ЖЫЛМАЮУНУН АРТЫНА КАЙГЫСЫН ЖАШЫРГАН МЕЛИСА ДӨНГЕЛ

Бардык эле адамдарга жылмайып жүргөн жарашат. Бирок психологдор “дайыма күлүп жүргөн адамдардын жан дүйнөсүндө бороон-чапкын болуп жатышы мүмкүн. Алар күлкүнү коргонуучу калканч катары колдонушат” дешет. Бул сөз бүгүнкү каарманыбызга тиешелүү окшойт деген ой кетти. Түрк актрисасы Мелиса Дөнгел жакында жашоосундагы трагедияны ачыктап, өз атасы зордуктаганын айтып чыкты. Экрандан жаркырап күлүп, позитивдүү адамдын образын жараткан, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган актрисанын өмүр баянына үңүлүп көрдүк.

Аты-жөнү: Мелиса Дөнгел

Туулган жери: Түркия, Стамбул шаары

Туулган жылы: 1999-жыл, 18-сентябрь

Бою: 175 сантиметр

Салмагы: 54 килограмм

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Элиф”, “Фазилет айым жана анын кыздары”, “Эшигимди как”, “Сүйүү. Ой жүгүртүү. Өч алуу” жана башка

АПАСЫ ТАШТАП КЕТКЕН

Мелиса Дөнгел актриса катары көпчүлүккө “Элиф” сериалындагы Сүриянын ролу аркылуу тааныла алды. Татынакай, энергияга бай кыз келечектен көптү үмүттөндүргөн талант эле. Актриса Түркиянын эң ири шаарларынын бири, Босфор кысыгынын жээгинде жайгашкан Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Мелисанын жүзүн карап канында түрктөрдөн башка улуттун каны бар болушу мүмкүн деген ой кетет. Бул ой чындыкка дал келет. Анткени кыздын апасы орус улутунан. Мындан улам Мелисанын орусча таза сүйлөгөнүнө таң калбай деле койсо болот. Эки улуттун өкүлүнөн курулган үй-бүлө эки кыздуу болгондон кийин ажырашып, кыздардын апасы Орусияны көздөй кете берген.

МЕЛИСАНЫН АТЫН ЧЫГАРГАН ТАСМАЛАР

Атасынын колунда тарбияланган Мелиса мектепти аяктагандан кийин Искусство академиясынан билим алып, актрисалык кесипке олуттуу киришкен. Атасынан акча алуудан баш тарткан кыз студент кезинде эле модель болуп күнүмдүк керектөөсүнө каражат таба баштаган. Кино дүйнөсүнө болсо 2014-2015-жылдардан баштап аралаша баштайт. “Элиф” сериалынан кийин режиссёрлордун көзүнө илине алган актрисага “Фазилет айым жана анын кыздары” тасмасына тартылууга сунуш түшөт. Сериал дүйнөнүн жүзгө жакын өлкөсүнө тарап, актёрдук курам болсо дүйнөлүк атактуулукка ээ болгон. Мелисанын андан кийинки көзгө көрүнүктүү эмгегин учурда популярдуу болуп жаткан “Эшигимди как” сериалынан көрсөңүз болот. Ханде Эрчел менен Керем Бүрсин башкы ролдогу тасмада Мелиса Эданын жакын курбусу, юрист Жерен Башардын ролун ойногон. Жерен сериалдын биринчи сезонуна гана тартылганы менен, идеалдуу келбети, энергиясы, жылмаюусу жана башка сонун сапаттары менен көпчүлүктүн эсинде кала алды. Мелисанын кезектеги эмгегин жаңыдан гана экранга чыгып жаткан “Сүйүү. Ой жүгүртүү. Өч алуу” сериалынан бааласаңыз болот.

КИНОДОН СЫРТКАРЫ...

Ылдамдыкты жактырат, болгондо да зуулдата мотоцикл айдаганды сүйөт. Андан сырткары муз үстүндө конькини чимирилте тебет. Бир карасаңыз волейбол ойноп жаткан болот. Телефонунда, машинасында, үйүндө техно жанрындагы ырлар жаңырат. Мода дүйнөсүнө абдан кызыгат, андыктан сулуулук дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардан дайыма кабардар. Америкалык жазуучу Маргарет Митчеллдин “Шамалга буюккандар” романын кайра-кайра сүйүп окуйт. Тасмалардан болсо жакынкы аралыкта көргөн “Кагаз үй” жана “Викингдер” сериалдарын жактырганын айтат. Булардын баары Мелисанын кино талаасынан сырткаркы жашоосу, кызыгуусу.

Бир орунда тура албаган, энергиясы ашып-ташкан сулуунун жүрөгүн багындырган мырзалардын катарында актёр Экин Мерт Даймаз бар. Экөө бактылуу көз ирмемдерди чагылдырган сүрөттөрүн интернет баракчаларына байма-бай жүктөп турушчу эле. Бул таттуу көз ирмемдер көпкө узаган жок. Учурда Мелиса Деңиз Шахин аттуу ишкер менен кыз-жигит мамиледе экени маалым.

АТАСЫ ТҮРМӨДӨ...

Сырттан караган кишиге идеалдуу, эч кандай маселеси жок көрүнгөн актрисанын жашоосундагы айрым фактылар көпчүлүктү бир сестентип алды. Жакында эле Мелиса сенсациялуу билдирүү жасады. Анда ал өспүрүм кезинде бир нече жыл өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтты. Өзүнө келип, кадимкидей жашоосун улантуу үчүн көп убакыт психологдор менен иштешкенин, азыркыга чейин жан дүйнөсүндөгү жаранын оозу жабылбай турганын айтат актриса. Бул кабар чыгары менен зордукчу ата камакка алынды. Мелисанын сиңдиси учурда 17 жашта, мыйзам боюнча кызга кам көрүүчү катары атасы көрсөтүлгөн. “Сиңдим үйдө калып, менин башымдан өткөн кордукту көрбөсө дейм” деген актриса сот аркылуу сиңдисин өзүнүн камкордугуна алууга аракет кылууда. Атасы болсо ага каршы чыгып, кичүү кызын болбоду дегенде балдар үйүнө өткөрөм деген позицияда. Ал эми укук коргоо органдары кыздардын апасы менен байланышканда, ал кичүү кызын өзүнө алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, кыздарынан дагы бир жолу баш тарткан.

Күзүндө 22 гана жашка чыга турган актрисанын башынан кандай азаптуу жашоо өткөнүн элестеттиңизби, окурман? Мына ушундай оор күндөрдү башынан кечирип жаткан Мелисаны колдогон кесиптештеринин, күйөрмандарынын саны арбын. Буюрса, келечекте Мелиса карьерасында да, жеке жашоосунда да жакшы жаңылыктары менен бөлүшөт деген ишеничтебиз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан