Жаңы клип
Самат Дөөлөтбаковдун “Алыстык” аттуу жаңы клиби жарык көрдү. Анда сүйүүсүн издеген сокур кыздын кыялы чагылдырылат. Аталган клипти медиа-порталдан көрө аласыздар.
Клиптин аталышы – “Алыстык”
Режиссёру – Сүйүн Откеев
Идеясы – Самат Дөөлөтбаковдуку
Кеткен каражаты – Болжол менен 2000 доллар
Тартылган жерлер – Бишкек шаарындагы сейил бак, Антальядагы Аспендоз амфитеатры.
Сүйүн Откеев, режиссёр:
– Саматтын “Жаш баланын ыры” деген ырына клип тартылганда дагы иштешебиз деп сүйлөшкөнбүз. Ошондо эле ушул “Алыстык” клибинин идеясын айткан. Бишкекте тартылган кадрларды “Media star” студиясы, Түркиядан тартылган кадрларды ТРТ каналы тартты.
Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
– Ырдын обону да, сөзү да мага таандык. Бирок сөзүн Чыңгыз Мырзаев редакциялап берген. Ырга бир жыл мурун эле аранжировка жаздыргам, бирок өзүмдүн аткаруум жакпай калып, кайра иштеп чыктым. Бир сөз менен айтканда, көрүүчүлөр “анча болбой калыптыр” дешпесин деп аябай аракет кылып, кооз жерлерди көбүрөөк чагылдырдык.
Ырдын «Алыстык» деп аталышы, жигит менен кыз эки башка өлкөдө жашаганына карабай, ал гана эмес, бири-бирин тааныбай туруп күтүү сезимдерине кабылышат.
Түркиядан тартылган кадрлар да бар дебедикпи, ал мындайча кошулган. Түркиянын ТРТ каналы мени бир көрсөтүүсүнө чакырышкан. Көрсөтүүгө барганымда мага клип тартып бермей болушкан. Ошентип, Аспендоз амфитеатры чагылдырылган кадрлар августтун ортосунда тартылган.
Сюжет боюнча, сейил бакта отурган кыз кыялын сүрөткө айлантып тарта берет. Сүрөтү ойдогудай чыкпаган үчүн тарткандарын улам жаратпайт. Кыз акыры өмүрүндө көрбөгөн мени кыялданып кагазга түшүрөт. Ушул сүрөтү өзүнө жаккан үчүн ыргытпай отургучка таштап кете берет. Ал туруп кетери менен ошол отургучка мен келип сүрөттү карап калам.
Башкы каарман болгон кызды кастинг менен мындан бир жыл мурун тапкам. Аты – Нурбина. Ал сүрөтчү сокур кыздын ролун аткарганы менен, көзү жакшынакай эле көрөт. Ал эми саксофон ойногон жигит – “Дельмар” тобунун экс-солисти Ролан.
Менимче, турмушта карама-каршы келген нерселер кызыктуу. Мисалы, кассада бир адам отурат дейли, анын бизге белинен өйдө жагы гана көрүнөт эмеспи. Бери чыга келсе эле майыптардын арабасында отурган, буту жок адам. Ошонун сыңары, сокур адам сүрөт тартса, көрүүчүлөрдү ойго салат. Ошондуктан клиптеги кызды азиз кылып койгом.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg