ТӨРӨТТӨ КАНДАЙ УЧУРДА БАЛАНЫН БАШЫ ЖАРАКАТ АЛАТ?

“Аялдын бир ажалы төрөттө” деген сөз бар. Бул бекеринен айтылган эмес. Анткени адамдан адам чыгуу татаал процесс. Төрөт мезгилинде пайда болгон түрдүү маселелер боюнча Кыргыз медициналык академиясынын №1 акушерлик жана гинекология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Татьяна Теппеева менен маектештик.

– Татьяна айым, айтсаңыз, төрөй албай жаткан аялдын ичин сыгып төрөтүү ыкмасы барбы? “Акушерлер ичимди сыгып отуруп баламдын башын кысып же жанчып өлтүрүп коюшту” деп аялдар жакында редакциябызга кайрылышып, алардын пикирин гезитке чагылдырып берген элек.

– Мурун Союз кезинде андай ыкма бар болчу. Шейшепти эки-үч имерип алып, аны аялдын ичинин үстү жагына коюп, акырындап ылдый тартып отуруп төрөтүп алуу. Кийин буга тыюу салынган. Анткени эне да, бала да жаракат алып калышы мүмкүн. Жатын, жатын моюнчасы, жыныс кынынын чел кабыгы жарылышы мүмкүн. Баланын башы кысылып же жанчылып калышы да мүмкүн. Эгер аялдар арызданышса, анда бул ыкма азыр да колдонулуп жатабы, билбейт экенмин. Ал тургай бир кол менен аялдын ичин имере кучактап ылдый көздөй жайдан сыгып төрөтүү ыкмасы да бар болчу. Буга да кийин тыюу салынган.

– Төрөт учурунда эмнеден улам аялдын жатынына кол салып баланы алып чыгышат? Кыпчуур менен кармап алып чыгам деп баланы майып кылып койгондор да бар дешет.

– Бала башы менен эмес, жамбашы, же буту, же жамбашы менен кошо бир буту тарабынан келип калган учурда, аялдын кан басымы жогорулап кеткенде, төрөт узакка созулуп аял ыйына албай калып бала гипоксияга учурай баштаганда оор абал түзүлөт. Ошондой кезде акушер-гинеколог чечим кабыл алат. Колун салып баланы жыныс кынынан же жатындан алып чыгат. Же вакуум-экстрактор аспабынын жардамы менен алып чыгат. Ал шаймандын башында калпакчасы болот, ошол баланын төбөсүнө жабыштырылат да, акырындык менен баланы тартып алып чыгат. Вакуум-экстрактордун балага зыяны жок.

Азыр колдонулбай калган эски ыкма бар, бирок өлкөдө муну айрым жерлерде колдонуп калышат. Бул баланы металлдан жасала турган акушердик кыпчуур менен алып чыгуу. Кыпчуур эки бөлүктөн турат. Экөөнү баланын башынын эки жагына коюп, анан экөөнүн кайчылашып кошула турган жеринен бириктирсе бекип калат (“замок”), анан баланы ичтен акырындап тартып чыгарат. Экөөнү бириктиргенде күч келбей өзү эле бекисе, анда кыпчуурлар туура жайгаштырылган. Кокус бекибей жатса, анда туура эмес жайгаштырылган. Мындайда күч келтирип бекитип салса баланын башы кыпчылып, жанчылып, оор жаракат алат. Баланын баш мээсинде оору жаралышы же майып болуп калышы мүмкүн. Бирикпей жатса кайрадан оңдоп жайгаштырып, анан кайра кыймылды кайталоо керек.

– Бат төрөт деген эмне жана андай учурда неге аялдын жыныс кыны, чаты жарылып кетет?

– Бул үчүн төрөт жолу, толгоо тууралуу түшүнүк берейин. Төрөт жолу – сөөк жана жумшак ткандардан турат. Сөөк ткандарына жамбаш сөөгү, буга сегиз көчүк (крестец), чычаң кирет да, булар төрөт каналчасын түзөт. Жумшак ткандарга – жатындын төмөнкү бөлүгү, жатын моюнчасы, жыныс кыны, сырткы жыныстык органдар жана жамбаш түбүндөгү булчуңдар кирет. Бала төрөлүп баштаганда башы менен жылып, жогоруда аталгандардын улам биринен экинчисине барып, аларга урунуп отуруп анан сыртка чыгат. Ар бирине урунганда ал чоңоюп ачылгыча бир аз убакыт өтөт, бала ошол жерге ыңгайлашат, баланын башынын көлөмү да билинбегидей өлчөмдө кичирейип отурат. Ар бири чоюлуп ачылгыча күтүү бул органдардын жарылып кетишинен, баланын башынан жаракат алып калышынан сактайт.

Толгоо тун баласын төрөп жаткан аялдарда 10-12 саатка, кийинки балдарын төрөгөндөрдө 8-9 саатка созулат. Эгер төрөт толгоо башталгандан 2 саатка жетпей башталса, бала өтө кыска аралыкта төрөлүп калат, бул бат төрөт деп аталат. Бала, жогоруда айткандай, төрөт жолундагылардын улам бирине жылып, ал жер чоюлуп ачылгыча аярлап турбайт. Бала ылдамдыкта башы менен сөөктөргө катуу урунуп, жолундагыларды жарып өтөт. Мунун айынан бала башынан жаракат алат, жаракат кийин баш сөөктүн алдындагы басым оорусуна жеткирет. Аялдын жатыны, жатын моюнчасы, жыныс кынынын былжыр чели, чаты жарылат.

Бат төрөт аял төрөт үйүндө төрөгөн учурдан тышкары унаада, үйдө төрөп койгон учурларда да кездешет.

– Бала неге каканак суусун жутуп алышы мүмкүн?

– Бала төрөлүп жатканда кычкылтек тартыштыгына (гипоксия) учураганда оозун ачып дем алам деп каканак суусун жутуп алат. Гипоксия кандай учурларда келип чыгат?

Баланын киндиги моюнуна оролуп калса;

Аял өпкө, жүрөк, боор, бөйрөк же башка оорудан жабыркаса жана оорусу төрөт кезинде козголсо, каканак суусу өтө көп болсо, төрөт бат өтсө. Мында аба жана зат алмашуу бузулат.

Врач бала төрөлөрү менен оозу, мурдундагы былжырларды, каканак сууну атайын баллончиктер менен сордуруп алат.

Кээде каканак суу таза болбогон учурлар болот. Бала ичте жаткан учурда заңдайт (микония), заара кылат. Эгер ошол микония каканак сууну киргилт кылып жиберсе жана ошол сууну туулуп жаткан бала көп жутуп алса, анда ал балада пневмония жаралат. Аны алгач реанимацияга, кийин жаңы туулгандардын патология бөлүмүнө которуп, дарылашат.

Каканак суу таза болсо жана аны бала көп жутуп алып, ичке да кирип кетсе сордуруп алгандан кийин калганы ичте сорулуп кетет, зыяны жок.

– Баланын төрөлүү мөөнөтү өтүп кетсе кандай чара көрүлөт?

– Ичтеги балага 40 апта болсо ошол мөөнөт баланын өсүп жетилүү мөөнөтү деп эсептелет. Бирок айрым учурда балага 40 апта толук өсүп-жетилүүгө жетпей калат. Мындайда врачтар дагы 1 апта күтөт. 41 апта болуп бала дале төрөлбөсө, аял кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылат. Төрөт жолдору төрөткө даяр болбосо прериндукция ыкмасы тандалат. Атайын дары ичирилет, дары жатын моюнчасын жумшартат, жыйрылтып кыскартып төрөткө даярдайт. Кайра текшергенде төрөткө даяр болсо аял төрөт залына которулат. Эми индукция ыкмасы колдонулат. Мында толгоону чакыруу үчүн каканак челин (түйүлдүктү курчап турган коргоочу чел) жарышат, венага тамчылатма дары куюшат. Анан аял өзү төрөйт. Эгер аталган ыкмалар жардам бербесе операция жолу менен төрөтүлөт.

Бала 41 аптада туулбаса, анда каканак суу аялдын организми тарабынан кайрадан сорулуп жок болуп баштап баланын өмүрүнө коркунуч да жаралат.

– Баланын төрөлүү мөөнөтүнөн өтө эле эрте суу кетип калса эмне болот? Балага зыяны кандай?

– Эгер каканак суусу кош бойлуулуктун 34 аптасына чейин эле кетип баштаса, аял баланы төрөйм деп чечсе кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылат. Антибиотик жана башка дарылар берилет. 34 аптага чейин пульсу, жыныс кынынан чыгып жаткан суюктуктун өлчөмү, жатыны кандай экендиги, канынын анализи бат-баттан алынып, текшерилип турат. Кокус төрөт жолдоруна инфекция (микробдор) кирип кетсе, анда жыныс кынынан чыккан суюктук сасыйт. Кан анализинде лейкоцит менен СОЭнин өлчөмү көбөйөт. Эгер булар байкалса аялдын организминде сепсис башталып кетпеши үчүн төрөтүү күтүлөт.

Эгер анализдери таза болсо аял баланы 37 аптага чейин көтөрөм десе, анда дале ошол бөлүмдө жатуусун улантат, байкоого алынып, текшерилип турат. 37 аптада төрөтүлөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-08-02 11:42:52
Ар бир аялга женил төрөт каалайм.Окуп жатып коркуп кеттим эстеп алып.
+8
Mubarak
2021-08-02 21:57:03
Айтпаныз мен ал кундорду кайра естеп бир кыйналып алдымго балдарыбызды аллахым мееримдуу балдардан кылсын
+6
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан