СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Айдана анын купкуу жүзүн тиктеп, эмне дээрин билбей турду.
– Мен...
– Эч нерсе деп айтпа. Мага сенин аянычыңдын же актанууңдун кереги жок. Демек, тагдыр ушундай экен. Билесиңби, мен өзүмдүн тагдырым менен жашабагандай сезиле берчү. Кимдир бирөөнүн тагдырын, жашоосун карызга алгандай сезим жанымды кыйнай берди. Эми... Эми сен өзүңдүн ордуңа кайтып келишиң керек. Бирок мен сага Рустамды гана эмес, баламды да таштап кеткенге аргасызмын.
– Суранам, антип айтпачы.
– Кызык, мындай болору экөөбүздүн тең түшүбүзгө кирбесе керек, ээ?
Айдана көз жашын төгүп ыйлап жатты. Айнура аны таң кала тиктеп алды.
– Сен эмнеге ыйлап жатасың?
– Билбейм...
– Билесиңби, Рустам сени эмнеге катуу сүйөрүн түшүнө алчу эмес элем. “Эмнеси менден жогору, эмнеси менен мынчалык байлап алды?” деп көп ойлончумун. Азыр анын сүйүүсүн түшүнүп турам. Анткени экөөң тең өзгөчө адамгерчиликтүү, адамдык милдетти ыйык койгон адамсы­ңар. Силер өлсөңөр өлөсүңөр, бирок принцибиңерден, адамгерчиликтин жолунан тая албайсыңар. А мен андай эмесмин. Мен баарын өзүмдүн пайдама чечем. Өзүмчүлмүн. Мээрим бере албаганым менен, мээримди ашыкча талап кылам. Азыр да сени өз пайдама пайдаланып жатам. Сен аны сезип турасың. Сезгениң менен, менин сунушумдан баш тарта албайсың.
Айдана ыйлап жатты. Ал көп нерсеге ыйлады. Рустамга, анын баласына, өзүнүн көзү бакырайган кызына, өзүнөн сүйүү күтүп үмүтүн үзбөй келген күйөөсүнө, алтургай маңдайында турган Айнуранын абалына ыйлады. Бардыгын айлан-көчөк кылып чырмаштырып койгон тагдырына таарынып ыйлады. Айнура аны тиктеп отура берди. Ал чындыгында эле күчтүү аял болчу. Күчтүүлүгү бул жакта турсун алдын ойлоп, ар бир кадамын санап, кадам шилтеген акылдуу болчу. Мына, Айнура ушундай жан эле.

ххх

Көз байланып калган учур. Машинасынан түшпөй кыжалаттанып отурган Рустам Айдананын караанын издеп жатты. Күндө студиясынан ушул маалда чыгып кетерин билет. Күндө ушинтип жалдырап отуруп, кантип чыгып, кантип машинасын айдап кеткенге чейин байкайт да, алдынан тосо чыгып бир нерсе айтканга даабайт. Көз ирмем караанын көрүп алганына жаш балача сүйүнүп, делөөрүп алып үйүнө кетет. Өзүнүн жоругуна өзү күлкүсү келип, башын кашып алмайы да бар. Бирок айласы канча? Келбей койгонго жүрөгү түтпөйт. Алдынан тосуп чыгып сүйлөшүүгө эрки жетпейт. Ошентип, башы маң болуп жүргөн учуру. Жолукканда сезими дүрт этип алды-аркасын каратпай шаштысын аларын сезип, ошол чоң күчтөн коркуп, даай албай жүрөт.
Бул жолу да ушинтип отурган боюнча, балким, кайтып кетмек. Адаттагыдай эле таканын тыкылдаган дабышы өзүнүн машинасынын жанынан өтүп бараткан.
Жүрөгү кошо дүкүлдөгөн Рустам эрксизден машинасынын сигналын басып-басып алды. Селт чочуган Айдана эсин жыйып-жыя электе машинадан ыргып чыкты.
– Сенби?
– Кечирип кой, коркутайын деген эмесмин. Жаш баладай болуп...
Эмне кыларын билбей бир кызарып, бир бозоргон Рустамдын абалы боор ооругудай эле. Айдана күлүп жиберди. Айдананын күлкүсү өзгөчө эле. «Ошол боюнча эле калган экен. Таптаза, жаш баланыкындай шыңгыр, жүрөктөн чыккан күлкү...» Рустамдын жүрөгү элжиреп кетти. Азыр шарт колдон ала алыска, алыска алып жөнөгүсү келди.
– Күндө эле ушул машина кечке маал пайда болуп калганына таң калып жүрчүмүн. Көрсө, сен экенсиң да...
– Даай албай жүрдүм. Бүгүн да өтүп кетмекчи болгонуңда кантип сигналды басып алганымды билбей калдым.
Айдана колун чапкылап, так секирип сүйүнүп алды. Бул жоругуна ошол замат уялып кетти.
– Карасаң, мен байкуш катуу сүйүнүп алганымды.
– Айдана, жүрү кеттик.
– Кайда?
Чын эле кайда? Азыр го кол кармашып кетип кала алышат. Анан кийинчи? Мурун жүрөгүн катуу оорутуп, ара жолдо калтырган. Эми да ушинтеби?
Рустам карбаластап кетти. Кабагын жарк эттирген Айдана машинасын бекитип келип, Рустамдын машинасына отура калды.
– Мен келгенден бери эч кайда бара элекмин. Балким, ресторанга чакыр­асың. Курсагым аябай ачып турат.
Аз убакыт өткөндөн кийин эле экөө жакшынакай кафелердин биринде отурушту. Оо, Айдана көптөн бери мындай тамак иче элек эле. Жалгыз башына эч нерсе жасагысы келбей, эптеп курсакты тойгузумуш болуп жатып калчу. Рустам аны жылмайып тиктеп турду.
– Тамак жегениң баягыдай эле экен.
– Кандай?
– Алдыңдагы тамакты бирөө тартып кете тургандай тез жечү элең го... А мен сага “болду эми, эл көрсө уят. Дагы толтура заказ кылабыз, шашпай же” дей берип койдура албай койгом.
– Дагы эмнем өзгөрүлбөптүр?
– Күлкүң, үнүң, көздөрүң... Баягыдай ишенчээк, жумшак, мээримдүү көздөр...
Айдана Рустамга тигилип турду. Ушул көз карашта сөз менен айтып бере алгыс куса, сүйүү бар эле. “Сагындым, ушунчалык сагындым. Ушинтип көздөрүңдү тиктеп отурган учур болбойт го деп ойлогом. Баары бүттү, эми артка кайтыш жок дегем. Ошого өзүмдү зордоп көндүргөм. Бирок болбойт экен. Балким, Айнура айткандай, алсыз, намыссыз жандырмын. Карачы, убагында сен төрөлө элек балаңдан баш тарта албадың эле. А мен тили чыгып “апалап” калган кызымдан баш тартып, сага келе бердим. Сени бир көрүү үчүн! Сенин көздөрүңдү бир тиктеп алуу үчүн... Бул үчүн мени тагдыр катуу жазалашы мүмкүн”.
– Мен өзгөрүпмүнбү?
– Ооба, галстук тагынганды жаман көрчүсүң. Эми дайым тагынып калыпсың.
Экөө тең күлүп алышты. Көпкө отурушту. Өткөн-кеткенди, чогуу өткөргөн күндөрүн, күлкүлүү жоруктарын эстешти. Бирок беш жылдык убакытта эмне болгонун, кандай жашоону башынан өткөргөнүн бири-биринен сураганга даай албай турушту. Сөздөрү бүткөндө тек гана тиктешип отура беришти. Анда-санда жылмайып коюп бири-бирин тиктеп отурган экөөнү көрүп, официанттар да өз ара күбүрөшө башташты.
– Эмнеге эле тааныш көрүнүп жатат дейм да. Бул деген Рустам Исаев менен Айдана деген ырчы кыз эмеспи.
– Койчу, ошолорбу?
– Ошолор. Бир кезде экөөнүн ырлары аябай хит болгонун билесиңерби? Азыр деле радиолордон берилип калат го. Сонун ырлар болчу.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
venadina
2010-11-12 20:08:25
Эх.... СУЙУУ,СУЙУУ, СУЙУУ! Суйуу бар учун жашоо керемет.
+1
meerime
2010-11-13 02:03:18
butoiun dedibi...?
0
Baichechekey
2010-11-13 15:32:43
Баракелде Нуржамал эже талантынызга таазим!Мыкты чыгарма.
0
Tokmok
2010-11-13 15:42:01
dagy bir az koburookdon jazgylachy suranych.... Kitepti tolugu menen kirgizip koiboisunarby. Je oshondoi jer achypkoigula ozuncho. Bashka tilden da kotorulgan kitepter bolso koiyup koisonuzdar abdan jakshy bolot, rahmat
0
Nuray
2010-11-13 18:17:55
"köbyröök jasgyla4y"!!! dep oturup bytöt ekenbiz da! )))
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан