ДҮЙНӨДӨГҮ ГЛОБАЛДЫК ЖЫЛУУЛУК: ЫСЫКТАН САКТАНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

Абанын температурасынын жогорулашы, калктын санынын өсүшү, мөңгү массасынын азайышы, зыяндуу газдардын көп болушу табигый кырсыктардын көбөйүшүнө себеп болууда. Ал эми Кыргызстанда абал кандай? 24-27-июль күндөрү ӨКМ катуу ысык болорун эскерткен. Болжолдогондой эле, +47 +49 градус ысык болгонун термометр көрсөтүп жатты. Бүгүн биз Жер жүзүндөгү климаттык өзгөрүүлөр кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин иликтеп жана ысыктан коргонуунун эрежелерин сунуштайбыз.

АКШ, КАНАДАДА 40 ГРАДУС ЫСЫК

АКШ менен Канада аптаптуу ысыктан, Европа суу ташкындарынан, Кытай менен Орусия токойлордун өрттөнүшүнөн азап тартып, бул бүткүл адамзатты ойлондуруп жаткан маал. Ошондой эле рекорддук жылуулук Түркия менен Түндүк Африка өлкөлөрүндө күтүлүүдө. Ал эми Бразилия менен Түштүк Африкада, тескерисинче, температуранын төмөн көрсөткүчү көп байкалууда. Немис метеорологу Йоханнес Кваас Жер жүзүндөгү мындай климаттык өзгөрүүнү мындан 10 жыл мурун таштандыга ыргытылган зыяндуу заттарга байланыштырат. Бүгүнкү күндөн баштап зыяндуу заттарды ыргытканды токтоткондо деле кылым аягына чейин күндүн ысыгы жогорулай берерин, кыш айлары кыскарып, жылуу болуп баштаарын белгилеген. Окумуштуулар эгер адамдар зыяндуу газды чыгара берсе, аягы жакшылыкка алып келбесин эскертишет. Токойлорду массалык түрдө жок кылуудан баш тартууга чакырышат. Кошумчалай кетсек, кошуна Өзбекстандын окумуштуулары ар мүнөт сайын Өзбекстандын 9 чарчы метр жери чөлгө айланып жатканын айтып коңгуроо кагышкан. Ал эми Дубайда 50 градус ысыктан коргонуу үчүн дрондор менен жасалма жамгыр жаадыруу жолун табышкан. Аптаптуу ысыкта иштөө да көйгөй жаратат эмеспи. Айрым өлкөлөрдө абанын температурасына карап кызматкерлердин жумуш саатын кыскартышат. Мисалы, Орусияда бул жылы катуу ысык болгондуктан +28°C ысыкта жумушту 1 саатка,+29°C эки саатка, +30°C төрт саатка кыскартуу сунушун киргизген.



“47, 49 ГРАДУС ЫСЫК БОЛДУ ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС”

Асылбүбү Маткеримова, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Гидрометеорология агенттигинин Метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы:

– Глобалдуу жылуулук Жер жүзүнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө болуп жатканына байланыштуу Кыргызстанды да бул көйгөй кыйгап өткөн жок. Күн катуу тийген сайын артынан катуу жаан-чачын болот, тынымсыз жаандын жааганы суу ташкындарына алып келип жатат.

Кыргызстан боюнча айтсам, бизде абанын эң жогорку температурасы 1983-жылы катталган, анда 30-июлда 42,8 градус ысык болгон. 2015-жылы 42,1 градус ысык болсо, 2018-2019-жылдары жана 2021-жылы 41 градуска чейин ысык болду.

Быйыл чектен ашкан ысык болот деп 2 жолу шашылыш билдирүү тараттык. Биринчиси – июль айынын башында, экинчиси – июль айынын 24үнөн кийин орун алды. Ал эми 24-27-июль күндөрү болгон аномалдуу ысыкта эл күндүн температурасын +47 +49 деп айтып, жазып жатышты. Бул туура эмес ченелген температура. Абанын температурасы атайын Эл аралык стандартка жооп берген шаймандар менен ченелиши керек. Кадимки термометрлерди дубалга илип, темирге, асфальтка коюп ченесе термометр ошол дубалдын же асфальттын температурасын гана берет, ысыкты тартып алат. Мисалы, термометрди жашыл чөптүн үстүнө коюп ченесеңиз башка градусту көрсөтүшү мүмкүн. Термометр жерден 1,5-2 метр бийиктикте орун алып, асты топурак болушу шарт. Анан да бизде 3 термометр болот, алар максималдуу, минималдуу жана азыркы учурдун температурасын көрсөтүп турат. Август айына болжолдуу температураны айтсам, айдын биринчи он күнүндө 36-39 градуска чейин ысык болуп, андан кийинки күндөрү ысык 30-35 градустун тегерегинде болот.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bela77
2021-08-02 12:38:58
Туркия орттонуп атат ысыктан...адам омурун алган случай болду...жер планетасы ысый берет окшойт мындан ары.Аябай оор койгой болду,элдин баары азыр шаардан качып чет жак салкын жактарга кача башташты,шаар четиндеги жер тилкелердин баасы бир болмолуу квартиранын баасындай эле болуп калыптыр азыр.

0
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан