ПАНИКАЛЫК АТАКА – КОРКУУ, ЧОЧУЛОО КҮЧӨГӨНДӨ ПАЙДА БОЛЧУ ПРИСТУП

Кээде бир маселени узакка ойлоп, тынчсызданып, стрессте жүргөн күндөрдүн биринде күтүүсүздөн эле катуу коркуу, чочулоо жаралып, кара тер басып, ооз кургап, денени майда калтырак басып чыгат. Мындай абал медицинада “паникалык атака” деп аталат. Паникалык атака деген эмне жана андан кантип арылуу керектигин психотерапевт Муратбек Султанбеков айтып берди.

КҮТҮҮСҮЗ ЖЕРДЕН ПАЙДА БОЛУП, АЗ ГАНА УБАКЫТКА СОЗУЛЧУ КОРКУНУЧ

Паникалык атака – бул дайыма күтүүсүз жерден пайда болуп, аз гана убакытка созулчу күчөгөн коркунуч, тынчсыздануу. Башкача айтканда, адамдын психикасында коркуу, чочулоо күчөй түшкөндө пайда болгон приступ. Ушул учурда канга стресстин гормондору болгон адреналин менен норадреналин куюлат. Андыктан пульс менен артериалдык басым жогорулайт, дем алуу ылдамдайт, катуу коркуу, тынчсыздануу жаралат, буларды адам өз эрки менен баса албайт. Паникалык атакада коркунуч мээде гана жаралат, реалдуу жашоодо чыныгы коркунуч жок. Приступ 1 айда же 1 күндө бир же бир нече ирет кармашы мүмкүн. Кээде 1 сутка ичинде эле 5-6 же андан көп приступ болуп кетиши ыктымал. Узактыгы орточо эсеп менен 5-30 мүнөткө чейин созулат.

Паникалык атака оорулардын катарына кирбейт, болгону симптом (белгилери гана бар). Адамдын дени соо, бирок өзүндөгү коркунуч, коркуу сезими менен күрөшө албайт. Бирок адам паникалык атака менен күрөшө албай 1-2 жылдап жүрө берсе, ошондо гана психикалык бузулуу катары каралат. Паникалык атакага туш болуу үчүн адам узак убакыт бою бир нерселерден тынсызданып, коркуп, чочулоо абалында жүрүшү керек.

ПАНИКАЛЫК АТАКАГА ЖЕТКИРҮҮЧҮ СЕБЕПТЕР

Соматикалык оорулар.
1) Жүрөк-кан тамыр оорулары. Мисалы, аритмия, гипертония, гипотония, инсульт же инфарктан кийинки абал жана башкалар.

Жогорку кан басым оорусу барлардын кээде кан басымы кайсы бир себептерден улам көтөрүлүп түшө бериши мүмкүн. Мындайда адам “бир күнү өлүп каламбы?” деп корко баштайт да, ал коркунуч мээге сиңип, паникалык атаканын жаралышын шартташы мүмкүн. Инсульт, миокарддын инфарктына кабылгандар башынан өлүм коркунучун өткөргөндүктөн, бир нерсе болсо эле оюна дароо өлүм түшүп корко берип паникалык атаканы жаратып алуулары мүмкүн.

2) Бронхиалдык астма. Оорусу кармап муунгандай абалга туш болгондо өлөмбү деп катуу корко башташы мүмкүн.

3) Ички бездер оорулары. Атап айтсак, кант диабети, өспүрүм курактагы гормоналдык өзгөрүүлөр.

Тукум куучулук, стресс, депрессия, фобия, ар нерселерди жүрөккө жакын кабыл алуу, бир нерселерди ойлоп кечке сарсанаага бата берүү, нервдин чарчашы, бирөөнүн каза болгонун көрүп калуу, автокырсыкка кабылуу жана башка. Мисалы, бир адам бир кезде бирөөнүн кайсы бир оорудан каза болгонун билип калган болсо жана кийин өзү ошондой оору менен ооруп калса мен да өлүп каламбы деп корко берет. Аягы паникалык атакага жеткириши мүмкүн.

Паникалык атаканын соматикалык белгилери:

  • Жүрөктүн, пульстун бат-баттан кагышы
  • Баштын чыңалып ооруп чыгышы, баштын айлануусу, ооздун кургашы, кара тер басуу
  • Аба жетишпей муунуп бараткандай сезилип, бат-бат дем алып баштоо
  • Көкүрөк сайгылап оорутуп, денени майда калтырак басуу
  • Өлүп каламбы, эмне болуп кетет деп коркуу
  • Кол-буттун чымыроосу, уйкусуздук
  • Өзүмдү башкара албай каламбы, кулап каламбы деп кыймыл жасагандан коркуу
  • Кан басымдын канчалык бир өлчөмдө жогорулашы. Айрым учурларда көңүл айлануу, кусуу

Конгантивдүү белгилери:

Паникалык атаканы бир нече ирет баштан өткөргөндөн кийин адамда кийинки приступту күтүп коркуп жашоо абалы жаралып калышы мүмкүн. Пристубум кармайт деп өзүн ыңгайсыз сезген жерден, мурун өзү коркуп калган абалга чалдыгуудан качат. Атап айтсак, эл көп ызы-чуулуу же бир да адам көрүнбөгөн ээн жерден, эшик-терезелери жабык караңгы бөлмөдөн, учактан, унаадан, лифттен.

Мисалы, бир ирет унаада кетип баратып ал түшкөн унаа жол кырсыгына кабыла жаздаса же кабылса да кийин унаага отурары менен ошол окуяны эстеп корко берет. Жыйынтыгында паникалык атака жаралат. Ээн жерде кетип баратып оорусу кармап, жардам берер адам чыкпай катуу кыйналгандар кийин ээн жерден жүрбөй коркуп калышат. Башкача айтканда, паникалык атаканын себеби фобия да боло алат.

НЕГАТИВДҮҮ ОЙЛОР ЖАРАЛАТ

Паникалык атака менен жашаган адамда уйкусу бузулат, негативдүү ойлор жарала баштайт. Мисалы, жинди болуп кетемби, айыкпас ооруга чалдыккам го деген сыяктуулар. Адам паникалык атакага иш жасап жаткан кезде, тынч отурганда, көчөдө, эл арасында, жалгыз калганда, кече-тойдо отурганда, унаада, учакта жана башка жерде деле учурай берет. Айрымдар өзүнүн дайынын таба албай ары-бери басат, ар кимдин тынчын алат. Эмнеге минтип жатам, ооруга чалдыктым окшойт деп айрымдар кардиолог, неврологго же башка врачтарга баруусу мүмкүн. Пристубу кармаганда эмне кыларын билбей “Тез жардам” чакыргандар да кездешет.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери айрыкча жүрөк-кан тамыр, бронхит, бронхиалдык астма, кант диабети оорусу барлардын арасында жөтөлүп калса эле коронавируска чалдыктымбы, эки оору кошулуп өлүп каламбы деп корккондор бар. Минтип чочулап, корко берүү акыр түбү паникалык атакага жеткирерин ойлоп, жаман ойдон качуу керек.

Студенттер сынак кезинде, айрымдар операция болор алдында, үйлөнүү үлпөт той алдында же диагнозун тактатуу үчүн компьютердик томографияга түшүп, жыйынтыгын күткөн кезде жана башка учурда жеңил, бир жолу кармап өтүп кетүүчү паникалык атаканы башынан өткөрүшү мүмкүн.

ДАРЫЛОО

Паникалык атаканы башынан өткөрүп жаткан адам алгач терапевтке барып текшерилүүсү керек. Врач адегенде анда өнөкөт оорулары барбы же жокпу, ошону тактайт. Оорусу болсо ошого жараша кардиологго, невропатологго же башка врач адиске дарыланууга жиберет. Алар дарылоодон тышкары психиатрдан же психотерапевттен да дарыланып, паникалык атакадан арылууну сунушташат.

Психиатр же психотерапевт атайын сеанстардан тышкары нервди тынчтандыруучу каражатты, витаминдерди жазып берет. Приступ кармаганда жасап, коркууну жеңип кетүүгө боло турган көнүгүүлөрдү үйрөтөт. Жаман ойлорду ойлобой алаксуу үчүн сейилдөө, спорт, йога, медитация менен алектенүүгө кеңеш берет. Айтып кетчү нерсе, нервди тынчтандыруучу дарыга көнбөө керек. Анткени ага көнүп алса жана ошол дары жанында жок болуп калса кайра паникалык атака башталат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан