6 ЖИГИТТИН ОРТОСУНДА ЧЫККАН ЧЫР КАНДУУ КАРГАШАГА АЙЛАНДЫ

17-июлда Өзгөндүн Жылышма деген жайлоосунда кейиштүү окуя катталды. 6 жигиттин ортосунда чыр тутанып, аягы кандуу каргаша менен аяктады. Жигиттер учурда ооруканада жатышат. Бул чырдын башкы каармандары деп атактуу бир тууган Кадыралиевдердин балдарынын аттары аталууда. Биз чырдын чоо-жайын иликтеп крөдүк.

“СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ”

Ош ОИИББинин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча төмөнкүдөй маалымат таратты:

– 2021-жылдын 18-июль күнү Ош ОИИБине Өзгөн районуна караштуу Кочкор-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну Б.Б. арыз менен кайрылган. Анда ал 17-июлда саат 21:30 чамасында 28, 33 жаштагы уулдары жана 32 жаштагы күйөө баласы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жылышма жайлоосунда У. уулу А. аттуу жигит жана анын достору менен эч бир себепсиз урушуп, денелерине жаракаттарды келтиришкендигин билдирген.

Бул арада экинчи тарап 2021-жылдын 18-июль күнү Куршаб айылынын 20 жаштагы тургуну К.А. “2021-жылдын 17-июль күнү саат 21:00 чамасында Жылышма жайлоосунда мени жана инилерим: 19 жаштагы С.Ж. жана 16 жаштагы К.Мны Кремль айылынын тургундары Ч.Б. жана Б.уулу И., ошондой эле М.А. аттуу балдар урушту” деп арыз жазып, Өзгөн РИИБине кайрылган.

Жогорудагы факты Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

22-июлда соттук-медициналык, биологиялык экспертизанын корутундуларына ылайык, Б. уулу И. менен Ч.Б. денелеринен оор жаракат алгандыгы, ал эми М.А. ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракатын алгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 23-июль күнү сотко чейинки өндүрүш иштин квалификациясы Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолугуна оор зыян келтирүү) 2-бөлүмү менен квалификацияланып өзгөртүлгөн.

23-июлда Өзгөн райондук сотунун чечими менен С.Ж. жана К.А. аттуу жарандар камакка алынган.

“БАЛАМДЫ БАЛТА МЕНЕН БАШКА ЧАПКАН”

Жабырлануучулардын атасы Базарбек Баатыров:

– 17-июлда эки балам жана күйөө балам Жылышма жайлоосунда чөп чаап жүрүшкөн. Ошол учурда сээп койгон эгиндин ортосуна К.А. аттуу бала келип атын оттотот. Эгиндин четинде анын шериги Д.П. аттуу жаран карап турган. Кичүү балам “бул биздин мээнет кылган наныбыз, атыңды алып кет” деп кыйкырат. К.А. укпай койгонунан кичүү уулум чуркап келип “бул эмне кылганың?” десе, ал “жол таппай жатам, жол салып койбойсуңбу?” деп баламды камчы менен башка чаап, “мен сага дагы көрсөтөм” деп качып кетет. Болбосо эгин айдалган жердин тегерек-четинин баары жол. Балам башын кармап отурганда күйөө балам көрүп калып, жайлоодогу чатырга жөнөтөт. Бирок уулум бул окуя тууралуу чатырдагы эжеси менен жеңесине ооз ачпай, канаган башын булакка жууйт.

Ошол күнү кечки саат 21:00дөр чамасында жанагы эки бала 10-15тей баланы чогултуп келет. Ага чейин ошо жерде жүргөн бир окуучуну чатырга ширеңке сурап кел деп жумшап, ал жерде кимдер бар экендигин билишет. Кечинде кичүү баламды Данияр деген бала сыртка чакырат. Аны агасы байкап калып чыгарбай коёт. Жарым сааттан кийин жанагы балдар кичүү уулумду кайра чакырышат. Ошондо улуу балам уктап кетиптир. Келиним ойгоо экен. Сырттан баламды 20 метрдей ары жакка алып барып, эс-учун жоготкуча сабап салышат. Келиним уктап жаткан баламды ойготот. Уулум чатырдан чыгып бара жатканда эшиктин оозун тосуп турган бирөө аны балта менен башка чабат. Ошол учурда баламдын баш сөөгү мээсине кирип кеткен экен. Ал ошол жерден эсин жоготот. Ары жактагы чатырда жаткан күйөө балам ызы-чууну угуп сыртка чыгат. Аны да айры, таяктар менен токмоктоп кетишет. Бул балдар Кадыралиевдердин балдары. Алардын алы жетмек эмес, буларга бөлөк спортчу балдар көмөктөшкөн.

“КАДЫРАЛИЕВДЕР АБАЛЫНАН ПАЙДАЛАНЫП ЖАТЫШАТ ОКШОЙТ”

– Кызым мага телефон чалган учурда байбичем экөөбүз кыштактан жайлоого бир заматта жетип келдик. Келсек үчөө кансырап жатышкан экен. Дароо Ош облустук ооруканасына алып келдим. Эгер жарым саат кечиккенде улуу баламдан айрылып калмак экенбиз. Азыркы күндө да өзүнө келе албай жатат. Кичүү балам эми (27-июль) эсине келди. Күйөө баламдын абалы канааттандырарлык. Ооруканага түшкөн күнү дарыгерлер өздөрү милицияга кабар беришти. 20 мүнөттүн ичинде Ош ОИИББинен тергөөчүлөр келишти. 18-июлда ооруканага участковыймын деп чолок шым, футболка кийген жигит келди. Жанында милиция экенин тастыктаган күбөлүгү да жок экен. Ал эч нерсе кылбай эле балдардын абалы менен таанышып кетти. Эртеси дагы бир тергөөчү келип балдарымды сабаган балдар бизге каршы арыз жазып, ооруканага түшкөнүн айтты. Көрсө, алар окуянын эртеси эле “Тез жардам” чакыртышып, балдардын үстүнөн арыз жазышкан экен. Кыскасы, милициялар биз тарапка эмес, алар тарапка иштеп жатканынан Өзгөн РИИБинин алдына пикетке чыктык. Ошондо РИИБдин жетекчиси силердин бала жоопко тартылып калышы мүмкүн дегендей кылды. Кадыралиевдерди Ош облусу боюнча баары таанышат. Булар абалынан пайдаланып жатышат окшойт. Бул үй-бүлөнүн башка кылыктары да бар.

“ҮЧ БАЛАМДЫ КАТУУ САБАШКАН”

Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн балдардын апасы Кызжибек Карабаевага байланышканыбызда, ал 1 баламдын башын жарып салышты дейт:

– Окуя болгон күнү түштө улуу балам үйгө маанайы жок, буту аксап келди. Эмне болду деп сурасам, “жайлоодон чөптү пресстейин десем, мени Б. уулу И., Ч.Б. жана М.А. аттуу балдар урушту” деди. “Эмне себептен урду?” десем, “бул биздин жер, эч кандай чөп жыйбайсың деп айтты” деди. Ошол учурда күйөө баласы айры менен баламды башка чаап, далысын түшүрө койгон экен. Балам түштөн кийин 2 инисин алып кайра чөпкө жөнөмөй болду. Ошондо урушпагыла деп эскерткем. Бирок кечинде ушундай жаман окуя болгонун уктук. Алар кичүү балдарымды кошуп сабашкан экен. Учурда 3 баланын тең абалы оор. Биринин башын балта менен жарышкан. Азыр эки балам сурак берип жатат. Экинчи тарап митинг уюштуруп жиберишиптир. Күч органдары өздөрү териштирсин деп жатам. Күйөө баласы балдарыма мылтык кезеп, атам дегенде алар качып келе беришкен. Эмнеге аларга мыйзам жок? Эмне себептен менин балдарымды эле каралап жатышат?! Булар кредитин төлөш үчүн бизден акча алгысы келип кара пиар кылып жатышат. Иштин акыйкат каралышын суранам жана талап кылам.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nursul
2021-08-02 19:16:17
Мушташкан балдар менен Аллах билет ким күнөөлүү экенин. Мынчалык болбойт да бирок балталашбай эле чечишип алышса болмок экен.
+2
Eduard71
2021-08-03 12:07:33
кимде акча коп болсо же кимдин таанышы кучтуу болсо ошол тарап женип чыгат.азыркы биздин абал ушундай болуп калдыго.
+2
cyrus
2021-08-04 19:05:27
Кадыралиевтер кан жутушат,жакында
+5
cyrus
2021-08-05 15:10:21
Санжары ит олум менен олду эле дагы деле эсине келбеди булар
+4
Mister-XXX
2021-08-06 17:46:25
Кадыралиевдерге эч кимдин алы жетпей калганбы?Акыретин ойлобогон адамдар экен да.Канжары деле,Орунбеги деле,Ыргалы деле,ата-энеси деле эмне кылганын тушунбой жатышат окшойт.Байлык колдо барда,ыйманыздардын коздорун май басып калат-деген туура окшойт.
+1
kyrqyz
2021-08-07 19:32:08
Кимдер Кадыралиевдер?
0
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан