кандай маданий иш-чараларга, мектептин атынан сынактарга катышып жүрдүм. Алгачкы обонумду 1992-жылы чыгардым. Биринчи обонумду ушул “Кызганам” ырыма жазгам. Ошентип уланып кетти. Дастандардын обондорун да чыгардым. Мисалы, Какен Алмазбековдун сөзүнө жазылган “Оорулуу жигиттин арманы” деген дастанга обон чыгаргам.

“ЫРЫМДЫН ЭЛГЕ ТАРАП КЕТКЕНИН БИЛГЕН ЭМЕСМИН”

– “Кызганам” деген ыр боюнча айтсам, айылдаш иним сүйүүгө мас болуп жүргөн кезде мага келип, “ушундай ыр жаратпасаңыз болбойт” деп калды. Ал жигит бир кызды катуу сүйүп, бирок ага жетпей калып кыйналып жүрүптүр. Кыз деле жакшы көрөт экен. Бирок жигит сүйгөнчөлүк сүйгөн жок окшойт. Кыз башкага турмушка чыгып кетиптир. Жигит окуясын айтып берип жатканда анын кыйналганы мага сезилип турду. Анын абалына кирип, ушул текстти жаздым. Жигитке көрсөтсөм, текст аябай жагып, мага ыраазы болгон. Обонун да чыгарып бердим. Ал жигит ырды тар чөйрөдө ырдап жүрдү. Мен да ырдап калчумун. Кээде ырдап калсам, ошол жердегилер жактырып, “сөзүн жазып бериңизчи” деп калышчу, жазып берчүмүн. Ошентип ыр эл арасында ырдалып калыптыр. Аны өзүм да билбейм. Кийин Казакстанда иштеп калдым. Казактардын арасында да комуз менен ырдап жүрдүм. Ал жактан дагы сөзүн жаздырып калгандар болгон. Кийин бирөөлөрдүн “бул казактардын ыры” дегенин угуп калып кейидим.

Ырымдын элге тарап кеткенин билген эмесмин. Жакында эле интернеттен бир баланын комуз менен ырдаганын, бир айымдын ырдаганын көрдүм. Бул ырды ырдагандар авторун аташпаптыр. Кимдир бирөө автор болуп алгандыр деп да ойлоп жүрдүм. Анан Өсөр Козуевдин сунушу менен ырдын автору менмин деп элге жарыялоону чечтик. Менин ырым деп айтып чыгыш менин оюма да келген эмес. Бирок автору айтылбай ырдалып жүргөнүнө кейип калчумун. Анткен менен ырымдын эл арасында ырдалып жүргөнүнө сыймыктанам. Ырга автордук укук алып койсо болот турбайбы. Андай нерсе бар экенин да билген эмесмин. Бул тууралуу кечээ эле уктум, эми ошону кылат окшойбуз.

Менин өзүмдө ырдап чыгайын деген ой болгон эмес. Ырларымды сатам деген да ой жок. 2003-жылы болсо керек эле, бир ырымды бирөө “сатыңыз” деп сурап калды. Мен макул болбой койгом. Ырымды сатсам өзүмдү саткандай болуп калбаймынбы. “Авторун атап ырдай бер” дегем. Бирок ал бала ырдап чыккан жок окшойт, анын ырдаганын көргөн жокмун.

Жазган ырларымдын арасынан өзүмө "Ошол сулуу кайда кетти?" деген ырым жагат. Элге тараса экен деп ойлогон ырларың тарабай калат экен. Мен "Кызганамды" жөн эле жазып койгом да. Ал тарап кетиптир. Башка ырларым чыга албай эле жүрөт.

Өсөр Козуев, ырчы: “КОЧКОР БАЙКЕНИН 10 ЧАКТЫ ЫРЫН ЫРДАП ЖҮРӨМ”

– Максат Базарбаев деген досубуз бар, өзү ырдап жүрөт. Бир жерде отуруп ал “Кызганамды” ырдап калыптыр. Ошол жерде отурган Кочкор байке “бул ыр кимдики экенин билесиңби?” десе, “жок, казактардыкы деп айтып калышат. Кээде кыргыздардыкы деп да угам. Автору жок” дептир. Анан эле Кочкор байке “бул менин ырым да, мен чыгаргам” десе, бир аз ишенбей карап калыптыр. Бул ырды мен деле ырдап жүргөм да. Бирок мен деле Кочкор байкенин жазганын билген эмесмин. Башкалардан угуп, өзүнө чалып сурасам, “меники” деди. Көрсө, автору жаныбызда эле жүргөн киши экен. Анча-мынча сөздөрү өзгөрүп кетиптир. Кочкор байкенин ырлары көп. “Кайда кеттиң?”, “Ак кушум”, “Жоролорум”, “Той ыры”, “Периштем”, “Айылдык кыз” деген сыяктуу он чакты ырын мен ырдап жүрөм. Эл арасында аты аталбай жүргөн авторлор көп. Ошолордун бири Кочкор байке.

Гүлнара Калдарова, ырчы: “ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕ СУНУШТАП, УШУЛ ЫРДЫ ЫРДАП КАЛГАМ”

– 2000-жылдары тойлорго барып калганда көпчүлүк эжелер ушул ырды ырдашканын укчумун. Менден да ырдап берүүмдү суранып калышчу. Ошондо Гүлшайыр эже (ред.: Гүлшайыр Садыбакасова)ушул ырды ырдап чыкпайсыңбы. Сага жарашат, үнүңө туура келет, жеткире аласың” деп калды. Биринчи жолу болжол менен 2001-2002-жылдары ырдагам. Клип дагы тарттырганбыз. Бирок авторун таппай койгонбуз. Ал убакта интернет жок болчу да, Гүлшайыр эже дагы билбейт экен. Элдик ыр деп ырдап жүрдүк. Эгер авторун билбей ырдаган болсок, көбүнчө авторлор өздөрү чалып айтып калышчу. Бул ыр боюнча эч ким байланышка чыккан эмес. Кийин ырчы Темир Дамирбеков мага кайрылып, “мурда сонун бир ыр ырдап чыкпадыңыз беле. Ошол ырды экөөбүз ырдап чыкпайлыбы” деп сунуштап калды. Анан экөөбүз жаңылап ырдап чыктык. Автору табылса, албетте, атын атап ырдаганга даярбыз.

"КЫЗГАНАМЫН"

Сагынамын, мен сени сагынамын,

Сагынганда жаңгактай чагыламын.

Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу?

Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?

Кызганамын, мен сени кызганамын,

Кызганганда айылыңа түз барамын.

Жүрөсүң сен ал менен, мен менен да,

Махабаттын ак жолун булгап, жаным.

Бара албаймын, тоюңа бара албаймын,

Барган менен мен сендик боло албаймын.

Каалоо айтып мен сени кыйнабаймын,

Тилек айтып, мен сени ыйлатпаймын.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nurila02
2021-07-26 14:23:37
Мыкты талант мыкты ыр экен. Рахмат сизге!
0
Jamalym
2021-07-30 03:00:08
Соонун ыр маанилуу,журокко жеткен.
0
Gulzina1993
2021-07-31 18:12:59
Ушул ырды кичине кезимде отуруштарда тан атканча ырдашчуу
0
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан