ЖАЙЫНДА БАЛДАРГА КАНТИП КАМ КӨРҮҮ КЕРЕК?

Учурда жайдын аптабы, күн ысык. Муну менен катар балдар жайкы каникул учурунда, демек, алар убактысынын көбүн таза абада, сыртта ойноп өткөрүүдө. Бул мезгилди жакшы өткөрүү үчүн ата-энелердин көңүлүн адистердин айрым кеңештерине бурабыз, балдарыңызга буларды жакшылап эскертип түшүндүрүңүз.

1. Уулуу мөмө-жемиш, чөп-чардан сактаңыз. Жай мезгили мөмө-жемиш, жашылчаларды, чөп-чарды таанып-билүүгө эң ылайыктуу мезгил. Булардын кээ бири уулуу да болушу мүмкүн. Андыктан сөзсүз балдар менен биргеликте аларды таанып-билиңиз. Ошондой эле мөмө-жемиштерди, жашылчаларды сөзсүз жууп жеш керектигин жакшылап түшүндүрүү керек.

2. Күндөн коргоңуз. Баланы күндөн коргоочу майлар менен эрте эле тааныштырган жакшы. Ошондой эле күнгө чыгып ойноо убактысын да көзөмөлдөңүз. Муну менен катар сөзсүз түрдө башына күндөн коргоочу баш кийим кийгизиңиз. Күн ачуу тийген учурларды (11:00дөн 17:00гө чейин) түшүндүрүп, ысый баштаганда дароо көлөкөгө жашынуусун эскертиңиз.

3. Курт-кумурскалардан коргонууну үйрөтүңүз. Аары айланып учуп бара жатса, ага карай кол шилтебеш керектигин, кескин жыттуу гигиеналык каражаттарды көп колдонбоону түшүндүрүп, балдар менен сүйлөшүңүз. Анткени кескин жыт курт-кумурскаларды өзүнө тартат. Талаа-түзгө эс алганы чыкканда сөзсүз жеңи, багалеги узун кийим кийгизиңиз.

4. Сууга түшүүсүн көзөмөлдөңүз. Бала сууда мыкты сүзө алса да, же сууда чөктүрбөөчү каражаттар менен жүргөн болсо да бардык кыймылын көз жаздымда калтырбаңыз.

5. Жетиштүү өлчөмдө суу ичириңиз. Баланын өзүнүн кичинекей рюкзагы болгону жакшы. Анда суу менен бөтөлкө болсун. Ысыкта баланын бат-баттан суу ичип туруусу пайдалуу. Баланы ачка койбоңуз, себеби ачка учурунда ысык бат өтөт.

Ушуларды эске алып, жайкы каникулду көңүлдүү жана кызыктуу өткөрүңүз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан