B ТОБУНДАГЫ ВИТАМИНДЕР ОРГАНИЗМДИ ВИРУСТАН КОРГОЙТ

B тобундагы витаминдер жалпысынан организмдин коргоочу күчүн жакшыртат, инфекцияларга, анын ичинде вирустарга, коронавируска да туруштук беришин жогорулатат. Булчуңдардын өсүшүнө, клеткалардын иштешине катышат жана башка. Андыктан алар кайсы жашылча-жемиштерде бар экенин билип, колдонуңуз. Анын үстүнө азыр жашылча-жемиштердин бышып жаткан кези. В тобундагы витаминдердин ичинен эң көп колдонула тургандары B1, B2, B3, B5, B7, B9. Анда эмесе, ар бири эмне роль аткарарынан маалымат берели.

B ТОБУНДАГЫ ВИТАМИНДЕРДИН ЖЕТИШПЕСТИГИНИН БЕЛГИЛЕРИ

Организмдин ооруларга туруктуулугу начарлайт, бат-бат ооруйт. Булчуңдар кичирейет, сезгенет, кол-бут чымырайт

Баш айланат, адам бат чарчайт, чач түшөт

Көз күндөн уяла баштайт, көздөн жаш агат

Тери кургайт, кычышат, эрте картаят. Тамакка табит начарлайт

Бир аз жумуш жасаганда эле жүрөктүн кагуусу ылдамдайт, адам демигет

Нерв системинин иштеши начарлайт, уйкусуздук жаралат жана башка

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан