КУМАР ОЮНУНУН КЕСЕПЕТИ же ӨЗ ЭНЕСИН ӨЛТҮРГӨН КАНКОР

Жигит сунала жерде жаткан энесинин башын кучактап ыйлап жатты. Эненин чала ачылган көздөрү ушул учурда да уулуна боору ооругандай жалдырай тигилет. «Апаке, кечир мени, акылсыз акмак уулуңду кечир...» Ушинтип күбүрөй апасынын ажалына өзү кириптер болгон жигит жерден боорун көтөрө албай өксүй берди. Бирок, бардыгы кеч эле...

Майып ата, көпкөн уул

– Балам, кайда барасың?
– Балдар менен...
Баласынын “күңк” эткен жообуна ичиркене түшсө да, апасы кайрадан үн катканга аргасыз болду.
– Менин бүгүн кечинде жумушка кетээримди билесиң да. Атаңдын жанында болсоң болот эле.
Апасынын күңкүл сөзү кулагынын сыртынан кеткен уул күзгүдөн өзүн сынай карап, чачын кайра-кайра тарап кайдыгер унчукту.
– Дарыларын, тамагын жанына коюп койсоңуз эч нерсе деле болбойт. Мен эмне, өмүр бою майып күйөөңдүн жанынан чыкпай жүрөт белем? Мага да көңүл ачыш керек. Ансыз да...
Салый апа күрсүлдөгөн уулуна үн ката алган жок. Көңүлү канчалык ооруп турса энеге тиешелүү кечиримдүүлүк менен кечирүүгө аракет кылды. «Мейличи, азыр ойной турган маалы. Менин кыйналганымды, атасынын оорукчан экенин азыр ойлой турган учуру эмес. Окууну эми бүтүп, урунаарга тоо таппай турган немеге таарынып эмне кылайын. Эптеп өзүм...»
– Апа, мен кеттим.
Ушул сөзгө эле улай эшиктин “карс” эте жабылганынан «селт» чочуй түштү апа. Терезеге барып эч кимге көңүл бурбай, кайдадыр шашып бара жаткан уулуна ичинен сыза карап турду.
– Кой, анча эмне шалдайдым? Абышкама тамак даярдайын.
Мындан бир нече жыл мурун куу турмуштун айынан күйөөсү Россияга кеткен эле. Ал жакта бир-эки жылдай жакшы иштеп, мынабул үйдү алышкан. Бирок, Россиянын суугунда куруучу болуп иштеп жаткан күйөөсү ооруга чалдыгып келди. Ошол оору күчөй берип, акыры бутун кестирип салууга аргасыз болгон. Врачтар “мындан башка арга жок” деп айтышты. Нары карап күлүп, бери карап ыйлап жатып араң макулдугун берген. Мына ошол убактан бери үйбүлөнүн тапшисин өзү жалгыз тартып келет. Салый апанын жалгыз үмүтү уулунда эле. «Эрмек чоңоюп эр жетсе жүгүм жеңилдейт»,- деп ойлочу. Бирок ...
Күйөөсүнүн өзүн чакырып жатканын уга салып, Салый апа оорулуунун бөлмөсүнө жөнөдү.
– Эмне болду?
– Эрмекти көрбөйм да, кайда кеткен?
– Ал тигил... “балдар менен сабакка даярданам” деп кетти.
– Аны жайына койчу болдуң го, байбиче. Арты кандай болоор экен? Менин түрүм бул болсо...
Экөө тең тунжурай түшүштү. Кандайдыр бир жүрөктү кыскан коркунуч алкымына тыгылып турган апа оор үшкүрө берди.

«Мага бай жигит керек»

Эрмек кичинекейинен эрке өскөн­дөнбү, эч ким менен эсептешпеген өзүмчүл мүнөзү бар эле. Атасынын оорукчандыгы, апасынын жалгыз иштеп кыйналып жатканы капарына да келчү эмес. Алтургай ошол нерсени ата-энесинин кемчилиги катары сезчү. «Менин ата-энем жашашты билбейт. Мен булардын жашына жеткенде экиден машиналуу, заңгыраган тамдуу болом. Эптеп ушулардын кепедей үйүнөн кутулсам...»
Азыр да кыялы менен байып бара жатты. Шашканынын себеби бар эле. Чогуу окуган достору менен бүгүн дискотекага барышмак. Эрмектин тагдырына жолуккан капсалаңдуу окуя мына ушинтип башталды.
Дискотеканын ар түстөгү күйгөн жарыктарынын алдында чачы тармал, шыңга бойлуу, көздөрүнөн кумар оту төгүлгөн кыз жан-алы калбай бийлеп жаткан эле. Эрмектин көңүлү ошол кызга түштү. Кантсе да кыздын жанына жакындап даап бара албай турду. Бирок, ушул кыз менен таанышпай калса бир нерседен куру калчудай шашып да турду. Акыры бардык күч-кайратын жыйып, кыздын жанына барды.
Бийкеч адегенде жанында өзүн шынаарлап турган жигитти элес алган жок.
– Сизге мүмкүнбү?
– ...
Кыз кылчайып жанында турган боз уланды көрдү да, оолжуй күлдү.
– Ха-ха-ха... Мүмкүн тургай зарыл...
Диананын шайкелең күлкүсүнө курбулары да кошулуп калышты. Өздөрүнүн тобуна кошулган жигитти сынай карашты. Капканга белчесинен чалынып турганын билбеген Эрмек ошол күнү өзгөчө бактылуу эле. Дискотека бүтүп калганда кыз Эрмекке шыбырай берди.
– Ну, бизди жеткирип коёрсуң... Машинаң кайда?
Мындайды күтпөгөн Эрмек машинасы жок экенин айта албай шашып калды.
– Жеткирип коём. Такси менен болсо да жеткирем.
– Машинаң менен келген эмес белең?
– Жок, менин машинам жок.
– Ошондойбу? Жүргүлө, кеттик анда.
Кыз жактырбагандай мурчуя калды.
– Диана, токтосоң... Мен... мен сени жеткирип...
Эрмектин сөздөрү караңгылыкка сиңип кетти. Курбулары менен шарактай баскан кыздын карааны алыстай берди. Шалдая түшкөн Эрмектин артынан келген досу аягандай үн катты.
– Эмне кыласың андайларды? Көрбөй турасыңбы кандай неме экенин? Мындайлар «бедный студенттерге» карабайт. Жалаң акча­луу­лардын колтугунда болушат.
Ызаланган Эрмек үн каткан жок. Бирок, көкүрөгү адаттан тыш тыбырчылап жатканын сезип турду. Ушул кечеден кийин Эрмек бийкечти артынан издеп барды. Ал көңүлүнө жагып калганын айтты. “Бирге бололу” деп жалынды. Бирок...
Диана бирөөнүн көзгө басар жалгыз кызы болчу. Бирок, шайкелең жүрүш-турушунан улам атасы өткө­рүп койгон окуудан чыгып, «көпө­лөк» жашоого көнүп кеткен. Ата-энеси аны жаман жолдон четтетүүгө канчалык аракет кылышканы менен эч натыйжа чыгара алышпай, акыры аргасыздан кызын жайына коюшкан. Эми Диана капчыгы калың адамдарды издеп, алардын эсебинен жашоого көнүп алган эле. Эрмекке да: «Сен мага убара болбо. Мага бай жигит керек. Сенин акчаң менин күнүмдүк тамекиме да жетпейт»,- деп ачык айтты.
Бирок, бул сөздөр Эрмекке эч кандай таасир эткен жок. Эми анын алдында бир гана максат бар болчу. Ал максаты – эптеп акча таап Дианага тең болуу. Андан башка эч нерсени ойлой албай калган эле.

Акча табуу көйгөйү

Башын мыкчыган жигит эч нерсеге көңүл бурбай кете берди. Оюнда ал: «Кантип акча табуу керек? Окууну таштасамбы?»- деп кетип баратты. Азыр байкуш апасы эптеп акча чогултуп жүрүп ушул окууга өткөрүп койгону эсинен чыгып кеткен эле.
– Эй, сен эмне шаабайың сууп келе жатасың?
Жан-жагынан угулган үнгө Эрмек жалт карады. Жалжая күлүп келе жаткан Турсунбекти көрдү. Бул өзүнөн көп жаш улуу жигит болчу. Мурун кошуна болуп жашап калышкан. Көңүлүндөгү бурганакты эч кимге айта албай буулугуп турган Эрмек тез эле Турсунбекке болгон окуяны айтып берди.
– Хм-м, абалың мышык ыйлагандай экен, досум. Бирок, мен сага жардам бере алам.
– Кантип?
– Мени менен жүрсөң тез эле оңой акча табуунун жолун үйрөнөсүң. Ал үчүн азыраак акча менен киришиң керек.
– Эгерде азыр мага жардам берсең мен сени өмүр бою унутпайм. Айтчы, андай акчаны кантип табууга болот?– Кумар ойноп...
– Кумар ойноп дейсиңби?
– Ооба. Азыр сен эч нерсени билбейсиң. Мен сага баарын үйрөтөм. Мени эмне кылып акча табат дейсиң? Ушул оюндун аркасы менен...
Эрмек андан аркысын ойлонгусу да келген жок. Азыр бара калса эле көп акча утуп, анан периштедей Диана кучагында боло тургандай элестетип кетти. Өрөпкүй берип, тез унчукту.
– Макул, мен даярмын.

Эненин көз жашы

Оңой акчанын кулу болуп, биротоло кумар оюнун өнөкөт кылып алган Эрмек тез эле окуудан чыгып калды. «Окубайм, мага кереги жок. Мен акчаны башкача жол менен эле табам». Күңкүлдөгөн Эрмек апасынын көз жашына караган жок. Ал эми атасын ал эбак эле киши санынан чыгарып койгон. Ал жаткан бөлмөгө кирип да койбойт. Качандыр бир кезде азизиндей ыйык көргөн атасы ага азыр бар болгону майып чал болчу.
Кир жууп жаткан апа көз жашын шыпырып алды. Апанын ыйлаганынын жөнү бар эле. Мындан үч күн мурун үйдү тазалап жатып Эрмектин керебетинен көп акча таап алган. Мынчалык көп акчаны көрбөгөн апанын жүрөгү мыкчыла түштү. «Кайдан тапты муну? Дегеле эмне кылып жүрөт бул бала? Бул соо акчалар эмес...» Уучундагы акчаларды селдейип карап тура берген эле апа. Ушул учурда баласы кирип келген. Иштин жайын дароо түшүнгөн Эрмек апасына «корс» этип бир тийди.
– Менин бөлмөмө кирбе дебедим беле! Эмнеге менин буюмдарымды аңтарасың? Эмне издегениң бар?
– Бул кайдагы акчалар, Эрмек?
– ...
– Эмне болуп баратасың, балам? Мен сени ушундай адам болсун деп чоңойткон жок элем го... Атаң...
– “Атаң... атаң...” дей берип тажатып бүтүрдүң мени. Майып немени багып өз башыңды азапка салганча карылар үйүнө өткөрүп бер да. Мындайларды бага турган жерлер бар.
– Эмне? Эмне деп жатасың? Өз атаңа ушинтип айтканга кантип оозуң барды?
– Жалаң ошонун айынан ушундай жашоодо жашап жүрөбүз. Болбосо...
– Акмак!
Көзүнөн жаалы чачыраган апа Эрмекти чаап жиберди. Бетине акчасын ыргытты.
– Ме! Көзүмө көрүнбө экинчи! Сенин арамдан тапкан акчаңдын кереги жок бизге...
Эрмек бир топко апасын карап тур­ду да, эшикке бет алды. “Карс” жабылган эшикти тиктеген апа өксүп жыгылды.

Өлүм

Атасы менен апасынын үйүнөн чыгып кеткенден кийин да Эрмек “чыныгы эркиндик эми колго тийди” деп ойлогон. Андан бери эчен күн өттү. Бирок, ал эркиндик капканга айланаарын билген эмес. Алдынан чыга калган эки караанды көргөндө денеси муздай түштү. Жакындай бергенде бири кекээрлей үн катты.
– Акчаны таптыңбы?
– Жок.
– Эмне, өлгүң келип жүрөбү?
– Балдар, коё тургулачы?! Мен акчаңарды табам. Азыр жок болуп жатат.
Чырылдаган Эрмекти уруп-согуп коркуткан экөө акыркы күндү белгилеп кетишти: «Ошол күнү таппасаң бул дүйнөгө жашайм деп ойлобо!»
Денеси жанчылып, эмне кылаар айласын таппай онтогон Эрмек ойлонуп отуруп калды. Кайдан табуу керек? Тааныштары да жок. Эмне кылаарын билбей ойлонуп отуруп, апасынын акча чогулткан карапасы эсине түштү. Эсинде, кичинекейинен бери апасы ошол карапага акча бекитчү. Эч качан ал карападан акча үзүлчү эмес. Ошол карапа көз алдынан кетпей койду. Акыры ал карапаны уурдап чыкмай болду.

ххх

Караңгы түндө түйшөлүп уктай албай жаткан эне акырын ордунан турду. Абышкасынын демин тыңшап бир аз турду да, өзүнүн каны катып суусап кеткенин туюп ашканага жө­нөдү. Ушул учурда кимдир бирөөнүн шарпасын уга койду. Дабыш төркү үйдөн чыгып жаткандай. Ууру! Калтырап кеткен денесин түздөй акырын төркү үй жакка басты. Эрмек ушул учурда чыгып келе жаткан эле.
– Сен... Сен белең?
Эненин көмөкөйү ката түштү. Баласынын колунан акча чогулткан карапаны көрө салды.
– Сен... өз үйүңө ууруга кирип... Жетээр жериңе жеткен экенсиң го, шордуум.
– Эмне десең ошол де. Мага акча керек, апа. Сен баары бир түшүн­бөйсүң.
Эрмек эшикти көздөй баса берди.
– Ташта дейм, Эрмек! Ал атаңдын дарысына деп чогулткан акча. Сен аны алып кете албайсың. Ташта дейм!
Апа чырылдап колуна жабышты. Эрмектин ансыз да кайнап турган жини кычап кетти. Ачуу менен колундагы карапа менен апасын уруп жиберди. Күчтүү урулган соккудан апасы кулап түшүп, дымы чыкпай калды.
– Апа...
– ...
– Апаке...
Чочуп кеткен Эрмек аттап-буттап жетип апасын кучактай калды. Анын денеси муздап бара жаткан эле. Денеси «дүр-р» эткен уул апасын баса жыгылды.
– Апаке, кечир мени...
Анын өксүгөн үнү караңгылыкка сиңип жатты.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан